ТҮРКИЯ
4 мүнөт окуу
Президент Эрдоган Аль-Жазира телеканалына маек куруп берди:
«Кудай буюрса мен дагы эң кыска убакыттын ичинде Дамаскка барам».
Президент Эрдоган Аль-Жазира телеканалына маек куруп берди:
Президент Эрдоган Аль-Жазира телеканалына маек берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркия Сириянын туруктуулугун колдой турганын айтып, «эң кыска убакыттын ичинде» борбор шаар Дамаскка сапар жасай турганын билдирди.

Эрдоган Дохада жайгашкан Al Jazeera араб телеканалына берген маегинде күн тартибиндеги маселелерге сереп салды.

Түркия, Пакистан жана Сауд Арабиясынын ортосунда жакында кол коюлган Мекке биргелешкен коргонуу келишими АКШ менен Ирандын ортосундагы оор мезгилде кол коюлгандыктан дүйнө тынчтыгы үчүн маанилүү билдирүү экенин баса белгилеген Эрдоган: «Биз ар дайым тынчтыкты жактаарыбызды түшүндүрүп келгенбиз. Тынчтык үчүн мындай процессти өзгөчө көздөгөн өлкөлөр катары биз да Пакистан, Түркия жана Сауд Арабиясы, бул тынчтыкты жактаган өлкөлөр катары өз ордубузду ээледик. Тынчтыктын жактоочулары катары мындан кийинки процессте да тынчтыкты издеген өлкөлөр катары ишибизди ушул жолдо улантабыз», - деп кошумчалады.

Президент Эрдоган: «Эгер Египет да кааласа, бул үч өлкөнүн ортосунда келишим түзүп, Египетке эшигин ача алат», - деди.

АКШ-Израиль-Иран согушу

Президент Режеп Таййип Эрдоган АКШ-Израиль жана Ирандын ортосундагы согушка байланыштуу тынчтыктын мүмкүн болушунча тезирээк орношун каалаарын билдирди.

Ормуз кысыгынын жабылышынан келип чыккан кыйынчылыктарга көңүл бурган Эрдоган: «Биз бул жолду мүмкүн болушунча тезирээк ачышыбыз керек жана дүйнөлүк мунай каттамдарын кыска убакыттын ичинде ачуу менен агымдын токтоп калышын алдын алабыз. Биз муну колдойбуз, Иран да муну колдойт. Биздин үмүтүбүз, эгер Ормуз кысыгындагы деңиз каттамдары акысыз ачылса, бул алда канча ылайыктуу болот», - деди.

АКШ менен Израилдин Иранга кол салуулары жана Тегерандын Перс булуңу өлкөлөрүнө кол салуулары

АКШ менен Израилдин Иранга кол салууларынан кийин Тегерандын Перс булуңу өлкөлөрүнө кол салууларына карата Түркиянын позициясы тууралуу суралганда Эрдоган: «Биз бул жерде согушту таптакыр колдобойбуз, биз тынчтыкты жактайбыз, бирок Израиль бул согушта негизги актер. Израиль бул жерде дайыма согушту кубаттап жактап келди. Анткени согушту жактаган башка өлкөлөр бул жерде чоң чыгым төлөштү. Израиль да мунун башкы жооптуусу», - деди.

“Кудай буюрса мен дагы эң кыска убакыттын ичинде Дамаскка барам”

Президент Эрдоган Сириядагы президент Ахмед Шара жетектеген жаңы бийлик менен болгон мамилелер жана Израилдин Сирияга жасаган чабуулдары тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:

«Биздин мамлекеттик механизмдерибиз Сирия менен абдан жакшы мамиледе; биз бул биримдикти жана ынтымакты сактап жатабыз. Сирия биздин бир тууганыбыз; Сирияны эч качан жалгыз калтырбайбыз. Бул процессте Сирия бир туугандарынын колдоосун көрөт; алар эч кабатыр болушпасын».

Түркиянын Сириянын туруктуулугун колдоосу жөнүндөгү суроого Эрдоган: «Биз анын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн колубуздан келгендин баарын жасап жатабыз жана биз муну уланта беребиз», - деп жооп берди.

Сириядагы Башар Асад режимин кулатууга алып келген процесстеги Түркиянын ролу тууралуу президент Эрдоган: «Кудайга шүгүр, президент Шара жана тиешелүү кесиптештер муну абдан жакшы билишет. Биз акырына чейин колубуздан келгендин баарын жасадык. Келечекте да уланта беребиз. Кудай буюрса, мен дагы эң кыска убакаттын ичинде Дамаскка барам», - деди.

Израилдин Ливанга соккулары

Ливандын президенти Жозеф Аундун Түркияга болгон сапарын жана эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерге баа берип жатып Эрдоган: «Ливанга каршы бул кол салуулар бизди абдан кайгыртат. Президент менен бул жерде жолугушуу өткөрдүк. Алдыдагы мезгилде да Ливанга колубуздан келген колдоону улантабыз», - деди.

“Биз Газаны жалгыз калтыра албайбыз”

Израилдин Газага карата уланып жаткан кол салуулары тууралуу суроого Эрдоган: «Биз Газаны жалгыз калтыра албайбыз. Газага байланыштуу зарыл болгон нерсени жасадык жана мындан ары да жасай беребиз», - деди.

Израилдик саясатчылардын жана басма сөздүн Түркияга карата агрессивдүү позициясы тууралуу суроого жооп берип жатып Эрдоган: «Карагыла, биз силер менен согушту талкуулап жаткан жокпуз, биз тынчтыкты, дүйнөлүк тынчтыкты кантип камсыз кыла аларыбызды сүйлөшүп жатабыз, бирок эгерде тынчтыктын ордуна согуш үчүн Түркияга кол сала тургандар болсо, Түркия бул согуштан да тартынбайт, мен муну абдан ачык жана бир беткей айтып жатам. Мындай нерсени баштан өткөргүбүз келбейт», - деди.

«Орусия менен мамилебиз абдан жакшы»

Москва менен болгон мамилеге байланыштуу Эрдоган: «Орусия менен мамилебиз абдан жакшы. Биз телефон дипломатиясы аркылуу мамилелерибизди тынымсыз сактап келебиз. Менин тиешелүү министрлерим Орусиядагы кесиптештерине тынымсыз чалышат, алар да менин тиешелүү министрлериме чалып турушат. Ушундай жол менен биз талкууларыбызды улантуудабыз» деди.

Иликте
Захарова Түркиядан келген тынчтык демилгелерин кылдаттык менен карап жаткандарын билдирди
Министр Фидандын Египет сапары тууралуу маалымат бөлүштү
Түркия "дос жана бир тууган" Пакистанды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Улуттук коргоо министрлиги Тынчтык операциясынын 52  жылдыгында шейиттерди жана ардагерлерди эскерди
Түркияда акыркы 24 жылда 2 миң 251 километр жогорку ылдамдыктагы темир жол линиясы курулду
Түрк аба жолдору Кытайдагы учуу желесине Чэндуну да кошту
АКШнын Коргоо министри Иранга каршы блокаданы "чексиз мөөнөткө" уланта ала тургандарын айтты
Нетаньяху Британияны "Ислам Республикасы" деп сыпаттады
АКШнын Иранга каршы согушу Кытайда электр жүк ташуучу унаалардын сатылышын көбөйттү
Ормуз кысыгында БАЭге таандык эки ADNOC танкери бутага алынды
ЦРУ Израилдин Иран Трампка каршы кутум уюштурган деген билдирүүсүнөн күмөн санап жатат
Латвияда аба мейкиндигин бузган дрон НАТОнун согуштук учактары тарабынан атып түшүрүлгөнү билдирилди
Индияда курулуп  жаткан туннелди суу каптап, 7 адам каза болуп, 10 адам жаракат алды
Нигерияда шахта урап, тогуз адам каза болду
Египеттеги соода борборундагы жарылуудан үч адам каза болуп, 17 адам жаракат алды