Доха: "Катар Ирандын АКШнын базасына кол салуусунан кийин жооп кайтаруу укугун өзүнө калтырат"

Катардын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы, өлкөнүн абадан коргонуу системалары ракеталарды ийгиликтүү таасирсиз кылганын жана база алдын ала эвакуациялангандыктан жабыркагандар болбогонун ырастады.

Al Ansari confirmed that no casualties had resulted from the attack. / AFP

Перс булуңундагы өлкөлөрдөн Катар Ирандын АКШнын аймактагы эң чоң аскердик базасына кол салышын айыптап, муну «эгемендигин ачык бузуу» катары сыпаттады.

Катардын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мажид Аль-Ансари билдирүүсүндө: «Катар мамлекети, Ирандын революциялык сакчылар корпусу тарабынан Аль-Удейд аба базасына жасалган кол салууну катуу айыптайт. Муну Катар мамлекетинин эгемендигин жана аба мейкиндигин, ошондой эле эл аралык мыйзамдарды ачык бузуу деп эсептейбиз»,-деди.

Аль-Ансари: “Катар эл аралык укуктун алкагында бул ачык агрессияга пропорционалдуу жана түз жооп берүү укугун өзүнө калтырат”,-деп кошумчалады.

Катардын абадан коргонуу системалары Ирандын ракеталарын ийгиликтүү таасирсиз кылганын баса белгилеген басма сөз катчы, аймактагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу алдын алуу чараларынын алкагында база мурда эле эвакуацияланганын билдирди.

Базадагы Катардын куралдуу күчтөрүн, союздаш аскерлерди жана башка кызматкерлерди коргоо үчүн бардык зарыл чаралардын көрүлгөнүн айтты.

Аль-Ансари чабуулдан эч кандай жоготуулар болбогонун тастыктады.