ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Россия: "Украинанын чыгышындагы стратегиялык Костянтиновка чеби биздин көзөмөлүбүздө"
Костянтиновка - Кремлдин Донбасстагы негизги бутасы болгон Краматорск жана Славянск сыяктуу маанилүү шаарларга баруучу жолдогу Украинанын акыркы чептеринин бири.
Россия: "Украинанын чыгышындагы стратегиялык Костянтиновка чеби биздин көзөмөлүбүздө"
Согушка чейин 78 000ге жакын тургуну болгон Костянтиновка үчүн салгылашуу 2025-жылдын аягынан бери жүрүп жатат. / AP

Песков жума күнү кечинде журналисттерге берген маегинде : "Костянтиновка толугу колго алынды. Шаар эми толугу менен биздин көзөмөлүбүздө", - деп билдирди. Президент Владимир Путиндин бул маселени аскер кызматкерлери менен талкуулаганын кошумчалады.

Башкы штабдын имаратынын алдында аскердик формада телекөрсөтүүгө чыккан Путин орус аскерлерине ыраазычылык билдирип, Костянтиновканын колго алынышы  "чоң стратегиялык мааниге ээ" экендигин айтты.  Путин: "Россиянын куралдуу күчтөрү фронтто стратегиялык демилгени бекем кармоону улантууда", — деп айтты.

Орус командири Антон Грунис  армиянын "имараттарда, жер төлөлөрдө жана урандыларда жашынууга аракет кылган Украина куралдуу күчтөрүнүн айрым аскерлерин издөө жана жок кылуу операцияларын" жүргүзүп жатканын белгиледи.

Луганск толугу менен Россиянын көзөмөлүндө

Костянтиновка - Кремлдин Донбасстагы негизги максаты болгон Краматорск жана Славянск шаарларына баруучу жолдогу Украинанын акыркы чептеринин бири.

Песковдун айтымында, Путин орус армиясынын командалык борборуна барып, Башкы штабдын отчетун угуп, орус аскерлерине ыраазычылык билдирди. Песков ошондой эле орус күчтөрүнүн эми Донбассты түзгөн эки аймактын бири болгон Украинанын чыгышындагы Луганск аймагын толугу менен көзөмөлгө алганын кошумчалады.

Иликте
Президент Эрдоган Катар эмири үчүн көңүл айтты
Киев жаңы ракеталык чабуулдарга учурап, Россиянын Украинадагы чабуулдарынан 8 адам каза болду
Түркия Венесуэлага 30 тонна гуманитардык жардам жөнөттү
Түркия Ливандын коопсуздугун колдоону улантарын  билдирди
Россия: "Украина кризисти тынчтык жолу менен чечүүнү каалабайт"
Россия Украинанын 376 дронун атып түшүргөнүн жарыялады
Сабиха Гөкчен аэропорту алгачкы 6 айда 23,6 миллион жүргүнчүнү кабыл алды
Президент Эрдоган НАТО саммитинин алкагында Албаниянын премьер-министри Раманы кабыл алды
Президент Эрдоган Словакиянын президенти Пеллергини менен жолугушту
Түркия дүйнөдөгү калкы эң көп 18 -  өлкө болду
Трамп Иранды "чабуулдар катуу болушу мүмкүн" деп коркутту
Трамп: Эрдоган мыкты эле, НАТО узун жолду басып өттү
Иран жаңы чабуулдардан кийин АКШны эскертти жана Тегерандын Ормуз кысыгынын тагдырын чечерин айтты
Трамп НАТО саммити негизги маселелерди чечкенин айтып, альянстын биримдигин мактады
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү