ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
ПКК террордук уюмунун куралдары өрттөлдү
Эл аралык аренада террордук уюм катары кабыл алынган ПККнын куралсыздануу процессинин негизинде уюмдун мүчөлөрү бир бирден куралдарын от жагылган чоң казандын ичине салып жок кылды.
ПКК террордук уюмунун куралдары өрттөлдү
/ AA

ПККлык бир группа террорист жума күнү Ирактын түндүгүндөгү Сүлеймание облусунда эл аралык коомчулуктун көз алдында куралдарын жок кылды.

Журналисттер камера менен тартып жаткан учурда Ирактын Сүлеймание облусуна караштуу Сурдаш аймагынын чек араларындагы бир үңкүрдө чогулган ПККнын бир группа террористти бул жерден куралдары менен чыгып эл чогулган жерге келди.

Араларында аялдар да болгон ПККнын бир группа террористти куралдарын чоң казандын ичине салып жок кылды.

Сүлейманиенин Сурдаш аймагында ишке ашкан куралсыздануу процессине Улуттук Чалгындоо Уюмунун жетекчилери, ирактык жетекчилер, Ирак күрт аймактык башкаруусунун жетекчилери менен коопсуздук күчтөрү, ДЕМ партиясынын мүчөлөрү, бир катар жарандык коом уюмдарынын катышуучулары жана медиа өкүлдөрү күбө болушту.

ПКК террордук уюму май айында өзүн таратуу жана куралын таштоо чечимин чыгарган.

Бул билдирүү февраль айында ПККнын абактагы башчысы Абдуллах Өсаландын уюм жана ага караштуу топтордун таратылышы жана 40 жылдан ашуун убакыттан бери уланып келе жаткан куралдуу күрөштүн акырына чыгарылышын талап кылуусу менен жасалды.

Түркия терроризмге каршы күрөшүн дипломатиялык аренага да алып чыкты.

Европа жана Жакынкы Чыгыш башта болгон эл аралык өнөктөштөргө карата көп жылдык чечкиндүү кысым жыйынтыгын берди.

ПКК террордук уюмунун чет өлкөлөрдүн борбор шаарларында эркин иш алып баруу, акча адалдоо жана түрдүү саясий уюм деген аттын астында каражат чогултуу мүмүкүнчүлүгү азайды. Түркиянын күч алган геосаясий таасири сезимталдыктарынын глобалдык актерлор тарабынан олуттуу кабыл алынышына себеп болду.

Экономикалык карым-катнаштар, энергетика дипломатиясы жана аймактык өнөктөштүк аркылуу Түркия ПККнын чет өлкөлөрдөгү колдоо тармактарын акырындык менен таасирсиз абалга алып келди.

Түркия, АКШ жана Европа Биримдиги тарабынан террордук уюм деп кабыл алынган ПКК 40 жылдан бери террордук иш-аракеттеринде аялдар, балдар, ымыркайлар жана карылар болгон 40 миңден ашуун адамдын өмүрүн алды.

ПКК террористтери Түркиянын Ирактын түндүгүндөгү чек арасын көптөн бери жашырынуу жана Түркияга карата кол салууларын пландоо үчүн база катары колдонуп келген.

Иликте
Президент Эрдоган Аль-Жазира телеканалына маек куруп берди:
Трамп Мекке биргелешкен коргонуу келишимине кол коюлганына канааттанганын билдирди
Орусия: "Украинанын ракеталык чабуулунанан Белгород облусунда 6 адам каза болду"
Түркиянын 17 жашка чейинки кыздардан турган командасы дүйнөлүк чемпионатта күмүш медалды жеңип алды
Индонезиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 51ге жетти, Түркия жабырлануучуларга көңүл айтты
Иран Трамптын Ормуз кысыгы боюнча билдирүүсүн четке кагып, "Ирандын аймагы бойдон каларын" билдирди
ХамаХамас Газадагы ок атышууну токтотуу келишимин туруктуу кылуу үчүн Каирге барат
Румыния: Испаниянын НАТО согуштук учагы аба мейкиндигин бузгандыгы үчүн УУАны атып түшүрдү
Түрк Кызылайы Газада протездик колдоо долбоорун баштады
Түштүк Корея лидери Ли Түндүк Корея менен болгон чыңалууну токтотууну каалаганын билдирди
TRT Казакстандагы маалымат каражаттары үчүн жасалма интеллект боюнча окутууларды өткөрөт
Пезешкиан: Израиль-АКШ согушу заводдорго зыян келтирип, мунай сатууну азайтты
Испаниянын түштүгүндө түн ортосунда болгон жер титирөө имараттар менен унааларга зыян келтирди
Эрдоган АК партиянын түптөлүшүнүн 25 - жылында сүйлөгөн сөзүндө:"Эми гана баштап жатабыз",- деди
Захарова Түркиядан келген тынчтык демилгелерин кылдаттык менен карап жаткандарын билдирди