ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
БУУнун Башкы ассамблеясы Украинада ок атышууну токтотууга чакырган резолюция долбоорун жактырды
Украина тарабынан сунушталып, 45тен ашык өлкө тарабынан колдоого алынган резолюциянын долбоору 107 макул, 12 каршы жана 51 калыс добуш менен кабыл алынды.
БУУнун Башкы ассамблеясы Украинада ок атышууну токтотууга чакырган резолюция долбоорун жактырды
Россиянын Украинага толук масштабдуу басып киришинин төрт жылдыгына карата Ист-Англияда өткөрүлгөн эскерүү аземи. / Reuters

БУУнун Башкы ассамблеясы шейшемби күнү Украинада ар тараптуу, адилеттүү жана туруктуу тынчтыкты орнотууга чакырган резолюциянын долбоорун кабыл алды. Добуш берүүдө Россия каршы добуш берсе, АКШ калыс калды.

Резолюциянын долбоору 107 «макул», 12 «каршы» жана 51 «калыс» добуш менен кабыл алынды.

Украина тарабынан сунушталган жана 46 өлкө колдогон резолюцияда согуштун аймактык жана глобалдык кесепеттери баса белгиленип, Россиянын «жарандарга, жарандык объекттерге жана маанилүү энергетикалык инфраструктурага» жасаган чабуулдарынын уланып жатышына жана гуманитардык абалдын начарлашына байланыштуу «олуттуу кооптонуу» билдирилди.

Резолюциянын долбоорунда Башкы ассамблеянын Украинанын эгемендигине, көз карандысыздыгына, биримдигине жана аймактык бүтүндүгүнө анын ичинде аймактык сууларына болгон чечкиндүү колдоосу дагы бир жолу тастыкталды.

«Тез арада, толук жана эч кандай шартсыз ок атышууну токтотууга» чакырган резолюциянын долбоору ошол эле учурда «ишенимди бекемдөөчү негизги чаралар катары согуш туткундарын толук алмашууну, мыйзамсыз кармалган бардык адамдарды бошотууну жана мажбурлап көчүрүлгөн же депортацияланган жарандардын, анын ичинде балдардын кайтып келишин» талап кылды.

Ошол эле учурда, АКШ резолюциянын бир бөлүгүн калган бөлүгүнөн бөлүп, аны башка добушка коюу сунушун киргизди.

Украинанын тышкы иштер министринин орун басары Мариана Бетса бул сунушка катуу каршы чыгып, мунун «терең кооптондуруучу жана кабыл алынгыс» деп мүнөздөдү.

Американын БУУдагы өкүлү Тэмми Брюс болсо: "Биздин оюбузча, резолюциядагы айрым сөздөр туруктуу тынчтыкка алып баруучу дипломатиялык жолдордун бардыгын талкуулоону колдоонун ордуна, көңүлдү уланып жаткан сүйлөшүүлөрдөн алаксытышы мүмкүн", - деди.

Иликте
Түркияда кош жарандыгы бар жарандарга Болгарияда боло турган шайлоого катышуу үчүн чакырык салынды
Улуу Британия ыктымалдуу кризистерге даярдык көрүүгө чакырды
Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты эртең Казакстанда башталат
Орусиянын президенти Путин Украина менен макулдашууга даяр экенин билдирди
Албанияда студенттердин нааразылык акциялары уланууда
Сирия режимдин кулатылган лидери Асад жана анын бир тууганы Махир Асад боюнча Интерполго кайрылды
Президент Эрдоган ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды
Зеленский Байдендин эвакуация сунушун "Мага ок-дары керек" деген жообу менен четке какканын айтты
Стамбул аэропортуна 'Эң көп байланыштырган аэропорт' сыйлыгы
Ак карлуу Улудаг күздүн түстөрүнө бөлөндү
Трамп алар Иран менен сүйлөшүү өткөрбөгөндөрүн жана жакында "бир нерсе болорун" айтты
АКШ менен Гайана аскердик кызматташтыкты күчөтүү боюнча келишимге кол коюшту
Галатасарай Франциядан 3 упай менен кайтып келди
Король Фахд эл аралык аэропортуна кол салуудан 1 адам каза болуп, 8 киши жаракат алды
Газа жана Ливан тууралуу макалаларга нааразы болгондор Нью-Йорк Таймс имаратынын алдына чогулду