ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Транспорт министри: Стамбул аэропорту каттам саны боюнча Европада биринчи орунда турат
Абдулкадир Уралоглу Түркиянын 23 - 29 - июнь күндөрү күнүмдүк орточо 3992 каттам менен Европада жол кыймылы боюнча 6-орунду алганын айтты.
Транспорт министри: Стамбул аэропорту каттам саны боюнча Европада биринчи орунда турат
/ AP

Түркия Республикасынын транспорт министри Абдулкадир Уралоглу жума күнкү билдирүүсүндө, Стамбул аэропорту июнь айынын акыркы жумасында күнүнө орточо 1553 каттам менен Европанын эң жыш аэропорту болгонун белгиледи.

Уралоглу берген маалыматында 23-29-июнь күндөрү Стамбул аэропортунун Париждеги Шарль де Голль, Франкфурт жана Лондон Хитроу аэропортторун артта калтырганын белгиледи.

Уралуоглу ошол эле тизмеде Түрк Ривьерасынын борбору болгон Анталия аэропорту күнүнө орточо 996 каттам менен 10-орунда экенин кошумчалады.

Уралуоглу Европанын аба кыймылынын коопсуздугу боюнча уюмунун (Eurocontrol) 23-29-июнь аралыгындагы отчетуна ылайык, Түркия күнүнө орточо 3992 каттам менен Европа өлкөлөрүнүн арасында трафик көлөмү боюнча 6-орунду алганын, Греция, Нидерландия жана Польша сыяктуу өлкөлөрдү артта калтырганын билдирди.

Аймактык жана глобалдык борбор

Түркиянын аба транспортунда бир гана транзиттик өлкө эмес, аймактык жана глобалдык борбор экенин белгилеген Уралоглу Түркиядагы орточо күндүк каттамдардын саны COVID-19дан мурунку мезгилге салыштырмалуу 15 пайызга өскөнүн баса белгиледи.

Өзгөчө Түркиянын COVID-19га чейинки деңгээлге жеткен алдыңкы 10 өлкөнүн бири экенин жана каттамдардын саны туруктуу өсүп жатканын белгиледи.

Уралоглу ошондой эле 23-29-июнь аралыгында күн сайын орточо 773 учактын учушун кабыл алган Стамбул аэропортунун 25 глобалдык аэропорттун арасында дүйнөдө 7-орунда экенин да белгиледи.

Иликте
Түркия БУУда Грециянын "Түрк кысыктары"  терминин колдонуусуна карата нааразычылыгын четке какты
Түркия Аль-Акса мечитине жүргүзүлгөн рейдди айыптап, чыңалуу жана туруксуздук жөнүндө эскертти
Аббас Аракчи: Иранга байланыштуу эч бир маселени аскердик жол менен чечүү мүмкүн эмес
Израилдик мыйзамсыз отурукташкандар полициянын коргоосу астында Аль-Акса мечитине рейд жүргүзүштү
Президент Эрдоган Казакстанда расмий азем менен тосуп алынды
Израиль күчтөрү Кунейтра элетин бомбалап, Сирияга карата жүргүзгөн рейдде эки кишини камакка алды
ДССУ: Хантавирустун дүйнө калкы үчүн аз коркунуч жаратат
Кубанын тышкы иштер министри АКШ Кубага кол салса, "гуманитардык апаат" болот деп эскертти
Украинанын расмий өкүлдөрү: "Борбор шаар Киев орусиялык күчтөрдүн катуу чабуулуна кабылууда"
"Евровидение" ыр сынагында Израилдин өкүлүнө каршылык көрсөтүлдү
Индиянын түндүгүндө күчтүү шамал 90дон ашык адамдын өлүмүнө себеп болду
Мюнхен коопсуздук конференциясынын төрагасы: НАТО саммитинде түрк кызыкчылыктары эске алынышы керек
Орусия: Тынчтык сүйлөшүүлөрү башталышы үчүн Украина Донбасстан чыгып кетиши керек
Түркия Сомалинин саясатына кийлигишкени жөнүндөгү "толугу менен жалган" дооматтарды четке какты
Норовирус боюнча эскертүү: 1700дөн ашык жүргүнчү карантинге алынды