ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Индияда катуу ысык болуп, жетекчилер жардам көрсөтүү чараларын карап жатат
Индиянын Орисса штатында уланып жаткан эл каттоо иштерине катышкан эки мугалим ысыктан каза болду.
Индияда катуу ысык болуп, жетекчилер жардам көрсөтүү чараларын карап жатат
Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн катуу ысып жаткандыктан, дарыгерлер элге сактык чараларын көрүүгө кеңеш беришти. / Reuters

Түштүк Азия өлкөсүнүн бир топ аймагында болуп жаткан аптаптуу ысыктан улам, Индиянын бир нече штаты жардам берүү чараларын жарыялады.

Индиянын метеорологиялык департаменти (IMD) шаршемби күнү жарыялаган билдирүүсүндө, Гималай аймагы, Бихардын түндүк-чыгышы жана Индиянын түндүк-чыгыш тарабынан башка өлкөнүн чоң бөлүгүндө күндүзгү абанын температурасы 40-46°C ортосунда экенин маалымдады.

Метеорологиялык департамент эң жогорку температура дүйшөмбү күнү түндүктөгү Уттар-Прадеш штатына караштуу Банда аймагында катталып, 47,6°Cга жеткенин билдирди.

Билдирүүдө: "Индиянын борбордук бөлүгүндөгү обочолонгон же чачыранды аймактарда ысык толкундар 28-апрелге чейин уланышы мүмкүн, андан кийин айрым аймактарда азайшы мүмкүн", - деп айтылды.

Аба ырайы боюнча адистер бул жылы Индияда ысык толкундадын эрте башталганын белгилешти. Индиянын "Skymet Weather Services" компаниясынын төрага орун басары Махеш Палават "Анадолу" агенттигине берген маегинде: "Мунун бир нече себеи бар, алардын ичинде абанын кургак болушу да бар", — деп билдирди. Палават аба ырайы өзгөрө тургандыктан, шаршембиден тарта ысыктын кайтышы күтүлүп жатканын кошумчалады.

Палават шаршемби күнүнөн баштап аба ырайынын өзгөрүшү күтүлүп жатканын билдирди.

Жумушчулар үчүн милдеттүү эс алуу убактысы

Дели штатынын башчысы Рекха Гупта коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында бардык бөлүмдөргө кенен түрдөгү көрсөтмөлөр жөнөтүлгөнүн билдирди..

Гупта жарыялаган чаралардын арасында жумушчулар үчүн саат 13:00дөн 16:00гө чейин милдеттүү эс алуу убактысын киргизүү, ошондой эле аларды суу жана көлөкө жер менен камсыз кылуу талаптары бар.

Дели штатынын башчысы ошондой эле мектептерде балдарды муздак суу менен камсыздоого артыкчылык берилерин жана транспорт департаменти автобус аялдамаларына суу таркатуучу пункттарды орнотоорун кабарлады.

Башка штаттар окуу сааттарын кайра жөнгө салуу сыяктуу чараларды көрүп жатса, чыгыштагы Одиша штатынын бийлиги ысыктан улам дүйшөмбүдөн баштап мектептерде жайкы каникул жарыялады.

Штаттагы уланып жаткан эл каттоо ишине катышкан эки мугалимдин ысыктан каза болгондугу билдирилди.

Өлкөнүн бир топ аймагында температуранын жогорулашы менен дарыгерлер элге алдын алуу чараларын көрүүнү сунушташууда.

Түндүк Индияда пульмонолог Д. Бахера "Анадолу" агенттигине: "Абанын температурасын эске алуу менен адамдар сактык чараларын көрүшү керек. Кары - картаңдар менен бирге коркунуч астындагы топтор этият болушу керек", - деди.

Көптөгөн ооруканалар бейтаптарга жардам көрсөтүүнү күчөттү. Жаңы Делидеги Рам Манохар Лохия ооруканасы бейтаптарга кам көрүү үчүн атайын ысыктан коргоочу бөлүм түздү.

Иликте
Эрдоган: "Стамбул аэропортунун төртүнчү учуп-конуу тилкеси дүйнөлүк байланышты жогорулатат"
Эрдоган: «Түркияны дүйнөдөгү эң кеңири аба каттамдары тармагына ээ өлкөлөрдүн бирине айландырдык"
Израиль күчтөрү Сириянын түштүгүндө рейд жүргүздү
Түндүк Кореянын Орусиядагы заводдорго миңдеген жумушчуларды жөнөткөнү айтылууда
Конго Демократиялык Республикасында эболадан каза болгондордун саны 3577ге жетти
Пакистанда мечитке жакын жерде жардыруу болду: 15 киши каза болуп, 50дөн ашык киши жаракат алды
Скандинавия аба жолдору Израилге каттамдарды кайрадан жандандыруу планын жокко чыгарды
Филиппин: Мектепте болгон атышуудан эки окуучу каза болду
Бразилиянын лидери Трампты президенттик шайлоого кийлигишпөө жөнүндө эскертерин айтты
Африкада жаңы океан пайда болот
Орусия: Украинадагы согуштун көлөкөсүндө парламенттик шайлоо өткөрүлүүдө
Газада Израиль тарабынан талкаланган конуштан дагы 12 сөөк табылды
Кофенин жыты маанайды жана мээ толкундарын өзгөртө алары аныкталды
Трамп Польшада АКШнын базасын түзүү боюнча маанилүү ийгиликтерге жетишилгенин жарыялады
Словакиянын премьер-министри Фицо "Европа боюнча аскердик кагылышуу" тууралуу эскертти