ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Путин Украинадан көзөмөлдүн кайтарып алынышынан кийин биринчи жолу Курскка барды
Россиянын президенти Владимир Путин Украина бөлүктөрүнүн аймактан чыгарылышынан бир нече жумадан кийин ыктыярдуу мекемелер жана жетекчилер менен жолугушуу үчүн Курск облусуна барды.
Путин  Украинадан көзөмөлдүн кайтарып алынышынан кийин  биринчи жолу Курскка барды
/ AP

Россиянын президенти Владимир Путин өткөн айда орус аскерлери Украина аскерлерин аймактан чыгаргандан бери биринчи жолу батыштагы Курск облусуна барды.

Кремль шаршемби күнү берген билдирүүсүндө мурунку күнү Путиндин Украина менен чектеш Курск облусуна барганын маалымдаган.

Украиналык күчтөр 2024-жылдын август айында Курск облусуна күтүүсүз чабуул жасап, дээрлик 2,5 жылга созулган согуштагы эң чоң чек ара тышы операциясын жүргүзгөн бирок тогуз айдан кийин орус аскерлери тарабынан артка сүрүлгөн.

Украина аймактан чыгарылгандыгын ырастаган жок.

Путин курулуп бүтө элек Курск атомдук электр станциясы-2ге барып, тандалган ыктыярдуулар менен жабык жыйын өткөрдү. Өзгөчө Кремлдин азыр да үйлөрүнө кайта албаган, жер которгон үй - бүлөлөргө ай сайын төлөмдөрдү улантуу идеясын колдогондугун губернатордун өкүлү Александр Хинштейнге билдирди.

Россиянын 2022 - жылдагы кол салуусунан эки жылдан кийин Украина 6 - августта операция баштап, учкучсуз учуучу аппараттардын колдоосу жана батыштын оор куралдары менен Россиянын чек арасынан ашып Курск облусуна кирди.

Украина күчтөрү операциянын күчөгөн жеринде Курск облусунда болжол менен 1400 километрлик жерди көзөмөлгө алгандарын билдирди.

Россия Украинанын машыктыруу лагерин бутага алды

Бир тараптан Украинанын Улуттук Гвардиясы шаршемби күнү жасаган билдирүүсүндө Россиянын шейшемби күнү Украинадагы бир аскердик атуу полигонуна жасаган ракеталык кол салуусунда алты аскердин каза блгонун, кеминде 10 кишинин жаракат алганын да маалымдады.

Россиянын коргоо министрлиги шейшемби күнү берген маалыматында Украинанын түндүк чыгышындагы Сумы аймагында машыгуу лагерине жасалган ракеталык кол салууда 70ке жакын украиналык аскеринин, араларында 20 машыктыруучунун да каза болгонун билдирген.

Украинанын Улуттук гвардиясынын билдирүүсүндө ички иликтөөнүн жүрүп жатканы жана тиешелүү маалыматтардын укук коргоо органдарына берилгендиги билдирилди.

"Иликтөө тиешелүү чечимдерди кабыл алган бардык адамдардын аракеттерин укуктук жактан карап чыгат”,- деп айтылды.

Мурдагы аскердик машыгуу лагерлерине жасалган өлүмгө алып келген кол салуулардан кийин Украина аскердик машыгуу лагериндеги ыктымалдуу шалаакылыктарды иликтөө иштерин баштаган.

Иликте
Омандын жээгинде мунай ташуучу танкер атылды
Орусиянын Краснодар аймагына дрон чабуулунан кийин мунай иштетүүчү заводдо өрт чыкты
TEKNOFEST Көгүлтүр мекенде Turkcell компаниясы алыстан роботтук хирургиялык сыноо өткөрдү
Израилдин Газага кол салууларынан каза болгондордун саны 73 миң 422ге жетти
Президент Эрдоган: "Аймагыбызда туруксуздукка жол бербей турганыбызды билдирдик"
Европа Биримдигинен Украинага 6,1 миллиард евролук коргонуу колдоосу
Түркиянын А улуттук волейбол командасы Словенияны 3:1 эсебинде жеңди
Омандын тышкы иштер министри Бусаиди эртең Тегеранга барат
АКШ 75 өлкөнүн жарандары үчүн иммиграциялык визаларга тыюу салууну жокко чыгарды
Орусиянын Ozon компаниясына таандык үч кампага дрондор менен чабуул жасалды
АКШ менен Канаданын ортосундагы тарифтик чыңалуу: Трамп Оттава администрациясын катуу сынга алды
Израилдин Газага жасаган геноциддик чабуулдарынан каза болгондордун саны 73 419га жетти
Пезешкиан: Иран "согуш да, тынчтык да эмес" деген кырдаалдын токтошун каалайт,компромисске барбайт
Пакистан жана Малайзия коопсуздук чөйрөсүндө кызматташууну тереңдетүү боюнча макулдашты
Израилдин аскер кызматкерлери Нетаньяху шайлоону кийинкиге калтыруу үчүн чыңалууну күчөткөнүн айтат