ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
АКШнын Карибге согуштук кемелерин жайгаштыруусуна Мадуронун жообу
Венесуэланын президенти Мадуро Трамптын аскердик кийлигишүү коркутуусуна каршы чыгып, учурдагы кысымдардын өкмөттү күчтөндүргөнүн айтты.
АКШнын Карибге согуштук кемелерин жайгаштыруусуна Мадуронун жообу
/ Reuters

Венесуэланын президенти Николас Мадуро бейшемби күнү өлкөсүнө чет элдик күчтөрдүн кире албай турганын айтты. Бул билдирүү АКШнын президенти Дональд Трамптын Кариб деңизи чөлкөмүнө аскер күчтөрүн жайгаштыруу чечиминен кийин эки өлкөнүн ортосундагы чыңалуу күчөгөн маалда айтылды.

Каракастагы аскердик иш-чарада аскердик форма кийип сөз сүйлөгөн Мадуро ыктымалдуу АКШ кийлигишүүсүнө түздөн-түз жооп берди.

“Венесуэлага кирүүнүн эч бир жолу жок,” – деди жана учурдагы кысымдар өкмөтүн бекемдеп жатканын айтты.

Мадуро АКШнын соңку аракеттерин БУУнун Уставын бузган курчоо жана куугунтук катары сыпаттап бул чаралар тескери натыйжа берерин жактады.

“Бүгүн 20 күндүк тынымсыз курчоодон кийин кечээкиге караганда күчтүрөөкбүз. Бизде улуттук жана эл аралык колдоо көбөйдү,” – деди.

Мадуро Колумбиянын Кататумбо аймагына 25 миң аскердин жиберилишине буйрук бергени үчүн Колумбиянын президенти Густаво Петрого ыраазычылык билдирип, бул кадамды Венесуэла менен Колумбиянын тынчтык үчүн биригүүсү жана өз аймактарын коргоосу катары баалады.

Трамптын буйругу менен Латын Америкасындагы баңги картелдерине каршы кеңири аскердик операцияларга уруксат берилип, Кариб деңизине деңиз күчтөрүнүн атайын тобу, анын ичинде суу астында жүрүүчү кеме жана жети согуштук кеме жайгаштырылды.

Аскердик кызматкерлер CNNге 4000 деңиз аскеринин да бул аймакка жөнөтүлөрүн билдиришти.

Иликте
Улуттук аялдар волейбол командасынын Европа чемпиондугу Италиянын басма сөз беттеринде
Орусия: Германия Бонндогу Башкы консулдугубузду негизсиз шылтоо менен жапты
Президент Эрдоган Европа чемпиону болгон А Улуттук аялдар волейбол командасын куттуктады
Кыргызстан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жеңишке жетти
Жер Ортолук деңизиндеги эң ири айлана-чөйрөнү коргоо өнөктүгү Фетхиеде башталды
Индонезиядагы жанар тоо атылып чыккандан кийин 1500дөн ашык каттам токтотулду
Стамбул аэропорту Европадагы алдыңкы ордун сактап калды
Орусия АКШ жана Кытай менен үч тараптуу саммит өткөрүүгө даяр
Революциялык гвардия: АКШ блокадасы Иранга караганда Вашингтонго көбүрөөк чыгым алып келиши мүмкүм
Израиль Сириянын түштүгүндөгү Кунейтра аймагын бомбалады
Анкаранын 8 айдагы экспорту өткөн жылга салыштырмалуу 20,7% өстү
Украина: Россияга багытталган операцияны кийинки аптада  кайра кайталайбыз
Иран:"Эч кимдин балдарыңыздарды Израиль үчүн жалданма аскер кылуусуна уруксат бербеңиздер"
Израиль гезити карызы бар америкалыктар үчүн Иранга кол салуу планын сунуштады
Россиядан АКШга билдирүү: Украина боюнча чечим согуш талаасындагы чындыкты чагылдырышы керек