ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Израиль прокуратурасы Нетаньяхунун АКШ сапарына байланыштуу коррупциялык ишти кийинкиге калтырды
АКШнын президенти Трамп Нетаньяхунун сотун жокко чыгаруу чакырыгын кайталап, сот процессин премьер-министрге каршы "саясий куугунтук" деп мүнөздөдү.
Израиль  прокуратурасы Нетаньяхунун АКШ сапарына байланыштуу коррупциялык ишти кийинкиге калтырды
/ AP

Жергиликтүү медиа шаршемби күнү Израилдин премьер - министри Биньямин Нетаньяхунун келерки жумада карала турган коррупция иши боюнча соттун АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушуу үчүн Вашингтонго жасай турган сапарынан улам кечеңдетүү талабынын Израиль тарабынан кабыл алынгандыгын билдирди.

Израилдин премьер-министри келерки жумада АКШга барып, Трамп жана башка жогорку даражалуу америкалык жетекчилер менен Газа согушу, Иран жана башка аймактык маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Израилдин коомдук телекөрсөтүү каналы КАНдын маалыматына ылайык, Нетаньяху АКШ сапарын негиз катары көрөтүп, соттук отурумдарды токтотууну талап кылуусу менен прокуратура бул талапты кабыл алды.

Бул жумадагы соттук отурумдар да премьер-министрдин ушул эле өтүнүчүнөн кийин Кудс соту тарабынан токтотулган.

Бул чечим Трамптын Нетаньяхунун соттук ишинин токтотулушу тууралуу кайталаган чакырууларынан кийин чыгарылды. Трамп болсо сот ишин премьер - министрге каршы “бакшы аңчылыгы” деп мүнөздөдү.

Нетаньяху пара алуу, алдамчылык жана ишенимди бузуу менен соттолуда.

Январь айында Нетаньяху 1000, 2000 жана 4000 иштер боюнча сурак бере баштаган, бирок ал айыптоолорду четке каккан. Башкы прокурор бул иштер боюнча айыптоо корутундусун 2019-жылдын ноябрь айынын аягында берген.

Нетаньяхунун соту 2020-жылдын 24-майында башталган жана ал өлкөнүн тарыхында кылмышкер катары сурак берген Израилдин биринчи лидери болду.

Нетаньяху согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштар менен да айыпталууда. Эл аралык кылмыш соту 2024-жылы ноябрда Нетаньяху менен мурдагы коргоо министри Йоав Галлантты Газадагы адамкерчиликсиз аракеттери үчүн камакка алууга ордер берген. 2023-жылдын 7-октябрынан бери 56 миң 600дөн ашуун адам каза болгон, алардын көбү аялдар жана балдар.

Иликте
Судан менен Египеттин чек арасындагы аба соккусунан 72 кенчи каза болгон деген айыптоолор айтылууда
БУУ: "Жибутинин жээгинде кеме кырсыгынан 139 адам каза болуп, 84 адам дайынсыз жоголду"
АКШда коомдук каражаттар менен каржыланган Трампты колдогон жарнамаларды токтотуу чечими
Ирактын согуштук учактары өлкөнүн чыгышындагы ДЕАШ террордук уюмуна таандык жайларды талкалады
Бурханеттин Дуран Израилдин коргоо министри Кацтын билдирүүлөрүнө каршылык көрсөттү
Түркия, Египет, Пакистан жана Сауд Арабиясы хуситтердин кол салууларын айыпташты
Израиль ок атышпоого карабастан Ливандын түштүгүнө абадан сокку урду
Канкор Израилдин Газага кол салууларынан каза болгондордун саны 74 миң 377ге жетти
Израилдик баскынчылар Батыш Шериада палестиналыктар жыйнаган зайтундарды уурдап кетишти
Эрдогандын "Түрк дүйнөсүнө" байланыштуу билдирүүсү
Эр-Рияд аэропортуна кол салуудан 12 адам каза болуп, 309 адам жаракат алды
ASELSAN ГӨКАЛП системасын таанытты
АКШдагы куралдуу кол салуудан тогуз адам каза болду
Түркиянын Футбол Федерациясы Монтеллага ыраазычылык билдирди
Анкарада Израилдин Газага кол салууларына каршы нааразылык акциялары