ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Түрк коргоо өнөр жайынын компаниялары Азербайжанда 500 миллион долларлык келишимдерге кол коюшту
ASELSAN Азербайжанга "Alp 100" радар системаларын; БАЙКАР "Мызрак" акылдуу учуучу ок-дарылар менен Антидот; РОКЕТСАН "Барбарос" жээк коргонуу системасын; ТУСАШ болсо Хүркуш учактарын берет. Мындан тышкары ASELSAN Нахчыванда завод курат.
Түрк коргоо өнөр жайынын компаниялары Азербайжанда 500 миллион долларлык келишимдерге кол коюшту
Азербайжан эл аралык коргонуу жарманкесинин (ADEX 2026) алкагында ар түрдүү келишимдерге кол коюлду.

Түркия менен Азербайжандын ортосунда коргоо өнөр жайы тармагында кызматташуу, биргелешкен өндүрүш, технология жана коргонуу системаларын жеткирүү боюнча келишимдерге жана меморандумдарга кол коюлду.

Азербайжандын борбору Бакуда өткөн 6-Азербайжан эл аралык коргонуу көргөзмөсүнүн (ADEX 2026) алкагында ар кандай келишимдерге кол коюлду.

Азербайжандын Коргоо өнөр жайы башкармалыгы жана Коргоо өнөр жайы министрлигинин колдоосу астында өткөн аземде ASELSAN менен NOVASIS MMC ортосунда Нахчыванда завод куруу боюнча алдын ала протоколго, ошондой эле Босфор коргонуу компаниясы менен Азербайжан тараптын ортосунда өнөктөштүк жана жергиликтүү өндүрүш келишимине кол коюлду.

Босфор коргонуу менен Жээк коргонуу компаниялары жана NOVASIS MMC ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандумдарына кол коюлду.

Азербайжандын Коргоо министрлигинин колдоосу астында өткөн кол коюу аземдеринде болсо ASELSANдын Азербайжанга "Alp 100" радарын жеткирүүсүнө байланыштуу өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.

BAYKAR да Азербайжан менен Мызрак акылдуу ок-дарыларын жана антидотторду жеткирүү боюнча эки башка келишимге кол койду.

Аземде РОКЕТСАН тарабынан Азербайжанга Барбарос жээк коргонуу системасын жана ТУСАШ тарабынан Хүркушту жеткирүү боюнча келишимдерге кол коюлду.

Коргоо министрлигине караштуу Miras компаниясы менен Машина ve химия идустриясынын (MKE) ортосунда кызматташууну өнүктүрүү максатында өз ара түшүнүшүү меморандумуна да кол коюлду.

Келишимдердин наркы 500 миллион доллардан ашары айтылууда.

Иликте
НАТОнун жылдык ядролук куралдан коргонуу машыгуусу 13-октябрда башталат
АКШга жакындаган Исаиас бороонуна байланыштуу мажбур эвакуациялоо буйругу берилди
Украина БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү талап кылууда
Зеленский, Украинанын сүйлөшүү тобу эртең Виткофф жана Кушнер менен жолугушарын билдирди
Түркия менен Кытай космостук технологиялар боюнча келишимге кол коюшту
УКМ: Сауд Арабиясына аскердик күчтөрдү жана мүмкүнчүлүктөрдү берүү жана жайгаштыруу чаралары каралды
Россия менен Украинанын бири-бирине кол салууларынан кеминде 56 киши каза болду
Түркиянын тогуз айдагы автомобиль экспортунда ЕБ алдыңкы орунда
Отчет: Иран согушунда АКШнын 81 аскердик аба техникасы жоголду же зыян тартты
Түркия да 2036-жылкы Олимпиада оюндарын өткөрүүгө талапкер
CNN: Стамбул аэропорту Лондонду тактыдан түшүрүп, асманга үстөмдүк кылууда
Эль-Ниньо Тынч океандын температурасын рекорддук деңгээлге жеткириши мүмкүн
30 долларга алынган картина аукциондо 1,35 миллион долларга сатылды
Кытайлык хакер Түштүк Кореянын банктарына киберчабуулдарда жасалма интеллектти колдонгон
Францияда студенттердин нааразычылыгы өлкөнү башаламандыкка алып келди