САЯСАТ
3 мүнөт окуу
Трамп тарифтер боюнча айтымдарын жумшартты
Трамп журналисттерге Кытайдын тарифтерди төмөндөтүүсү анын колунда экенин билдирди, ал эми Вашингтон соода согушун жумшартуу боюнча кандай чаралар көрүлөрүн аз гана деталдар менен сунуштады.
Трамп тарифтер боюнча айтымдарын жумшартты
Trump recently increased "reciprocal tariffs" on China from 84 percent to 125 percent, on top of a 20 percent fentanyl-related tariff imposed earlier this year, bringing the effective rate to 145 percent for most goods.
24 Апрель 2025

АКШ президенти Дональд Трамп Кытай менен соода боюнча "адилеттүү келишим" түзүү мүмкүнчүлүгүн баса белгиледи, бирок анын жогорку кызматтагы өкүлдөрү Вашингтон менен Бээжиндин ортосундагы зыяндуу тарифтик согушту басаңдатуу боюнча кандай кадамдар жасаларын так айта алышкан жок.

Шаршемби күнү Трамп журналисттерге анын өлкөсү Кытай менен "адилеттүү келишим" түзөрүн айтып, Вашингтон Бээжин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабы деген суроого "баары активдүү" деп жооп берди.

Бирок тарифтер канчалык тез төмөндөй турганы "аларга көз каранды" деп Трамп Бээжинди ишаара кылып, Кытай президенти Си Цзиньпин менен "абдан жакшы" мамиледе экенин жана келишимге жетишүүгө үмүттөнөрүн кошумчалады.

Вашингтон адилеттүү келишимди көздөп жатканын көрсөткөн белгилерге карабастан, сүйлөшүүлөрдүн абалы али да бүдөмүк бойдон калууда.

АКШ Кытай менен соода боюнча түз байланыштабы деген суроого Трамп: "Күн сайын" деп жооп берди.

Бирок ошол эле күнү АКШнын Каржы министри Скотт Бессент журналисттерге эки өлкө тарифтерди төмөндөтүү боюнча "азырынча" сүйлөшүүлөрдү жүргүзө элек экенин айтты.

Вашингтондогу Эл аралык валюта фонду жана Дүйнөлүк банктын жазгы жыйынынын алкагындагы иш-чаранын танаписинде сөз сүйлөгөн Бессент:"Менимче, эки тарап тең бири-бири менен сүйлөшүүнү күтүп жатат", – деди.

Ал ошондой эле Трамп Кытай товарларына болгон бажы төлөмдөрүн бир тараптуу кыскартуу сунушун киргизген жок деп кошумчалады.

ТийиштүүTRT Global - IMF warns Trump tariffs raise global public finance risks

Эмбарго

Бессент эки өлкө бири-биринин товарларына киргизген өтө жогорку тарифтер сүйлөшүүлөр башталаардан мурун төмөндөшү керектигин айтты.

"Менимче, эки тарап тең учурдагы тариф деңгээли туруктуу эмес деп эсептейт, ошондуктан алар өз ара макулдашуу менен төмөндөшү мүмкүн деп ойлойм", – деп кошумчалады ал Эл аралык каржы институтунун форумунун алкагында.

Бессент: «Бул эмбарго менен барабар жана эки өлкөнүн ортосундагы сооданын үзүлүшү эч кимдин кызыкчылыгына болбойт»,- деп айтып эки тараптын тең чыңалууну азайтышы мүмкүн экенин баса белгиледи. Бессент эки тараптуу сүйлөшүүлөр качан баштала турганы тууралуу датаны айткан жок.

Трамптын кытайлык кесиптеши Си менен болгон карым-катнаштарына токтолгон Бессент: «Эң күчтүү мамиле эң жогорку деңгээлде болгондугу бир жагынан жакшы, бир жагынан кыйынчылык»,- деди. «Эгерде чыңалуунун кандайдыр бир басаңдашы байкалса, анда сүйлөшүүлөр эң жогорку деңгээлде башталбайт», - дейт Бессент.

Белгилүү болгондой, Трамп ар кайсы өлкөлөргө жана секторлорго кескин тарифтерди тез арада ишке ашырып жатканда, айрым жеңилдиктерди да унуткан жок. Жакында Трамп смартфондор жана чип жасоочу жабдуулар сыяктуу технологиялык өнүмдөргө убактылуу салык жеңилдиктерин киргизүүнү талап кылган.

Шаршемби күнү Financial Times Трамп бул бошотууларды кеңейтиши мүмкүн экенин жазган. Гезиттин айтымында, Трамп Кытайдан импорттолуучу кээ бир бажы төлөмдөрүнөн авто тетиктерин, ошондой эле болот жана алюминийди бошотушу мүмкүн.

Жакында Трамп Кытайга карата «өз ара тарифтерди» 84 пайыздан 125 пайызга чейин көбөйттү жана ушул жылдын башында киргизилген 20 пайыздык фентанил салыгы менен кошулганда, көпчүлүк өнүмдөрдүн тарифи 145 пайызга чейин өстү.

 Кээ бир кытай өнүмдөрү адилетсиз соода практикасын караган Соода мыйзамынын 301-тиркемесине ылайык тарифтерге байланыштуу жогору ставкаларга туш болсо, ал эми башкалары, мисалы, электр унаалары, жалпысынан 245 пайызга чейинки тарифтерге дуушар болушат.

Буга жооп иретинде Кытай АКШда өндүрүлгөн өнүмдөргө 125 пайызга чейинки тарифтерди киргизип, жогорку технологиялуу тармактар ​​үчүн өтө маанилүү болгон сейрек кездешүүчү минералдардын экспортун чектеди.

ТийиштүүTRT Global - Trump tones down attacks on Fed Chair, says he has 'no intention of firing him'

Биринчи Америка, жалгыз гана Америка эмес

Бессент шаршемби күнү Пекиндин экспортко багытталган экономикалык модели «туруктуу эмес» экенин жана «Кытайга эле эмес, бүт дүйнөгө зыян келтирип жатканын» айтты.

АКШнын Каржы министри ошондой эле Трамп администрациясы бажы тарифтери аркылуу чечүүгө үмүттөнүп жаткан соода балансынын бузулушуна байланыштуу АКШнын сезимталдыктарына да токтолду. Бессент: «Биринчи Америка жалгыз гана Америка дегенди билдирбейт»,-деди.

Трамп администрациясынын кадамдары жалпысынан соода өнөктөштөрүн тереңирээк кызматташууга жана өз ара урматтоого чакырык экенин айткан Бессент, башка өлкөлөр АКШнын өндүрүшүнө доо кетирип, анын коопсуздугун тобокелге салып жатканын айтып, бул өлкөлөрдүн саясат тандоолорун сынга алды.

Иликте
Трамп Газа боюнча Эл аралык коопсуздук күчү "жакында" түзүлөрүн айтты
Израиль министри Мамданинин жеңишинен кийин Нью-Йорктогу жөөттөрдү качып кетүүгө үндөдү
Түркия Газадагы ок атышпоону улантууга чакырып, гуманитардык жардамдын жетишсиз экенин билдирди
Түркиянын тышкы иштер министри Фидан Финляндияга барды
Нью-Йорктун тарыхында калыптанган тартипти бузуп, жеңген жаш мусулман талапкер-Зохран Мамдани
Нью-Йорктуктар жаш мусулман Зохран Мамданини мэр кылып шайлоо менен АКШнын саясатын өзгөртүштү
Мерц Сириянын президентин качкындар жана экономикалык маселелерди талкуулоо үчүн Германияга чакырды
Перу мурдагы премьер-министрине башпаанек берген Мексика менен дипломатиялык мамилелерин үздү
Трамп Нигерия жана Украина тууралуу сөз кылды
Трамп Орусия менен Кытай жашыруун өзөктүк сыноолорду жүргүзгөнүн айтты
Украинада орусиялыктардын чабуулунан алты адам, анын ичинде эки бала каза болду
Израиль Ливандын түштүгүнө кол салып, ок атышпоо келишимин бузду
Хегсет: «АКШ менен Кытай чыңалууну басаңдатуу үчүн аскердик байланыш түзүмүн түзүшөт»
Трамп «христиандарды өлтүрүү» боюнча айыптап, АКШнын Нигерияга аскердик операциясын кыйытты
Пакистан ооган качкындарынын кайтышы үчүн Торхам чек арасын эки жумалык жабылуудан кийин кайра ачты
Канцлер Мерц: Германия Түркиянын Европа Биримдигине кошулушун каалайт
Трамп: «Си сейрек кездешүүчү металлдарды экспорттоого коюлган чектөөлөрдү алып салат»
Трамп менен Си Түштүк Кореяда жолугушту
Сирия Косовону расмий түрдө көз карандысыз жана эгемендүү мамлекет катары тааныды
Польшалык учактар ​​Балтика деңизинин үстүндө орусиялык учакка бөгөт коюшту