ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү
Түркиянын президенти Анкарада өткөн НАТО саммитинин альянстын биримдигин бекемдегенин белгилеп, АКШнын президенти Дональд Трамптын Түркиянын F-35 программасына оң көз карашта экенин айтты.
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү
Эрдоган НАТО саммити тарыхый кадам болгонун билдирип, F-35 учактары боюнча жылыштарды белгиледи. / AA

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган 2026-жылы Анкарада өткөн НАТО саммитинин "ийгиликтүү" аяктаганын билдирип, саммитти Еврпа-Атлантика аймагындагы коопсуздук көйгөйлөрү күчөп жаткан учурда альянстын келечегин калыптандырууга салым кошо турган "тарыхый" жолугушуу деп мүнөздөдү.

Эрдоган саммиттен кийинки басма сөз жыйынында: "Биз 22 жылдан кийин Түркияда экинчи жолу, ал эми Анкарада биринчи жолу уюштурган НАТОнун 36-мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммитин ийгиликтүү аяктадык", - деди.

Эрдоган саммиттин Европа -Атлантика коопсуздугу үчүн маанилүү учурда өткөнүн жана альянс үчүн узак мөөнөттүү мааниге ээ болорун белгиледи.

Президент: "Европа-Атлантика коопсуздугу сыналып жаткан учурда, биз өткөргөн бул тарыхый саммит биздин жалпы келечегибизге багыт бере тургандай түрдө өткөрүлдү", - деди.

F-35 учактарына карата оптимизм

Эрдоган АКШнын президенти Дональд Трамптын Түркияга F-35 согуштук учактарын жеткирүү боюнча "позитивдүү мамиле" көрсөткөнүн айтып, АКШнын Анкарага каршы санкцияларынын негизинен жоюлганын кошумчалады.

Президент Анкаранын акыры бешинчи муундагы согуштук учактарды алуу тууралуу жакшы ойдо экенин билдирди.

Эрдоган: «F-35 учактарына келсек, Трамп мырза Түркияга карата чындыгында жакшы мамиле көрсөтүп жатат. Кудай буюрса, F-35 учактары Түркияга жеткирилгенде, бүт дүйнө: «Америка убадасын аткарды» дейт», - деди.

Эрдоган ошондой эле Трамптын Түркиянын жергиликтүү өндүрүшүндөгү KAAN согуштук учагы үчүн F-110 реактивдүү кыймылдаткычтарын сатууну колдой турганын кошумчалап: «Мен бул маселени Трамп мырза менен буга чейин сүйлөшкөм. Ал оң мамиле көрсөттү. Кудай буюрса, эч кандай маселе болбойт», - деди.

Трамп администрациясынын 700 миллион доллардан ашык суммадагы келишимдин алкагында Түркияга ондогон реактивдүү кыймылдаткычтарды сатуу сунушун кийинки баскычка өткөрүү ниетин жакында эле Конгресске билдиргени кабарланды.

Глобалдык тынчтык алкактары

Президент Эрдоган Украинадагы жана Жакынкы Чыгыштагы согуштарды токтотуу үчүн дипломатиялык аракеттерди кайра баштоого чакырып, аймактын мындан аркы кагылышууларга туруштук бере албастыгын билдирди.

Украинадагы согушка токтолгон Эрдоган кагылышуунун бешинчи жылына киргенин жана оор жоготууларга алып келген кыйратуучу согушка айланганын айтты.

Эрдоган: "Адилеттүү тынчтыкта ​​эч ким утулган жок. Мен Түркияда тараптарды кайрадан бириктирүүгө даяр экенибизди кайталайм", - деди.

Аймактык коопсуздукка токтолгон президент Түркиянын Ормуз кысыгындагы туруктуулукту сактоого жардам берүүгө чечкиндүү экенин айтты.

"Биз колубуздан келгендин баарын жасап жатабыз", - деген Эрдоган Ормуз кысыгынын согуш талаасына айланышына жол бербөө керектигин баса белгиледи.

Иликте
Президент Эрдоган Катар эмири үчүн көңүл айтты
Киев жаңы ракеталык чабуулдарга учурап, Россиянын Украинадагы чабуулдарынан 8 адам каза болду
Түркия Венесуэлага 30 тонна гуманитардык жардам жөнөттү
Түркия Ливандын коопсуздугун колдоону улантарын  билдирди
Россия: "Украина кризисти тынчтык жолу менен чечүүнү каалабайт"
Россия Украинанын 376 дронун атып түшүргөнүн жарыялады
Сабиха Гөкчен аэропорту алгачкы 6 айда 23,6 миллион жүргүнчүнү кабыл алды
Президент Эрдоган НАТО саммитинин алкагында Албаниянын премьер-министри Раманы кабыл алды
Президент Эрдоган Словакиянын президенти Пеллергини менен жолугушту
Түркия дүйнөдөгү калкы эң көп 18 -  өлкө болду
Трамп Иранды "чабуулдар катуу болушу мүмкүн" деп коркутту
Трамп: Эрдоган мыкты эле, НАТО узун жолду басып өттү
Иран жаңы чабуулдардан кийин АКШны эскертти жана Тегерандын Ормуз кысыгынын тагдырын чечерин айтты
Трамп НАТО саммити негизги маселелерди чечкенин айтып, альянстын биримдигин мактады
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү