ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Зеленский АКШ куралдарынын Украинага кайрадан бериле баштаганын ырастады
Украина президенти өлкөсүнүн Келлогг башта болгон АКШ менен аскердик деңгээлде иштешерин айтты.
Зеленский АКШ куралдарынын Украинага кайрадан бериле баштаганын ырастады
/ Reuters

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын Украинага аскердик жардам жөнөтүүнү кайра баштаганын жарыялады.

Зеленский жума күнү кечинде жасаган билдирүүсүндө : “АКШдан жана Европадагы досторубуздан эң жогорку деңгээлдеги оң саясий сигналдарды алдык. Келген бардык отчетторго караганда жардам берүү кайрадан баштатылды”,- деди.

Зеленский Украинанын аскердик жетекчилеринин келерки жумада АКШнын атайын өкүлү Кит Келлогг менен жолугушарын белгиледи.

Украинанын президенти : “Алдыдагы жумада америкалыктар менен аскердик деңгээлде ишибизди улантабыз. Аскерлерибиз өзгөчө генарал Келлогг менен иштешет. Өзгөчө жаңы Европа коргонуу пакеттерин даярдап жатабыз”,- деди.

Украина медиасынын билдирүүсүнө караганда, Келлоггдун дүйшөмбү күнү Киевге бир жумага келиши күтүлүүдө.

Келлогг Римде Украина тууралуу конференцияда Украинанын Novyny.LIVE медиасына маалымат берип: "Дүйшөмбү күнү Киевде болобуз. Бир жума боюнча ал жерде болобуз", - деди.

Чабуулдардын күчөшү

Жаңыдан башталган аскердик байланыштар Россиянын Украинадагы шаарларга карата кол салууларын күчөткөн мезгилге туш келди. Бул жумада түнкү сааттарда көп сандаган дрон жана ракета менен эки кол салуу жасалды.

АКШнын президенти Дональд Трамп бейшемби күнү жасаган билдирүүсүндө АКШнын НАТОнун ортомчулугу менен Украинага курал берерин жана дүйшөмбү күнү Россия тууралуу “маанилүү билдирүү” жасай турганын айтты.

Трамп өткөн айда Россиянын президенти Владимир Путинге кол салуулар жана маселени чечүү үчүн ок атышууну токтотуу боюнча чаралардын аткарылбаганына байланыштуу нааразычылыгын билдирген.

Зеленский берген маалыматында өткөн аптада украиналык аскерлер ийгиликке жетишкен оор фронттук линиялар боюнча отчеттордун жалпы корутундусун берди.

Иликте
АКШ Түркияга реактивдүү кыймылдаткычтарды сатуу процессин тездетип жатат
Бишкектеги ШКУнун бизнес - форумунда 150 миллион долларлык келишимге кол коюлду
Нуман Куртулмуш Бакуда Азербайжандын Улуттук Парламентинин спикери Гафарова менен жолугушту
Трамп: "Түркиядагы НАТО саммитине Эрдоган үчүн катышып жатам"
Түркия менен Египеттин ортосундагы жакындашуу Афина үчүн тынчсызданууну жаратууда
Тышкы иштер министри Фидан эртең Канадага барат
Рубио Жакынкы Чыгышка сапарын баштады; Союздаш өлкөлөр Иран тууралуу суроолорго жооп күтүшүүдө
Байрактар: "Түркия атомдук электр станцияларын курушу керек"
Түркия ФИБАнын Дүйнөлүк Кубогунун Европа тандоо оюндарынын "күч рейтингинде" биринчи орунда
Анталияда туризм активдүүлүгү жогорулады
Президент Эрдоган Ирактын премьер-министри Али Зейди менен сүйлөшүү өткөрдү
Түрк мамлекеттеринин ортосунда электрондук соода жана санариптик кызматтар жеңилдетилет
Польшанын президенти Түркияга келет
Вэнс: Иран БУУнун ядролук инспекция агенттигинин кирүү мүмкүнчүлүгүн калыбына келтирүүгө макул болду
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердимухаммедов Азербайжанда жолугушууларды өткөрдү