ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
ПБУ: Израиль Батыш Шериада жөөт отурукташуучулар үчүн 1670 жаңы турак жай курууну пландап жатат
Палестина Боштондук Уюмуна караштуу Ажыратуу дубалы жана жөөт отрукташууларына каршы күрөшүү кеңеши билдиргендей, Израиль бийлиги басып алынган Батыш Шериада 1670 жаңы турак жай курууну камтыган 13 планды карай баштады.
ПБУ: Израиль Батыш Шериада жөөт отурукташуучулар үчүн 1670 жаңы турак жай курууну пландап жатат
Бир жөөт конушу

Кеңештин билдирүүсүндө бул кадамдын 12 Батыш өлкөсү жөөт конуштарынан чыккан продукцияларга чектөөлөрдү киргизүү чечимин чыгаргандан кийин дароо жасалганы жана Израилди бул конуштардын кеңейишин токтотууга чакырганы баса белгиленди.

Нетаньяху өкмөтү 2022-жылдын аягында кызматка киришкенден бери 104 жаңы жөөт конушун бекитип, 160 айыл чарба конуш борборун түзгөнү эске салынды.

Билдирүүдө Бейтүллахимдеги "Маале Амос" конушуна 365 жаңы үй жана Рамалладагы "Талмон" конушуна 200 жаңы үй кошууну камтыган 13 план акыркы бекитүү жана ишке ашыруу этабына жеткени белгиленди.

Билдирүүдө жаңы стратегиянын негизги максаты нөлдөн баштап Рамалла менен Наблус чек арасындагы «Амихай», Жериходогу «Эйн Йитав» жана Жениндеги «Маоз Цви» аттуу үч жаңы жөөт конушун түзүү экени айтылды.

Жалпы аянты 1125 дунамды түзгөн бул долбоорлордо 749 турак жай бирдиги курулат. Ошондой эле Селфиттеги «Педуэл» конушуна 95, «Алей Захав» конушуна 259 жаңы турак жай кошуу пландалууда.

Билдирүүдө оккупацияланган Чыгыш Кудстагы Гиват-Зеев жөөт конушуна дагы эки турак жай бирдиги кошулары айтылды.

Кеңештин билдирүүсүндө бул кадамдар Израилдин учурдагы конуштарды кеңейтүү менен гана чектелбестен, Батыш Шериада жаңы туруктуу жөөт конуштарын түзүү саясатын көрсөтүп жатканы белгиленди.

Эл аралык укукка ылайык, 1967-жылы Израиль оккупациялаган Батыш Шериа келечектеги Палестина мамлекетинин аймагы болуп саналат. Израиль бул аймакта оккупациялоочу күч болуп эсептелет.

Баскынчы күчтүн басып алган жерине өз калкын көчүрүп отурукташтыруусу жана менчик укугуна өзгөртүүлөрдү киргизиши эл аралык укукка каршы келет.

Ошого карабастан, Тель-Авив бийлиги акыркы жылдары басып алынган Батыш Шериада мыйзамсыз отурукташууларды кеңейтүүгө жана жаңыларын курууну ылдамдатты.

Иликте
БУУнун баш катчысы Ирандын өзөктүк маселесин тынчтык жолу менен чечүүгө болорун билдирди
Израиль 3 жылда Газа тилкесинде 9 миңден ашууну эне болгон 12 миң 500дөн ашуун аялды өлтүрдү
Түркиянын Жандармерия күчтөрү Испаниядан 101 медаль менен кайтып келди
Катардын эмири Аль Тани Өзбекстандын президенти Мирзиёев менен жолугушту
Орусия: "Воронеж облусунда дрон чабуулунан поезддеги эки адам каза болду"
Иран: "Мекке альянсына мүчө өлкөлөрдүн жогорку даражалуу өкүлдөрү Тегеранга барышат"
Израилдин Газада палестиналыктардын чатырларына кол салуусунан бири бала 3 адам каза тапты
Түркиянын иш техникалары жана жабдуулары Кыргызстанда өткөн жарманкеде көрсөтүлдү
Орусия: Украинадагы логистикалык борборлорго жана жүк ташуучу кемеге сокку урдук
Өзбекстан «Самарканддын тарыхый мурасы» тууралуу посттор боюнча Иранга дипломатиялык нота жөнөттү
Нигерияда куралчан адамдар кеминде 20 адамдын өмүрүн кыйды
Тель-Авивдеги миңдеген израилдик шайлоо алдында Нетаньяхунун доорунун аякташын талап кылышты
Трамп эртең Иранга кол салышы же жакшы келишимге жетишиши мүмкүн экенин билдирди
Трамп согуштан кийин АКШ Украина жана Орусия менен соода жүргүзүүгө даяр экенин жарыялады
Маск  Украинадагы элита менен калктын «кызыкчылыктарынын айырмачылыгы» тууралуу пикир билдирди