Эрдоган : Түркия менен Иран террор менен күрөшүүдө кызматташууну күчөтүшү керек

Коммуникация башкармалыгы Ирандын президенти менен жолугушкан Режеп Таййип Эрдогандын Иран - Израиль ок атышпоосунун туруктуу болушу керектигин баса белгилегенин жана келишпестиктердин диалог жолу менен чечилишинин маанисине көңүл бурганын билдирди.

Президент Режеп Таййип Эрдоган жума күнү ирандык кесиптеши Месуд Пезишкиан менен Азербайжанда өткөргөн жолугушууда Түркия менен Ирандын террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты күчөтүшү керектигин айтты.

Коммуникация башкармалыгынын Х платформасынан берген маалыматка караганда Эрдоган менен Пезишкиандын жолугушуусу Азербайжандын Ханкенди шаарында уюштурулган Экономикалык Кызматташтык Уюмунун саммитинде ишке ашты. Жолугушууда эки тараптуу карым - катнаштар жана аймактык маселелер да каралды.

Туруктуу тынчтык

Эрдоган Иран менен Израилдин ортосундагы азыркы ок атышпоону туруктуу абалга айландыруу керектигин баса белгилеп, келишпестиктерди диалог жана сүйлөшүү жолу менен чечүүнүн маанисине көңүлдөрдү бурду.

Ошондой эле Анкара тынчтыкты орнотуу үчүн жоопкерчиликти алууга даяр экенин, зарыл болсо ортомчу катары кызмат кыла аларын билдирди.

Эки тараптуу мамилелерди, өзгөчө соода тармагында илгерилетүүнүн эки өлкө үчүн пайдалуу болорун кошумчалады.

Коммуникация башкармалыгы жолугушуу учурунда Эрдоганды Тышкы иштер министри Хакан Фидан, Соода министри Өмер Болат, Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу, Коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун жана тышкы саясат жана коопсуздук боюнча башкы кеңешчиси Акиф Чагатай Кылычтын коштогондугун маалымдады.