Эрдоган Россия-Украина согушун токтотуу үчүн Стамбул сүйлөшүүлөрүн кайра жандандырууга чакырды
Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Анкаранын Россия менен "ок атышпоону тездетип, адилеттүү жана узак мөөнөттүү тынчтыкка жол ача турган ар кандай сунушту" талкуулоого даяр экенин билдирди.
Президент Режеп Таййип Эрдоган украиналык кесиптеши Владимир Зеленский менен өткөргөн маалымат жыйынында Украинадагы согушка байланыштуу:"Стамбул процессинин курчуп бараткан көйгөйлөрдү чечүү үчүн кеңири мазмун менен ишке кириши пайдалуу болот деген ойдомун",- деди.
Эрдоган шаршемби күнү: "Эки тарап үчүн тең согуштун кыйратуучу таасири күчөп жаткан мезгилде, Стамбул сүйлөшүүлөрүнүн дипломатиялык жол менен чечүү аракеттеринде маанилүү этап болду деп эсептейбиз", - деп Түркиянын ортомчулук ролу менен уюштурулган сүйлөшүүлөрдүн согушту токтотуудагы маанисин баса белгиледи.
Эрдоган Анкаранын ок атышпоону тездетип, адилеттүү жана узак мөөнөттүү тынчтыкка жол ача турган ар кандай сунушту Россия менен талкуулоого даяр экенин билдирди.
Түркия Россия менен Украинанын арасындагы кан төгүүнү токтоткусу келген бардык өнөктөштөрдү Стамбул процесси боюнча конструктивдүү позицияда турууга чакырды.
Түркиянын дипломатиялык аракеттери
Зеленский Украинанын жылдын аягына чейин Россия менен согуш туткундарын алмаштыруу процессин жандантаруудан үмүттүү экенин айтты.
Украинанын лидери Украинанын согушту токтотуу үчүн Түркиянын дипломатиялык аракеттерине ишеним артарын кошумчалап:"Албетте, биз дипломатия боюнча конкреттүү сүйлөштүк. Азыр көптөгөн процесс активдешти жана биз бардык аракеттердин өзгөчө тынчтыкка багытталышын камсыз кылууга аракет кылып жатабыз", - деди.