ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Эрдоган Финляндиянын президенти менен глобалдык жана аймактык маселелерди талкуулады
Президент Эрдоган Александр Стуббка Түркиянын Украина менен Россиянын ортосундагы тынчтык процессинин ийгиликтүү аякташы үчүн аракет кылып жатканын айтты.
Эрдоган Финляндиянын президенти менен глобалдык жана аймактык маселелерди талкуулады
Түркиянын президенти Эрдоган финляндиялык кесиптешин 6-декабрга туш келген Финляндиянын Эгемендүүлүк күнү менен да куттуктады. / AA

Түркиянын Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, президент Режеп Таййип Эрдоган менен Финляндиянын президенти Александр Стубб шаршемби күнү телефон аркылуу сүйлөшүүдө эки тараптуу мамилелерди, аймактык жана глобалдык маселелерди талкуулашты.

Эрдоган Анкаранын Хельсинки менен соода көлөмүн көбөйтүү боюнча аракеттерине токтолуп, таштала турган кадамдар менен карым - катнаштарды чыңдоону көздөп жатышканын билдирди.

Эрдоган Түркиянын Украина менен Россиянын ортосундагы тынчтык процессин ийгиликтүү аяктоого аракет кылып жатканын айтып, Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжалуу экенин далилдеген дипломатиялык платформа түзгөнүн кошумчалады.

Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүндө сүйлөшүүдө Палестина маселесинин да күн тартибинде болгону маалымдалды. Эрдогандын Газадагы ок атышууну токтотуунун аткарылышын кылдат көзөмөлдөп, аймакта узак мөөнөттүү тынчтыктын эки мамлекеттүү чечим менен гана мүмкүн экенин баса белгилеп, Стуббга Финляндиянын Палестина мамлекетин таануусун ыраазычылык менен кабыл аларын айтканы белгиленди.

Эрдоган ошондой эле жыл сайын 6-декабрда белгиленүүчү Финляндиянын Эгемендүүлүк күнүнө карата президент Стуббду куттуктады.

Иликте
Түркиянын А улуттук баскетбол командасы Черногорияны 79-62 эсебинде жеңди
Ок атышпоого карабастан Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан акыркы 24 саатта 8 адам каза болду
Президент Эрдоган БУУнун Башкы катчысы Гутеррешти кабыл алды
БУУнун Башкы катчысы Гутерриш Түркиянын COP 31ди уюштурганын мактады
Түркия жашыл жана санариптик өтүүнү тездетүү үчүн Жашыл келишим боюнча иш-аракеттер планын жаңылады
Түркия менен Өзбекстан айлана-чөйрөнү коргоо боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту
ASELSAN бардык энергетикалык муктаждыктарын күн энергиясынан канааттандырат
Эл аралык катышуучулар COP31де Ататүрктү бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти
Президент Эрдоган Apple компаниясынын башкы директору Тим Кукту кабыл алды
Вице-президент Йылмаз Кытайдын вице-президенти Хан Чжэн менен жолугушту
Криттин жээгинде 12 мыйзамсыз мигрант каза болду
Франция Абу-Дабидеги Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүнө Европанын да катышарын билдирди
Түркия-Ирак биргелешкен басма сөз билдирүүсү жарыяланды
Президент Эрдогандын Азербайжандын Жеңиш күнүнө карата кайрылуусу
Түркия Польшадагы террордук чабуулга байланыштуу көңүл айтуу билдирүүсүн жөнөттү