Кытайдын түндүгүндөгү карылар үйүндө өрт чыгып, 20 киши каза болду

Мамлекеттик маалымат каражаттары, адистердин өрттүн себебин иликтеп жаткандарын жана калган адамдардын жакын жердеги ооруканага жеткирилгенин айтышууда.

Experts have gone to the nursing home to investigate the cause of the fire, the news agency said. / TRT World

Синьхуа маалымат агенттиги “Кытайдын түндүгүндөгү карылар үйүндө чыккан өрттөн 20 адам каза болду деп” кабарлады. Өрттүн себеби тууралуу маалымат берилген жок.

Өрт 8-апрелде жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 21.00де Хэбэй провинциясынын Чэндэ шаарында болгонун Синьхуа шаршемби күнү жергиликтүү бийликке таянуу менен билдирди.

Карылар үйүндөгү калган адамдардын көзөмөлгө алынуусу жана дарылануусу үчүн жакынкы ооруканага которулганы кабарланды, бирок алардын саны айтылган жок.

Маалымат агенттиги, адистердин өрттүн себебин аныктоо үчүн карылар үйүнө жөнөтүлгөнүн айтты.