ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Газада азап: Израилдин үйлөрдү жана чатырларды бомбалоосунан 100гө жакын палестиналык набыт болду
Израилдин Газага абадан сокку уруусунан чатырлардагы жер которгон үй-бүлөлөр менен катар ондогон адамдар каза болду, жүздөгөн кишилер жаракат алды. Бомбалоо уланып жатканда урандылардын астында бүтүндөй үй-бүлөлөр бар экени билдирилди.
Газада азап: Израилдин үйлөрдү жана чатырларды бомбалоосунан 100гө жакын палестиналык набыт болду
2023-жылдын октябрынан бери Израил армиясы Газага ырайымсыз чабуул жасап, 53 миңден ашуун палестиналыкты өлтүрдү, алардын көбү аялдар жана балдар. / AP

Жарандык коргонуу агенттигинин билдиргенине караганда, Израилдин согуштук учактары Газа тилкесинде жер которгон адамдардын үйлөрүн жана чатырларын бутага алганда кеминде 94 палестиналык набыт болду.

Жарандык коргонуунун басма сөз катчысы Махмуд Басал бейшемби күнү Израилдин түндүгүндөгү Жибалия шаарындагы бир үйгө кол салуусунан бир үй-бүлө толугу менен жок кылынганын билдирди.

Медициналык булак Израилдин түштүктөгү Хан Юнус шаарындагы үйлөргө жана чатырларга жасаган кол салууларында 36 кишинин каза болгонун, 60тан ашуун аялдар менен балдар жараланганын билдирди.

Медициналык топтор кечээ түнү бутага алынган үйлөрдүн урандыларынан дагы 30 адамдын сөөгүн алып чыгышты. Аман калгандарды табуу үчүн куткаруу иштери дагы эле уланууда.

Дагы бир медициналык булак Израилдин Газа шаарын, Жибалия жана Хан Юнусту аткылоосунан дагы 5 кишинин каза болгонун билдирди.

Кошумчалай кетсек, Хан-Юнустагы Хузаа шаарында Израилдин чабуулдарынан дагы бир палестиналык каза болуп, бир нечеси жарадар болгон.

Медиктер түндүктөгү Бейт-Лахья шаарында Израилдин артиллериялык аткылоосунан дагы үч палестиналык набыт болгонун билдиришти.

Палестинанын расмий кабар агенттиги Вафа медициналык булактарга таянып, Израилдин аба күчтөрүнүн Жибалиядагы бир үйгө кол салуусунан дагы беш кишинин каза болгонун жана дагы бирөө жарадар болгонун кабарлады.

Израилдин согуштук учактары Жибалиянын Тал аз-Заатар конушундагы үйлөргө бир нече жолу чабуул жасап, медициналык булактан алынган маалыматка караганда 18 палестиналык жараланды.

Израиль армиясы Индонезия ооруканасынын жана Жибалиядагы Аль-Авда ооруканасынын айланасын да бомбалады. Окуяга күбө болгондор бул кол салуулар материалдык чыгымга алып келгенин, бирок каза болгондор тууралуу азырынча маалымат жок экенин айтышты.

2023-жылдын октябрынан бери Израил армиясы Газага каршы ырайымсыз чабуул жасап, ушул убакка чейин 53 миңден ашуун палестиналыкты, көбү аялдар менен балдарды өлтүрдү.

Эл аралык кылмыш соту былтыр ноябрда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен мурдагы коргоо министри Йоав Галлантты Газадагы согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштары үчүн камакка алууга ордер чыгарган.

Израилдин аймактагы согушу үчүн Эл аралык Сотто геноцид иши да каралууда.

Иликте
АКШ Ливан менен Израилдин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн биринчи күнүн "позитивдүү" деп мүнөздөдү
Макрондун айтымында Франция Африкада Түркия, Кытай жана АКШдан артта калууда
Түркия Ирактын жаңы өкмөтүн колдоого убада берди
Израиль 35 миллион долларлык келишимге кол койду
Министр Фидан ТМК ТИМ башчыларынын кеңешине Түркиянын атынан катышат
Нью-Делидеги BRICS жыйыны: Иран менен БАЭнин ортосундагы дипломатиялык тирешүү
Россия Киевди ракета жана дрондор менен бомбалады
Эрдоган: "Каспий аркылуу өтүүчү Чыгыш-Батыш орто коридорунун мааниси күн сайын жакшы түшүнүлүүдө"
АКШ менен Кытай "конструктивдүү жана стратегиялык жактан туруктуу" мамилелер боюнча макулдашышты
Түркия БУУда Грециянын "Түрк кысыктары"  терминин колдонуусуна карата нааразычылыгын четке какты
Түркия Аль-Акса мечитине жүргүзүлгөн рейдди айыптап, чыңалуу жана туруксуздук жөнүндө эскертти
Аббас Аракчи: Иранга байланыштуу эч бир маселени аскердик жол менен чечүү мүмкүн эмес
Израилдик мыйзамсыз отурукташкандар полициянын коргоосу астында Аль-Акса мечитине рейд жүргүзүштү
Президент Эрдоган Казакстанда расмий азем менен тосуп алынды
Израиль күчтөрү Кунейтра элетин бомбалап, Сирияга карата жүргүзгөн рейдде эки кишини камакка алды