Түрк академиясынан жасалган билдирүүгө ылайык, түрк элдеринин илимий өнүгүүсүндө маанилүү бурулуш катары эсептелген тарыхый курултайга арналган Биринчи Баку түркология курултайы Түрк академиясынын демилгеси менен Эл аралык түрк маданияты уюму (ТҮРКСОЙ), Түрк маданияты жана мурасы фонду, Түрк тил коому, Аль-Фараби Казак улуттук университети жана Баку мамлекеттик университетинин кызматташтыгында уюштурулууда.
Симпозиумга Түрк академиясынын президенти, профессор, доктор Шахин Мустафаев, Түрк мамлекеттери уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев, Түрк инвестициялык фондунун президенти Багдат Амреев, ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев, Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Раимкулова, Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин ректору, профессор, доктор Жансейит Түймебаев, Түрк мамлекеттери уюмунун аксакалдар кеңешинин мүчөсү Икрам Адырбеков, Казакстандын президентинин кеңешчиси Малик Отарбаев жана Казакстандын Улуттук илимдер академиясынын президенти Ахылбек Куришбаев, ошондой эле түрк дүйнөсүнөн келген окумуштуулар жана интеллигенция өкүлдөрү катышты.
Форумдун ачылышында сөз сүйлөгөн Түрк академиясынын президенти Мустафаев 1926-жылы өткөрүлгөн Биринчи Баку түркология конгресси жөн гана илимий жолугушуу эмес, түрк дүйнөсүнүн интеллектуалдарын жалпы маданий мурастын, жалпы келечектин жана түрк иденттүүлүгүнүн айланасында бириктирген тарыхый платформа болгонун билдирди.
Түрк мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыктын жаңы деңгээлге жеткенин белгилеген Мустафаев түркология жалпы илимий, маданий жана гуманитардык чөйрөнү чыңдоодо өзгөчө роль ойной турганын айтты.
Мустафаев: "Бүгүнкү күндө түрк дүйнөсүнүн интеллектуалдарынын жана окумуштууларынын эң маанилүү милдеттеринин бири - конгресстин катышуучуларынын мурасын жандандыруу жана аны түрк мамлекеттеринин өнүгүшүнө, биримдигине, бүтүндүгүнө кызмат кыла тургандай пайдалануу", - деп билдирди.
Иш-чаранын алкагында Түрк академиясынын илимий басылмаларынан, ошондой эле Биринчи Баку түркология конгрессинин тарыхын жана мурасын чагылдырган архивдик сүрөттөр менен материалдардан турган атайын көргөзмө конокторго тартууланды.
Көргөзмөдө алты түрк тилинде басылып чыккан жана тарыхый курултайга катышкан 131 делегат жөнүндө маалыматты камтыган "1926-жылдагы Баку түркология конгрессинин альбому" менен курултайдын тарыхын жана маанисин ачып берген орус жана түрк тилдериндеги архивдик документтердин жыйнагы болгон "1926-жылдагы Баку түркология конгрессинин архивдик документтери" көрсөтүлдү.
Эки күндүк симпозиумда Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан жана Түркмөнстандан келген окумуштуулар Биринчи Баку түркология конгрессинин тарыхый маанисин, 21-кылымда түркология таануунун өнүгүшүн, жалпы терминология жана алфавит маселелерин, маданий мурасты жана түрк дүйнөсүнүн илимий интеграциясынын келечегин талкуулашат.















