ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
АКШ Түркияга реактивдүү кыймылдаткычтарды сатуу процессин тездетип жатат
Трамп администрациясы Анкарага ондогон согуштук учактардын кыймылдаткычтарын жеткирүүнү камтыган чоң аскердик сатуу планын ишке ашыруу чечимин чыгарды.
АКШ Түркияга реактивдүү кыймылдаткычтарды сатуу процессин тездетип жатат
Акыркы маалыматтарга караганда, АКШ Түркияга реактивдүү кыймылдаткычтарды сатууну алдыга жылдырууда. (Сүрөт: АРХИВ) / AA

Трамп администрациясынын Түркияга баасы 750 миллион долларды түзгөн F110 реактивдүү учак кыймылдаткычтарын сатууну ишке ашыруу үчүн аракетке өткөнү билдирилди.

Басма сөздөгү маалыматтарга караганда, администрация «General Electric» компаниясы тарабынан чыгарылган жана Түркиянын алгачкы ата мекендик «KAAN» согуштук учагына орнотула турган кыймылдаткычтарды сатууну улантуу ниетин Конгресске билдирди. Администрация президент Режеп Таййип Эрдоганды «аймактагы маанилүү өнөктөш» деп мүнөздөдү.

Бул кадам АКШнын президенти Дональд Трамптын келерки айда Анкарада президент Эрдоган менен жолугушуусу күтүлүп жаткан НАТО саммитинин алдында Түркияга карата маанилүү жаңсоо катары каралууда.

Сатуунун жакынкы күндөрү аяктай  турганы күтүлүүдө, андан кийин АКШнын Мамлекеттик департаменти Конгресске расмий түрдө билдирүүсү күтүлүүдө.

Трамп шаршемби күнү Анкаранын F-35 согуштук учактары жана реактивдүү кыймылдаткычтары тууралуу талабы тууралуу суралуусу боюнча  Түркияны "кубандыра турган" кадам ташташы мүмкүн экенин  айткан.

Трамптын 7-8-июлда НАТОнун саммитине катышуу үчүн Анкарага келиши  жана президент Эрдоган менен жолугушары күтүлүүдө.

АКШ Түркиянын Россиядан  S-400 абадан коргонуу системасын сатып алуусуна нараазычылык билдирп, 2019-жылы F-35 согуштук учактары программасынан чыгарган.Вашингтон S-400 системасынын F-35 учактарынын коопсуздугуна коркунуч келтирерин жана НАТОнун системаларына шайкеш келбей турганын билдирген.

Түркия эки системанын ортосунда эч кандай карама-каршылык жок экенин бир нече жолу билдирип, маселени иликтөө үчүн биргелешкен комиссия түзүүнү сунуштаган.

Анкара өзгөчө F-35 программасындагы милдеттенмелерин аткарганын жана программадан чыгарылышынын эрежелерге тескери экендигин белгилеген.

Түркия F-35 согуштук учактары өзүнүн коргонуусун гана эмес, НАТОнун коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн да бекемдей турганын жактап жатат.

Иликте
АКШ менен Канаданын ортосундагы тарифтик чыңалуу: Трамп Оттава администрациясын катуу сынга алды
Израилдин Газага жасаган геноциддик чабуулдарынан каза болгондордун саны 73 419га жетти
Пезешкиан: Иран "согуш да, тынчтык да эмес" деген кырдаалдын токтошун каалайт,компромисске барбайт
Пакистан жана Малайзия коопсуздук чөйрөсүндө кызматташууну тереңдетүү боюнча макулдашты
Израилдин аскер кызматкерлери Нетаньяху шайлоону кийинкиге калтыруу үчүн чыңалууну күчөткөнүн айтат
Тордун ханышалары Словения менен беттешет
Украиналык дрондор Самара облусундагы өнөр жай объектисин жана Ozon платформасынын кампасын атты
Иран армиясынын өкүлү: Иран армиясы коргонуудан чабуулга өттү
Израилдин расмий өкүлдөрү: Нетаньяху Түркия менен чыңалуунун "керексиз" күчөшүнө алып келүүдө
Колумбиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны өсүүдө; Түркия гуманитардык жардамды  көрсөтүүдө
Түркия Президент Эрдоганга карата айтылган пикирлерге байланыштуу Израилди сынга алды
Түркия жана 11 башка өлкө Сириядагы Израилдин соккуларына каршы чыкты
Түркия Интерполдон Нетаньяхуга каршы кызыл бюллетень чыгарууну суранды
Кыргызстан мунай импорттоо тармагын кеңейтүүдө
Индонезия менен Кытайдын тышкы иштер министрлери жолугушту