ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Түркиянын калкынын саны 2025-жылы 86 миллиондон ашты
Калктын санынын өсүү ылдамдыгы 2024-жылы миңден 3,4 пайыз болсо, 2025-жылы миңден 5 пайызга жогорулады.
Түркиянын калкынын саны 2025-жылы 86 миллиондон ашты
Түркия калкынын орточо жаш курагы жогорулады. / AA

Расмий маалыматтарга ылайык, Түркиянын калкы 2025-жылы 86,09 миллионго жетип, мурунку жылга салыштырмалуу 427 224 адамга көбөйдү.

Түркия статистика мекемесинин (TÜIK) дүйшөмбү күнкү билдирүүсүнө караганда, Түркияда эркектердин саны 43,06 адам менен жалпы калктын 50,02%ын, ал эми аялдардын саны 43,03 адам менен 49,98%ын түздү.

Калктын санынын жылдык өсүү темпи 2024-жылы миңден 3,4 пайыз болсо, 2025-жылы миңден 5 пайызга жогорулады.

Түркиянын статистика мекемесинин (TÜİK) көрсөткүчтөрүнө караганда, "Облус жана райондук борборлордо жашаган адамдардын саны 2024-жылы 93,4%дан 2025-жылы 93,6%га өстү. Ал эми шаарча жана айылдарда жашаган адамдардын саны 6,6%дан 6,4%га төмөндөдү.

Стамбул 2025-жылы Түркиянын калкы эң көп шаары болду. Калкынын саны 15,75 миллионго жетип, мурунку жылга салыштырмалуу 52 451 адамга көбөйдү.

Стамбулдан кийин 5,9 миллион калкы менен Анкара, 4,5 миллион калкы менен Измир, 3,26 миллион калкы менен Бурса жана 2,77 миллион калкы менен Анталья турат.

Түркия калкынын орточо жашы 2024-жылы 34,4 жаштан 2025-жылы 34,9 жашка жогорулады.

Ишке жарамдуу курактагы бир адамга туура келген балдардын жана улгайган адамдардын санын көрсөткөн жаш курагына жараша көз карандылык коэффициенти болсо өткөн жылы 0,1 пайыздык пунктка төмөндөп, 46%ды түзгөн.

Иликте
Тышкы иштер министрлиги Младичке сөөк коюу  өткөрүлгөнүнө каршылык билдирди
Жер Ортолук деңизиндеги эң ири айлана-чөйрөнү коргоо өнөктүгү Фетхиеде башталды
Стамбул аэропорту Европадагы алдыңкы ордун сактап калды
Эрдоган: Түркия Иран-АКШ тирешүүсүн токтотуу үчүн аракет кылууда
Түркия ЕПге каршылык көрсөттү: "Тарыхый чындыктар бурмаланууда"
Улуттук Чалгындоо Уюмунун башчысы Ибрахим Калын Афинада грек кесиптеши менен жолугушту
Стамбулда ДЕАШ менен байланышы бар деп шектелген киши операция учурунда жок кылынды
Байрактар АКЫНЖЫ улуттук багыттоочу комплекттерди колдонуп, буталарга таамай сокку урду
Эрдоган: "Түркиянын ШКУга кошулушу Батышка аркасын салуу деген маанини билдирбейт"
Президент Эрдоган: «Греция демилитаризацияланган аралдарды куралдандырууну токтотушу керек»
Стамбул жээгинде эки коммерциялык кеме кагылышып, экипаждын 10 мүчөсү дайынсыз жоголду
Түркиянын адилет министри Гүрлек грек кесиптеши Флоридис менен сүйлөштү
Президент Эрдоган Путин менен жолугушту
Түркия космосту изилдөөдө жаңы кадам таштады: Артемида келишимине кол коюлду
Түрк коргоо өнөр жайы дүйнөлүк гиганттар менен атаандашууда
Министрлер Фидан менен Гүлер, Пакистандын Тышкы иштер министри Дар менен Бишкекке бара жатышат
Президент Эрдоган Азербайжандын президенти Алиев менен жолугушту
Президент Эрдоган Шанхай саммитине катышат
Түркия Түндүк Кипрдин жээгинде оодарылып кеткен кемеде каза болгондордун жакындарына көңүл айтты
Коммуникация башчысы Дуран 30-Август Жеңиш майрамы боюнча билдирүү жарыялады