ТҮРКИЯ
3 мүнөт окуу
Түркия Израилдин нааразычылыгына карабастан Газага аскер жиберүүгө даяр экенин билдирди
Тышкы иштер министри Хакан Фидан маектешүүдө шарттар туура келсе аскердик аракеттерге даяр экендигин айтты; Сириядагы ок атышпоо келишимдеринин морттугу жана күч балансынын өзгөрүшү жөнүндө эскертти.
Түркия Израилдин нааразычылыгына карабастан Газага аскер жиберүүгө даяр экенин билдирди
Хакан Фидан Израиль Түркиянын Газага катышуусуна байланыштуу "бардык нерсеге" каршы экенин айтты, бирок Анкаранын аракеттери улана берерин баса белгиледи. / Reuters

Тышкы иштер министри Хакан Фидан шарттар мүмкүндүк берсе Түркиянын Газага аскер жиберүүгө даяр экенин билдирип, Анкаранын Израилдин каршылыгына карабастан түздөн-түз роль ойноодо чекиндүү экендигин баса белгиледи жана согуштан кийинки башкаруу, гуманитардык жардам, аймактык дипломатия боюнча пландарынан сөз кылды.

Фидан жума күнү кечинде түрк NTV телеканалына берген маегинде Израилдин Түркиянын Газадагы ролуна байланыштуу "баарына каршы" экенин айтты; бирок ал Анкаранын аракеттери улантыларын белгилеп: "Эгер шарттар жаралса, аскердик колдоо көрсөтүүгө эрк бар", - деди.

Фидан Газаны Түркиянын эң биринчи кезектеги артыкчылыгы катары мүнөздөдү жана аймактагы башкаруу менен администрацияны көзөмөлдөй турган жаңы “Тынчтык кеңеши” түзүмүн даярдоо иштери жүрүп жатканын белгиледи. Ал Газанын улуттук эркин билдирүү жана күндөлүк башкарууну жүргүзүү үчүн өзүнчө комитеттердин жооптуу болорун билдирди.

Түркиянын Газага көмөк көрсөтүү аракеттери уланууда

Гуманитардык жардам иштери тынымсыз уланып жатканын билдирген Фидан Рафах чек ара бекети эң эрте келерки жумада кайра ачылышы мүмкүн экенин айтты. Ал кышкы шарттарда чатырларда жашап жаткан жер которгон палестиналыктар үчүн контейнер үйлөрдү жеткирүү пландалып жатканын, ошондой эле Түрк Кызыл Жарым Ай коому жеринде жардам көрсөтүү иштерин улантып жатканын кошумчалады.

ХАМАСтын куралсыздануусу тууралуу суроого жооп берген Фидан бул маселе кеңири “жол картасынын” алкагында каралышы керектигин белгилеп, Анкаранын негизги артыкчылыгы Газа элинин өз жерлеринде калышын камсыз кылуу экенин айтты.

Израилдин Иранга кол салуусу

Фидан Израилдин Иранга кол салуу үчүн азыр да мүмкүнчүлүк издеп жатканын көрсөткөн белгилердин бар экенин айтып, мындай кадам аймактагы туруксуздукту ого бетер күчөтөрүн белгиледи.

«Башка жол табышат деп үмүттөнөм, бирок чындык ушундай — өзгөчө Израиль Иранга кол салуу үчүн мүмкүнчүлүк издеп жатат»,- деп кошумчалады.

Сириядагы ок атуулар

Сирияга токтолгон Фидан YPG менен Дамасктын ортосундагы төрт күндүк ок атышпоо келишими морт экенин жана аны узартуу керек болушу мүмкүн экенин билдирди. Ал ошондой эле Сириядан Иракка ДЕАШ туткундарынын өткөрүлүп берилишине да көңүлдөрдү бурду.

Фидан Түркиянын кагылышуулардын кайра жанданышына жол бербөө максатында дипломатиялык ыкмаларды активдүү колдонуп жатканын айтып, маңыздуу диалог процессинин калыптанарын ойлогонун айтты. YPGнин акрыкы мезгилдеги күч жоготуусу күтүүсүз нерсе эмес экенин, арабдар басымдуулук кылган аймактардагы уруулук түзүлүштөрдүн таасири жана жергиликтүү козголоңдордун тобокелдиктери буга чейин эле каралып келгенин белгиледи.

Фидан Анкаранын “YPG түндүк Ирактагы ПКК лидерлигине толугу менен баш ийет” деген позициясын дагы бир жолу кайталап, сириялык болбогон ПКК мүчөлөрү Сириядан чыгышы керектигин белгиледи. Синжарда ПККнын болушу “туруктуу эмес” экенин айткан Фидан, уюм кыйроодон качуу үчүн өзгөрүшү керектигин эскертти. YPGни Анкарадан келген билдирүүлөрдү көз жаздымда калтырбоого жана тышкы күчтөрдүн күн тартибине тартылбаганга чакырды.

Дүйнөлүк күчтөр саясатында "кооптуу мезгил"

Тышкы иштер министри глобалдык күчтөр саясаты коркунучтуу мезгилге кирип баратканын, ири державалар белгисиздик жаратып, эрежелерге негизделген тартипти алсыратып жатканы жөнүндө эскертти.Ушул себептен “орто деңгээлдеги күчтөрдүн” ортосундагы кызматташтыктын маанилүү экенин баса белгиледи. Президент Режеп Таййип Эрдоган көптөн бери айтып келе жаткан глобалдык системадагы эскирүү тууралуу пикирине да токтолду.

Фидан Түркия чакан өзөктүк топтон башталса да, кеңири аймактык альянстарды түзүү аркылуу поляризацияны азайтууну колдой турганын билдирди. Ошондой эле АКШнын президенти Дональд Трамптын Гренландияны сатып алуу тууралуу талабына да токтолду. Мындай жер жоготуу биримдиктин ажырашын белгилегенин айткан Фидан, Вашингтондун стратегиялык максаттары жашыруун эмес экенин, бирок мунун Батыштын биримдиги үчүн кесепеттери болорун эскертти.

Иликте
Түркиянын аймактык ролу Ирак багытында мунай агымын көбөйтүү максаты менен чыңдалат
«TEKNOFEST көгүлтүр мекен 2026» бүгүн башталат
Түркия менен Сириянын ортосундагы тоо-кен тармагында стратегиялык өнөктөштүк
Президент Эрдоган  Япониянын премьер-министри Такаичи менен телефон аркылуу сүйлөштү
Түркия Израилдин Сирияга карата дооматтарын четке кагып, "мыйзамсыз" аба соккуларын айыптады
Түркия 2026–2030-жылдарда глобалдык ЖИ борбору болуу максатындагы жол картасын жарыялады
Президент Эрдоган АКШнын президенти Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү
Президент Эрдогандан "17-август" билдирүүсү
Президент Эрдоган Аль-Жазира телеканалына маек куруп берди:
Түркиянын биринчи 6 айдагы мунай өндүрүшү 23,1 миллион баррелге жетти
Түркиянын 17 жашка чейинки кыздардан турган командасы дүйнөлүк чемпионатта күмүш медалды жеңип алды
Түркия менен катар 7 өлкө Израилге каршы чыгышты
Президент Эрдоган: «Египет Мекке келишимине кошулушу мүмкүн»
Түркиянын элчиси: «Түркия-Сирия чек арасындагы «коопсуздук көйгөйлөрү» жоюлду»
Ракета өндүрүү үчүн Түркиянын эшиги кагылышы мүмкүн
TRT Казакстандагы маалымат каражаттары үчүн жасалма интеллект боюнча окутууларды өткөрөт
Эрдоган АК партиянын түптөлүшүнүн 25 - жылында сүйлөгөн сөзүндө:"Эми гана баштап жатабыз",- деди
Министр Фидандын Египет сапары тууралуу маалымат бөлүштү
Түркия "дос жана бир тууган" Пакистанды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Улуттук коргоо министрлиги Тынчтык операциясынын 52  жылдыгында шейиттерди жана ардагерлерди эскерди