ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Түркия Кара деңизде кол салууга кабылган кемелердеги жарандарынын абалын кылдат көзөмөлдөп жатат
Тышкы иштер министрлиги кечээ кечинде Россиянын Новороссийск портунан чыккандан кийин дрондордун кол салуусуна кабылган "Яшар" жана "Надежда" деп аталган жарандык кемелердеги түрк жарандарынын абалы жакындан көзөмөлдөнүп жатканын кабарлады.
Түркия Кара деңизде кол салууга кабылган кемелердеги жарандарынын абалын кылдат көзөмөлдөп жатат
Орусиянын Новороссийск портунун жанында учкучсуз аппараттын чабуулуна кабылган «Надежда» аттуу жүк ташуучу кемеде чыккан өрттүн кесепетинен түтүн көтөрүлүүдө.

Министрликтен берилген маалыматта :”«Яшар» жана «Надежда» аттуу Түркиянын ээлигиндеги жарандык кемелер кечээ кечинде Новороссийск портунан чыккандан кийин дрондордун соккусуна кабылганы жана аларында биздин да жарандар болгон бир топ кызматкердин жаракат алгандыгы маалым болду. Жарандарыбыздын коопсуздугуна алдыңкылык берип жатабыз, алардын абалы кылдаттык менен көзөмөлдөнүп жатат»,- деп айтылды.

«Россия менен Украинанын ортосундагы согуш, бардык эскертүүлөрүбүзгө карабастан жарандык кемелерге да таасирин тийгизип, Кара деңизге жайылышынан улам олуттуу тынчсыздануу жаратууда»,- деп айтылды. Кара деңиздеги абалдын курчушу азык-түлүк коопсуздугу менен бирге көп кырдуу терс кесепеттерге алып келери айтылды.

Билдирүүдө согушкан тараптар жана башка тиешелүү бардык акторлорго Кара деңизде кемелердин коопсуз сүзүүсүн камсыз кылуу үчүн конкреттүү чараларды дароо ишке ашыруу тууралуу кайрадан чакырык салынды.

Иликте
Латвияда аба мейкиндигин бузган дрон НАТОнун согуштук учактары тарабынан атып түшүрүлгөнү билдирилди
Индияда курулуп  жаткан туннелди суу каптап, 7 адам каза болуп, 10 адам жаракат алды
Нигерияда шахта урап, тогуз адам каза болду
Египеттеги соода борборундагы жарылуудан үч адам каза болуп, 17 адам жаракат алды
Ирак делегациясы "эки тараптуу коопсуздук маселелерин сүйлөшүү үчүн" Сауд Арабиясына барды
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Ниязбеков Түркияга сапар жасады
Орусия менен Украина каза болгон жоокерлердин сөөктөрүн алмашты
Немрут тоосунда күндүн батышына кызыгуу
Алихан Куриш кылмыш уюмуна каршы операция
Түркия 2027-жылдын алгачкы айларында Ай аппаратын космоско учурат
Грецияда бир жуманын ичинде Батыш Нил вирусунун 45 жаңы учуру катталды
Ирандын тышкы иштер министри Франциянын адам укуктарына байланыштуу билдирүүсүнө жооп берди
Иран: "Ормуз кысыгы биздин шарттар кабыл алынмайынча ачылбайт"
Орусиянын президенти Путин Курил аралдарына барды
Россия: Краснодар аймагында Украинанын дрондук  чабуулунан эки адам каза болду