ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
QS 2026 Дүйнөлүк университеттер рейтингинде 6 түрк университети биринчи 500гө кирди
QS 2026 Дүйнөлүк университеттер рейтингинде 26 түрк университети орун алды
QS 2026 Дүйнөлүк университеттер рейтингинде 6 түрк университети биринчи 500гө кирди
/ AA
20 Июнь 2025

Түркия Жогорку билим берүү кеңеши (YÖK) дүйнөнүн 106 өлкөсүнөн жана аймактарынан 1500 университетти камтыган QS 2026 Дүйнөлүк университеттер рейтингинде 26 түрк университетинин орун алганын жарыялады.

Түркия рейтингде 20дан ашык университети бар өлкөлөрдүн арасында эң көп ийгиликке жеткен төртүнчү өлкө болду.

Рейтингде 11 түрк университетинин алдыңкы 1000ге киргени, 9 университеттин өткөн жылга салыштырмалуу рейтингин жогорулатканы, 2 университеттин позициясын сактап калганы жана эч бир университеттин рейтингинин түшпөгөнү белгиленди.

Мындан тышкары, 2 түрк университети алдыңкы 300гө, 4 университет алдыңкы 400гө, ал эми 6 университет алдыңкы 500гө кирди.

Ортоңку Чыгыш техникалык университети 269-орунда, Стамбул техникалык университети 298-орунда болуп, дүйнөнүн эң мыкты 300 университетинин катарына кирди. Коч университети 323-орунда, Богазичи университети 371-орунда болуп, алгачкы 400гө кирсе, Сабанжы университети 404-орунда, ал эми Билкент университети 415-орунда болуп, дүйнөнүн эң мыкты 500 университетинин катарына кирди.

Хажеттепе университети 571-орунду, Стамбул университети 628-орунду, Анкара университети 697-орунду, Йылдыз Техникалык университети 736-орунду, ал эми Гази университети 915-орунду алып алдыңкы 1000 университеттин катарына кирди.

QS Түркия отчетуна ылайык, Ортоңку Чыгыш техникалык университети, Богазичи жана Стамбул университети "Иш берүүчүлөрдүн кадыр-баркы" көрсөткүчү боюнча дүйнөнүн алдыңкы 100 университетинин арасында орун алды. Түрк жогорку билим берүү системасынын жана түрк университеттеринин эл аралык академиялык кадыр-баркы ылдам өсүүдө.

Жогорку билим берүү кеңешинин төрагасы, профессор доктор Эрол Өзвар : "Бул ийгилик кокустук эмес. Биз баарыбыз бирдикте эмгектендик. Мындан да жакшы натыйжаларга жетишебиз. Рейтингге кирген жана эмгек кылган бардык университеттерибизди куттуктайм”,- деди.

Иликте
Россия украиналык 1000 аскердин сөөгүн   кайтарып берди
Грузия-Азербайжан чек арасына жакын жерге кулап түшкөн C-130 учагында жарылуучу заттар табылган жок
Түркиянын деңиз бургулоочу кемеси Сомалиде тарыхый миссиясын баштады
Түркиянын коммуникация башкармалыгы: НАТО согушка туруштук берүү үчүн өзгөрүшү керек
Бельгиянын тышкы иштер министри ок атышууну токтотуу келишимине Ливандын да кириши керектигин айтты
Газада Израилдин кол салуусунан дагы бир палестиналык журналист каза болду
Пакистан Израилдин Ливандагы "агрессиясын" айыптап, эл аралык коомчулукту чара көрүүгө чакырды
Ливан Израилдин кол салууларынан кийин улуттук аза күтүү күнүн жарыялады
Түркия Грецияны түрк азчылыгынын шайланган диний лидерлеринин укугун коргоого чакырды
Израиль алты жумалык жабылуудан кийин Аль-Акса мечитин жана Ыйык кабыр чиркөөсүн кайра ачууда
Түндүк Корея кассеталык дүрмөттүү баллистикалык ракетаcсын сынады
Трамп "чыныгы келишим" ишке ашмайынча АКШнын Иранда жана анын айланасында кала берерин эскертти
"Хизбулла" Ливанга жасалган кол салууларга жооп катары Израилдин түндүгүнө ракеталык чабуул койду
Гутерриш Израилдин Ливандагы кол салууларын айыптап; ок атышпоо коркунучта болорун эскертти
Пентагон: Ирандын коргонуу өнөр жайынын инфраструктурасы "толугу менен" талкаланды