ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
АКШ Израилдин Газаны кайрадан басып алуу планына үнсүз колдоо берди
Трамп, Рубио жана Вэнс Нетаньяхунун Газанын айрым бөлүктөрүн кайрадан басып алуу планына каршы чыкпай, окшош позицияны карманышты. Израиль күчтөрү азыр эле блокададагы аймактын 75%ын басып алды.
АКШ Израилдин Газаны кайрадан басып алуу планына үнсүз колдоо берди
/ AP

АКШ Израилдин Газаны кайра басып алуу аркылуу геноцидди кеңейтүү пландарына үнсүз колдоо көрсөттү. АКШнын президенти Дональд Трамп чечимдин Израилдин лидерлерине таандык экенин айтты.

Трамп шейшемби күнү Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун Газа шаарынын ичине тереңирээк кирүү планын колдойбу деген суроого: "Бул Израилдин өзүнүн иши" деп жооп берди.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио бейшемби күнү католиктердин EWTN телеканалына жасаган билдирүүсүндө бул позициясын дагы бир жолу кайталады: «Натыйжада Израиль өзүнүн коопсуздугу үчүн эмне кылышы керектигин Израиль өзү чечет",- деди.

Бул билдирүүлөр ок атышпоону камсыз кылуу боюнча мурдагы ортомчулук аракеттеринен алыстаганын билдирүүдө. Сүйлөшүүлөр Израилдин келишпестигинен улам үзгүлтүккө учурагандан кийин Трамп администрациясы Израилдин геноцидди улантуу стратегиясын кабыл алгандай көрүнүүдө.

Жума күнү вице-президент Ж.Д. Вэнс Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Ламми менен жолугушуу учурунда бул билдирүүнү кайталады.“ХАМАСтын күнөөсүз израилдик жарандарга кайрадан кол салбай тургандыгын кепилдикке алышыбыз керек, бул ХАМАСты жок кылуу аркылуу гана мүмкүн болот деп ойлойбуз”, - деди.

Согуштук кабинетти бекитти

Израилдин согуш кабинети бейшемби күнү барымтадагылардын кармалып тургандыгы болжолдонгон Газа шаарын жана бир нече качкындар лагерин камтыган аймактарга кургактыктан чабуул коюу пландарын алдыга жылдыруу чечимин кабыл алды.

Израилдин арамиясы бул аймактардан жаңыдан мажбурлоо менен эвакуациялоого чакырып, чыңалуунун күчөшү тууралуу тынчсызданууларды арттрыды. Европа жана араб лидерлеринин эскертүүлөрүнө карабастан, АКШ буга каршы эч кандай ачык каршылык көрсөтө элек.

Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф өткөн жумада Нетаньяху менен жолугушту. Жолугушуунун чоо-жайы ачыкка чыгарылган жок, бирок бул визит Израилдин кеңейтүү чечиминин алдында болгон.

АКШ Израилге Газага гуманитардык жардамды көбөйтүү үчүн кысым көрсөтсө да, израилдик барымтадагыларды бошотууну камсыздабаган ар кандай келишимге каршы.

Израилдик расмий өкүлдөрдүн айтымында, Газа тилкесинде 49 туткун бар, алардын 27нин каза болгондугу айтылууда.

АКШнын Израилдеги элчиси Майк Хакаби чет элдик лидерлердин сындарын четке кагып, Израиль режимин жактап жатат. Хакаби социалдык тармактардагы баракчасынан: "Тактап айтканда Хамас барымтадагыларды ачка калтырып жатканда, Израиль аларга багынып жана аларга тамак - аш бериш керекпи?”,- деп жазып, бул чакыруларды Экинчи дүйнөлүк согушу учурунда "нацисттерди багууга" салыштырды.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйыны

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Израилдин Газа шаарын басып алуу чечимин ишемби күнү эмес, жекшемби күнү талкуулайт. Дипломатиялык булактар Анадолу агенттигине чукул жыйындын датасы өзгөртүлгөнүн билдирди.

Алгач ишембиге белгиленген сессия 10-августка жылдырылып, жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:00дө чогулары күтүлүүдө. Датаны өзгөртүүнүн себеби айтылган жок.

Булактардын айтымында, чукул жыйын өткөрүү талабы Британия, Дания, Франция, Греция жана Словениядан келген. Израилдин Газа шаарын басып алуу чечиминен кийин жыйынды Коопсуздук кеңешинин Панама (кеңештин азыркы төрагасы) жана АКШдан башка бардык мүчөлөрү колдоду.

Иликте
АКШ Ливан менен Израилдин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн биринчи күнүн "позитивдүү" деп мүнөздөдү
Макрондун айтымында Франция Африкада Түркия, Кытай жана АКШдан артта калууда
Түркия Ирактын жаңы өкмөтүн колдоого убада берди
Израиль 35 миллион долларлык келишимге кол койду
Министр Фидан ТМК ТИМ башчыларынын кеңешине Түркиянын атынан катышат
Нью-Делидеги BRICS жыйыны: Иран менен БАЭнин ортосундагы дипломатиялык тирешүү
Россия Киевди ракета жана дрондор менен бомбалады
Эрдоган: "Каспий аркылуу өтүүчү Чыгыш-Батыш орто коридорунун мааниси күн сайын жакшы түшүнүлүүдө"
АКШ менен Кытай "конструктивдүү жана стратегиялык жактан туруктуу" мамилелер боюнча макулдашышты
Түркия БУУда Грециянын "Түрк кысыктары"  терминин колдонуусуна карата нааразычылыгын четке какты
Түркия Аль-Акса мечитине жүргүзүлгөн рейдди айыптап, чыңалуу жана туруксуздук жөнүндө эскертти
Аббас Аракчи: Иранга байланыштуу эч бир маселени аскердик жол менен чечүү мүмкүн эмес
Израилдик мыйзамсыз отурукташкандар полициянын коргоосу астында Аль-Акса мечитине рейд жүргүзүштү
Президент Эрдоган Казакстанда расмий азем менен тосуп алынды
Израиль күчтөрү Кунейтра элетин бомбалап, Сирияга карата жүргүзгөн рейдде эки кишини камакка алды