ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Медведевдин коркутууларынан кийин АКШ суу астындагы ядролук кемелерин “ылайыкту аймактарга" жөнөттү
Украинада токтоп калган сүйлөшүүлөрду улантуу аракеттери жүргүзүлөөдө жана АКШнын президенти Трамп Кремлдин айткандарына күч көрсөтүү менен жооп берди. Чыңалуу күчөгөн сайын ядролук тирешүү коркунучу да күчөп баратат.
Медведевдин коркутууларынан кийин АКШ  суу астындагы ядролук кемелерин “ылайыкту аймактарга" жөнөттү
/ Reuters

АКШ президенти Дональд Трамп Россиянын мурдагы президенти Дмитрий Медведевдин 'акылсыз жана чагымчыл' деп мүнөздөгөн билдирүүлөрүнө жооп катары суу астындагы эки ядролук кемени ылайыктуу аймактарга жайгаштыруу буйругун бергенин жарыялады.

Трамп жума күнү социалдык тармактардагы бөлүшүүсүндө: "Бул акылсыз жана чагымчыл билдирүүлөр жөн гана сөз бойдон калбашы үчүн суу астындагы ядролук эки кемени ылайыктуу аймактарга жайгаштырууга буйрук бердим", - деди.

Бул кадам Трамп менен Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Медведевдин ортосундагы курч талаш-тартыштан кийин ташталды. Буга чейин Трамп Москвага Украинада ок атышууну токтотуу боюнча 10 күндүк ультиматум берген жана антпесе Россиянын жана соода өнөктөштөрүнүн экспортторуна катуу тарифтердин киргизилерин эскерткен.

Россиянын кансыз согуш мезгилиндеги ядролук куралдар тууралуу эскертүү

Медведев Трампты 'ультиматум оюнуна' киришүү менен айыптап каршылык көрсөттү жана Россиянын кансыз согуш мезгилине таандык ядролук курал жарактарын эске салды. Трамп болсо Медведевди “айткан сөздөрүнө этият болуу" менен” эскертип жооп берди.

Кремлдин өкүлдөрү АКШнын президентинин коркутууларына олуттуу карабагандарын билдирип, Москванын Трамп койгон мөөнөткө баш ийүүгө ниеттенип жатканы тууралуу эч кандай белги берген жок.

Трамптын стратегиялык элементтерди кайра жайгаштыруу чечими, Украинадагы согуштан улам күчөгөн чыңалуу шартында сөздөрдүн кескин курчуганын көрсөтүүдө.

2022-жылы Россиянын Украина менен согуш башташынан бери Медведев Батышты бутага алган курч билдирүүлөрү менен Москва жетекчилигиндеги эң агрессивдүү фигуралардын бирине айланды.

Иликте
Украина Россия менен болгон алмашуунун алкагында 252 адамдын сөөгүн алды
Иранда болгон селде эки адам каза болуп, эки адам дайынсыз жоголду
Президент Илхам Алиев Индиянын тышкы иштер министри Жайшанкарды кабыл алды
Президент Эрдоган Канаданын премьер-министри Карни менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү
Президент Эрдоган: «Адилеттүү чечимдер үчүн ортомчулук кылууну улантабыз»
Түндүк Кореянын Түштүк Кореянын чек арасына 960 миң мина койгону айтылууда
Израиль армиясы Батыш Шерианын түштүгүндө эки палестиналыкты өлтүрдү
Кытайдын Тибет автономиялуу аймагында 7 баллга жеткен жер титирөөдөн 16 адам каза болду
Түркияда кош жарандыгы бар жарандарга Болгарияда боло турган шайлоого катышуу үчүн чакырык салынды
Улуу Британия ыктымалдуу кризистерге даярдык көрүүгө чакырды
Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты эртең Казакстанда башталат
Орусиянын президенти Путин Украина менен макулдашууга даяр экенин билдирди
Албанияда студенттердин нааразылык акциялары уланууда
Сирия режимдин кулатылган лидери Асад жана анын бир тууганы Махир Асад боюнча Интерполго кайрылды
Президент Эрдоган ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды