Мексикада жааган жамгыр 27 кишинин өлүмүнө себеп болду
Мексиканын аскер-деңиз флоту Веракрус шаарынын көп бөлүгүн суу астында калтырган катуу жамгырдан жана Казонес дарыясынын ташкынынан кийин чыга албай калган тургундарды издеп жатат.
Мексикада нөшөрлөп жааган жамгырдан кеминде 27 адам каза болуп, көптөгөн адам дайынсыз жоголду. Жетекчилер нөшөрлөп жааган жамгырдын жер көчкүнүн болушуна себеп болгонун, айрым муниципалитеттерде электр энергиясынын үзгүлтүккө учурап, дарыялардын ташканын кабарлашты.
Хидалго штатынын жарандык коргоо кызматкерлери 16 кишинин каза болгонун жана кеминде 1000 үй жана жүздөгөн мектептин жабыркаганын маалымдашты.
Пуэбла штатынын губернатору Алехандро Армента жер көчкүдөн кеминде тогуз адам каза болуп, бешөө дайынсыз жоголгондугун билдирди. Веракрус штатындагы жетекчилер да эки адамдын каза болгонун кабарлашты.
Президент Клаудия Шейнбаум: "Биз элди колдоо, жолдорду ачуу жана электр энергиясын калыбына келтирүү үчүн иштеп жатабыз", - деди. X платформасындагы баракчасында кызматкерлердин тизеден суу кечип, жардам жеткирген сүрөттөрүн бөлүштү.
Коргоо министрлиги жабыркаган аймактарды көзөмөлдөө, эвакуациялоо жана тазалоо иштерине 5400дөн ашуун кызматкерди жөнөткөнүн билдирди.
Ошол эле учурда, Рэймонд жана Присцилла бороондору Бажа Калифорния жарым аралы жана өлкөнүн батыш Тынч океан жээгинде жамгырдын жаашына себеп болууда.