Сереп салуу
ДҮЙНӨ
4 мүнөт окуу
Газада ок атышпоо келишими үмүт береби?
Израиль кол салуулары  15 айдан бери Газанын чоң бөлүгүн жер менен жексен кылды.АКШ, Катар жана Египеттин ортомчулугунда жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин бул ок атышпоо  2024 – жылы  19 -  январдан тарта расмий түрдө күчүнө кирди.
00:00
Газада ок атышпоо келишими үмүт береби?
Газада ок атышпоо үмүт береби? / AA Archive
27 Январь 2025

2025 -  жылдын  15 -  январында Израиль менен Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылы Хамастын ортосунда ок атышпоо келишими жарыяланды. Бул келишимдин максаты аймактагы кагылышууларды туруктуу түрдө токтотуу. АКШ, Катар жана Египеттин ортомчулугунда жүргүзүлгөн, көптөгөн айлардан бери болуп келе жаткан сүйлөшүүлөрдөн кийин бул ок атышпоо  2024 – жылы  19 -  январдан тарта расмий түрдө күчүнө кирди.

Андай болсо тараптар эмнени кабыл алышты жана бул келишим Палестинанын келечеги үчүн эмне деген мааниге келет?

Бул бөлүмдө АКШнын мурдагы президенти Жо Байдендин 2024 -  жылдын май айындагы сунушуна негизделген бул келишимди кенен карап чыгабыз. Берилген убадаларды, белгисиздиктерди жана келишимдин алып келе тургандары тууралуу сүйлөшөбүз. Акырында бул ок атышпоонун чындыгында туруктуу тынчтыкка жол ачып же ачпай тургандыгын, же Израилдин палестиналыктарга карата кол салууларынын жаңы бир бөлүгү болобу аны түшүнүүгө аракет кылабыз.

ТРТ Глобал подкасттан «Газада ок атышпоо келишими  үмүт береби?» аттуу программаны угуп жатасыздар.

Израилдин согушунун айынан үйлөрүн таштап кеткен миңдеген палестиналык Түндүк Газага өз мүмкүнчүлүктөрү менен жээкти болой кеткен Аль  -  Рашид проспектиси аркылуу кайра кайта баштады. Тыштан каралганда турмуштун акырындап өз нугуна түшө баштагандыгы көрүнүүдө. Бирок бул Израиль жана Хамастын ортосунда кол коюлган биринчи ок атышпоо келишими эмес. 2024 -  жылдын май айында да тараптар кагылышууларды токтотуу боюнча келишкен. Бир караганда   бул жаңы ок атышпоо мурункуга окшош. Бирок кенен изилденгенде маанилүү айырмачылыктарды көрүүгө болот.

Оболу мындан мурдагы келишимден бери өзгөрбөгөн пункттардан баштайлы, анткени окшоштуктар көп: эки келишим тең гуманитардык маселелерге көңүл бурууда жана бул көптөн бери келе жаткан согуштун ортосунда калган жарандардын кыйынчылыктарын жеңилдетүүнү максат кылууда. Келишимдердин негизги беренелери адам өмүрүн куткаруу жана  аймакты калыбына келтирүүгө багытталган.

Эң башта туткундарды жана барымталарды алмаштыруу

Эки келишимде тең туткун жана барымталарды алмаштыруу чоң маанигее ээ болуп жатат. Бул акыркы келишимде туткундарды белгилүү бир тартип менен бошотуу күтүлүүдө.

Келишим үч негизги этапка бөлүнгөн.

Биринчи этапта  42 күн Израиль 1900 палестиналык туткунду  бошотот. Алдыңкылык аялдар менен балдарга жана кары  - картаңдарга берилет. Ошол эле учурда Хамас да 33 израилдик туткунду этап этабы менен бошотот.

Ушул кезге чейин Израиль  300дөн ашуун палестиналык туткунду   бошотту. Булардын арасында Израиль абактарында эң узун мөөнөткө кармалган палестиналык туткун Мухаммед  ел  - Тус да бар. 1985 -  жылы кармалган  Ел  -  Тус Израиль буталарына кол салды деген айыптоо менен өмүр боюу абак жазасына тартылган.

Эми гуманитардык жардамдарга токтололу.

Газа Израиль кол салууларынан улам көптөгөн айлардан бери чоң гуманитардык кризистин ичинде. Инфраструктура толугу менен кыйраган жана жардамдар эртерээк келиши керек. Ушул себептен эки келишим тең азык  - түлүк, медициналык каражат жана күйүүчү май башта болгон гуманитардык жардамдардарга алдыңкылык берилүүдө.

Ок атышпоонун биринчи этабында күн сайын жүздөгөн жардам фурасы Газага кирет.

Израиль аскерлеринин этап  - этабы менен чыгарылышы.

Эки ок атышпоо да Израиль аскерлеринин Газанын эл жыш отурукташкан аймактарынан этап  - этабы менен чыгышын  күтүүдө. Бул чыңалууну азайтуу жана гуманитардык жардам тууралуу иштердин ылдамдашына мүмкүнчүлүк түзүү үчүн маанилүү бир кадам.

Израиль аскерлери Газанын ички аймактарынан чыгарылат  бирок чек ара аймактарында болууну улантат. Өзгөчө  Түштүк Газадагы Рафах чек ара капкасы жана Филодельфия коридоруна кайрадан жайгаштырылат.

Экинчи этап биринчи этаптын башталышынан  16 күндөн кийин башталат жана Израиль күчтөрү  50 – күндөн тарта толугу менен чыккан болот.

Газанын кайрадан курулушу.

Мектептер, ооруканалар жана үйлөр кайрадан курулушу керек. Эки ок атышпоо келишими да Газанын кайрадан курулушуна чоң маани берет. Бирок бул оңой бир иш эмес -  Израилдин кол салуулары артында  42 миллион тоннадан ашуун уранды калтырды.

Бул кайрадан куруу процессине Египет, Катар жана БУУ жол башчылык кылат. Бул процесс көптөгөн жылдарга созулат.

Эми  2024 -  жылы май айындагы жана  2025 -  жылдын январь айындагы келишимдин ортосундагы айырмачылыктарды карап көрөлү.

Израилдин аскердик жайгашуу аймактары эми дагы ачык такталды.

2024 - жылдын май айындагы келишимде израилдик аскерлердин кайда калаары белгисиз эле. Бирок бул 2025-жылдын январь айындагы келишимде такталды.

Өзгөчө туткундарды алмашуу үчүн белгиленген эрежелер да такталды.

Андай болсо бул келишим Палестинанын келечеги үчүн эмне деген мааниге келет?

Бул ок атышпоо Израилдин кол салууларын токтотууну, Газадагы гуманитардык кризисти жеңилдетүүнү жана согушта кыйраган аймакты кайрадан курууну максат кылууда.  Бирок тынчтыкка кеткен жол али узун.

Бул кадам жок дегенде бир үмүт жарыгын берип жатат. Бирок туруктуу тынчтыкты алып келеби? Азырынча белгисиз. Бүгүнкү программабыз ушун менен аяктады саламатты болуңуздар.

Иликте
Афганистан Газага 500 тоннадан ашык жардам жөнөттү
8-TRT Humanitarian кинофестивалы үчүн кайрылуулар башталды
Палестинанын тышкы иштер министри Израилге карата мамиленин өзгөргөнүн айтты
Вьетнам Кытай менен кызматташуу келишимдерине кол койду
Рохинжалар менен бангладештиктерди ташыган кеме чөгүп, каза болгондордун саны белгисиз болууда
АКШнын Тынч океанда баңгизат аткезчилигине шектелген кемеге кол салуусунан төрт адам каза болду
Трамп Иран согушу "жакында бүтөт" деп айтты
Он өлкө Ливандагы кол салууларды "тез арада токтотууга" чакырды
Пакистандын премьер-министри Сауд Арабия, Катар жана Түркияга сапар тартат
25 кеме Ормуз кысыгынан өттү, АКШнын блокадасына карабастан деңиз кыймылы уланууда
IFRC Түркиядан Иранга көбүрөөк жардам жөнөтүүнү пландаштырууда
Макрон Трамп менен Пезешкианды тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра баштоого чакырды
Франция менен Британия "коргонуу максатында" Ормуз кысыгындагы коопсуздук миссиясын талкуулашат
Премьер-министр Мелони: Италия Израиль менен коргонуу келишимин токтотууда
Кытай менен Испания "кыйрап бараткан" дүйнөлүк тартипте биримдик жөнүндө билдирүү жөнөтүштү