ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Украинанын президенти Зеленский АКШнын президенти Трамп менен жолугушуусуна сереп салды
"Путин үч тараптуу жолугушууга даяр деп ойлобойм. Согушту токтотууга даяр эмес".
Украинанын президенти Зеленский АКШнын президенти Трамп менен жолугушуусуна сереп салды
Украинанын президенти Владимир Зеленский Нью-Йоркто АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолукту

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын президенти Дональд Трамп менен бирге Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууга даяр экенин билдирди.

БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясына катышуу үчүн Нью-Йоркко барган президент Зеленский АКШнын президенти Дональд Трамп менен эки тараптуу жолугушуусунан кийин маалымат жыйынын өткөрдү.

Дональд Трамп менен жолугушуусу тууралуу маалымат берген Зеленский өз өлкөсү менен Орусиянын ортосундагы согуш мүмкүн болушунча тезирээк аякташы керектигин айтып, "Менимче, баарыбыз мүмкүн болушунча тезирээк аракет кылышыбыз керек" деди.

Зеленский 2022-жылдын февраль айынан бери уланып келе жаткан Орусия-Украина согушун токтотуу үчүн лидерлер биригиши керектигин баса белгиледи.

Украинанын президенти Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууга даяр экенин билдирип, Трамп АКШ- Орусия- Украина лидерлеринин саммити үчүн аракет кылышы мүмкүн экенин айтты.

Зеленский эгерде мындай жолугушуу өткөрүлсө, үч лидер согушка байланыштуу эң маанилүү маселелерди чече аларын жактап, "Мен үч тараптуу жолугушууга даярмын, бирок Путин ага даяр деп ойлобойм. Ал согушту токтотууга даяр эмес" деп кошумчалады.

Энергетикалык ок ​​атышпоонун камсыздалышы темасы да талкуулаганын маалымдаган Зеленский "(Орусия) биздин энергетикалык секторубузду бутага алууну токтотсо биз энергетикалык ок ​​атышпоого даярбыз" деди.

Зеленский бул ок атышпоонун камсыздалышы үчүн Украинанын сунуштары АКШ тарабынан Орусияга жеткирилерин белгиледи.

Алар мурда АКШдан Patriot абадан коргонуу системасында колдонулган ракеталарды өндүрүү үчүн лицензия сурашканын эске салган Зеленский бул маселе боюнча АКШнын тиешелүү кызматкерлери менен иш-аракеттер жүрүп жатканын билдирди.

Иликте
Тышкы иштер министрлигинин "Түрк мамлекеттеринин кызматташтыгы күнүнө" карата билдирүүсү
Россия Киевде бир көпүрөгө сокку урду, жол кыймылы токтоду
Трамп: "Эгерде Иран маселеси чечилсе, мунайдын баасы төмөндөйт"
Европа Биримдиги Украинага 2,9 миллиард евро өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтөт
Гүлер: "Кавказдын коопсуздугу Түркия, Азербайжан жана Грузиянын коопсуздугунан бөлөк каралбайт"
Россияда ички рынок турукташкандан кийин бензин экспорту кайра жандана турганы белгиленди
Путин Россияга түз кол салуу болсо бардык куралдардын колдонулушу күн тартибине келерин белгиледи
Конго Демократиялык Республикасындагы Эбола вирусунан 3982 адам каза болду
Түркия хуситтердин Мединадагы жарандык инфраструктурага кол салуусун катуу айыптады
Улуттук коргоо министри Гүлер азербайжандык жана грузиялык кесиптештери менен жолугушту
ТЕКНОФЕСТтин Түштүк  - Чыгыштагы үчүнчү күнү
Кыргызстан алгачкы улуттук спутнигин космоско учурду
Еврпа Биримдиги: Россиян тузагына түшпөйбүз, коркутуу жана үркүтүү тактикаларын ачыкка чыгарбайбыз
ЕБ энергетика тармагындагы баа кризиси жөнүндө эскертти
Эрдоган: «Террорсуз Түркия» аракеттери Түркиянын душмандарына бөгөт коюучу таасир жаратты»