Россиянын тышкы иштер министри Лавров Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин менен жолугушту

Тараптар Россиянын президентинин Пекинге жасай турган сапары менен эки тараптуу саясий байланыштар тууралуу бир катар маселелерди талкуулашты.

/ Reuters

Россиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы тарабынан шейшемби күнү жасалган билдирүүдө Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин менен жолугушкандыгы билдирилди.

Лавров Шанхай Кызмтташтык Уюмунун тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышуу үчүн Кытайга барды.

Россиянын тышкы иштер министрлиги интернет сайтында жарыяланган билдирүүдө : «Лавров Кытайдын лидерине Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин достук саламын жана жакшы тилектерин билдирди»,- деп айтылды.

 «Тараптар эки тараптуу саясий жолугушууларга байланыштуу түрдүү темаларды карап чыгышты... Булардын арасында Россиянын президентинин Кытай Эл Республикасына жасай турган сапарынын даярдыктары да орун алды»,- деп билдирилди.

Россиянын президенти Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине катышуу, Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин менен жолугушуу жана Экинчи дүйнөлүк согушунда Японияга каршы жетишилген жеңиштин жылдыгына карата 3-сентябрда өтө турган аземге катышуу үчүн Кытайга барат.