ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Түркия төрт палестиналыктын өлтүрүлүшүн айыптап, Израилдин «геноцид саясатын» сынга алды
Анкара "Нетаньяху өкмөтү тарабынан колдоого алынган" отурукташуучу террорчулар тарабынан төрт палестиналыктын өлтүрүлүшү "Израилдин улантып жаткан геноцид саясатынын жыйынтыгы" экенин билдирди.
Түркия төрт палестиналыктын өлтүрүлүшүн айыптап, Израилдин «геноцид саясатын» сынга алды
«Биз басып алынган Палестина аймактарында мыйзамсыз отурукташуучулардын күчөп жаткан террорун кескин айыптайбыз», — деп билдирди Тышкы иштер министрлиги билдирүүсүндө.

 Түркия төрт палестиналык өлтүрүлгөндөн кийин оккупация астындагы Палестина аймактарында күч алган мыйзасыз отрукташуучулар жүргүзгөн террордук айыптады.

Тышкы иштер министрлиги жума күнү жасаган билдирүүсүндө: "Оккупацияланган Палестина аймактарында барган сайын күчөп жаткан мыйзамсыз отурукташуучулардын террорун кескин түрдө айыптайбыз", — деп билдирди.

Министрлик жума күнү төрт палестиналыктын "Нетаньяху өкмөтү тарабынан колдоого алынган отурукташуучу террорчулар" тарабынан өлтүрүлүшү "Израилдин улантып жаткан геноцид саясатынын жыйынтыгы" экенин баса белгиледи.

Билдирүүдө Палестина аймактарын басып алган отурукташуучу террорчулардын жана колдоочуларынын кылмыштары жазасыз калбашы жана жоопко тартылышы үчүн эл аралык сотко кайрылуусу кайталанды.

Биньямин Нетаньяху менен Коргоо министри Исраэль Кац жума күнү эртең менен оккупацияланган Батыш Шерианын батышындагы Хават-Гилад конушуна жакын жерде болгон куралдуу кол салуудан кийин Палестина айылдарында "кеңири масштабдуу аскердик операция" баштоо буйругун беришкен.

Анадолу агенттигинин кабарчыларынын маалыматына караганда, андан кийин мыйзамсыз израилдик отурукташуучулар Наблус провинциясындагы Сарра жана Уриф айылдарына чабуул жасап, палестиналыктарга таандык үйлөрдү жана башка мүлктөрдү өрттөшкөн. Айыл тургундары болсо таш ыргытып, кол салгандарга каршылык көрсөтүшкөн.

Израиль 2023-жылдын октябрь айында Газага карата оор аскердик чабуулдарын баштагандан бери оккупацияланган Батыш Шериада зомбулук күчөдү.

 Палестина бийлигинин маалыматына караганда, бул мезгилде Израиль армиясынын рейддери жана басып алуучулардын чабуулдарынын кесепетинен кеминде 1182 палестиналык каза болуп, миңдеген адам жаракат алган жана 24 миңге чукул киши кармалган.

Иликте
Испаниянын түштүгүндө түн ортосунда болгон жер титирөө имараттар менен унааларга зыян келтирди
Эрдоган АК партиянын түптөлүшүнүн 25 - жылында сүйлөгөн сөзүндө:"Эми гана баштап жатабыз",- деди
Захарова Түркиядан келген тынчтык демилгелерин кылдаттык менен карап жаткандарын билдирди
Министр Фидандын Египет сапары тууралуу маалымат бөлүштү
Түркия "дос жана бир тууган" Пакистанды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Улуттук коргоо министрлиги Тынчтык операциясынын 52  жылдыгында шейиттерди жана ардагерлерди эскерди
Түркияда акыркы 24 жылда 2 миң 251 километр жогорку ылдамдыктагы темир жол линиясы курулду
Түрк аба жолдору Кытайдагы учуу желесине Чэндуну да кошту
АКШнын Коргоо министри Иранга каршы блокаданы "чексиз мөөнөткө" уланта ала тургандарын айтты
Нетаньяху Британияны "Ислам Республикасы" деп сыпаттады
АКШнын Иранга каршы согушу Кытайда электр жүк ташуучу унаалардын сатылышын көбөйттү
Ормуз кысыгында БАЭге таандык эки ADNOC танкери бутага алынды
ЦРУ Израилдин Иран Трампка каршы кутум уюштурган деген билдирүүсүнөн күмөн санап жатат
Латвияда аба мейкиндигин бузган дрон НАТОнун согуштук учактары тарабынан атып түшүрүлгөнү билдирилди
Индияда курулуп  жаткан туннелди суу каптап, 7 адам каза болуп, 10 адам жаракат алды