ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Түркия менен Египеттин тышкы иштер министрлери Газадагы ачкачылык менен күрөшүү тууралуу сүйлөштү
Анкара оккупацияланган Чыгыш Кудстагы Аль-Акса мечитине Израилдин министрлери менен мыйзамсыз отурукташуучулар тарабынан жасалган акыркы рейдди айыптады.
Түркия менен Египеттин тышкы иштер министрлери  Газадагы ачкачылык менен күрөшүү тууралуу сүйлөштү
/ AA

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Египеттин тышкы иштер министри Бадр Абделатти менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Газага гуманитардык жардам жеткирүү жана ок атышууну токтотуу боюнча аракеттерди талкуулады.

Түркиянын дипломатиялык булактарынын маалыматына ылайык, жекшемби күнү Фидан менен Абделатти Газадагы оор гуманитардык кырдаалды, айрыкча Израилдин блокадасынан улам келип чыккан массалык ачарчылыкка каршы аракеттерди жана ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдөгү абалдарды карап чыгышты.

Израилдин Аль-Акса мечитине жасалган рейдин айыптоо

Түркия израилдик министрлер, коопсуздук күчтөрү жана мыйзамсыз отурукташкан топтор басып алган Чыгыш Кудстагы Аль - Акса мечитине жасалган рейдди катуу айыптады.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги жекшемби күнү жасалган билдирүүдө мындай аракеттердин Аль-Акса мечитинин коопсуздугуна жана шаардын ыйык өзгөчөлүгүнө коркунуч туудурарын билдирди. Министрлик бул жагдай аймак үчүн гана эмес, «адамзаттын жалпы абийиринин» приоритети экендиигн баса белгиледи.

"Баскынчы Израилдин бул системалуу чагымчылдыгы жана акыркы мезгилдеги аннексиялоо чакырыктары эки мамлекеттүү

чечимдин пайдубалын бутага алат жана тынчтыктын келечегине зыян келтирет», - деп айтылды маалыматта.

Анкара Газада ок атышууну дароо токтотуу чакырыгын кайталады жана эл аралык коомчулукту эки мамлекеттүү чечимге негизделген туруктуу тынчтыкты орнотууну колдоого чакырды.

Иликте
Эрдоган: "Стамбул аэропортунун төртүнчү учуп-конуу тилкеси дүйнөлүк байланышты жогорулатат"
Эрдоган: «Түркияны дүйнөдөгү эң кеңири аба каттамдары тармагына ээ өлкөлөрдүн бирине айландырдык"
Израиль күчтөрү Сириянын түштүгүндө рейд жүргүздү
Түндүк Кореянын Орусиядагы заводдорго миңдеген жумушчуларды жөнөткөнү айтылууда
Конго Демократиялык Республикасында эболадан каза болгондордун саны 3577ге жетти
Пакистанда мечитке жакын жерде жардыруу болду: 15 киши каза болуп, 50дөн ашык киши жаракат алды
Скандинавия аба жолдору Израилге каттамдарды кайрадан жандандыруу планын жокко чыгарды
Филиппин: Мектепте болгон атышуудан эки окуучу каза болду
Бразилиянын лидери Трампты президенттик шайлоого кийлигишпөө жөнүндө эскертерин айтты
Африкада жаңы океан пайда болот
Орусия: Украинадагы согуштун көлөкөсүндө парламенттик шайлоо өткөрүлүүдө
Газада Израиль тарабынан талкаланган конуштан дагы 12 сөөк табылды
Кофенин жыты маанайды жана мээ толкундарын өзгөртө алары аныкталды
Трамп Польшада АКШнын базасын түзүү боюнча маанилүү ийгиликтерге жетишилгенин жарыялады
Словакиянын премьер-министри Фицо "Европа боюнча аскердик кагылышуу" тууралуу эскертти