ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Албанияда Звернецтеги туризм долбооруна каршы нааразычылыктар биринчи айын аяктады
Премьер-министр Эди Рама долбоордун Трамптын үй-бүлөсүнө таандык деген дооматтарды четке каккан.
Албанияда Звернецтеги туризм долбооруна каршы нааразычылыктар биринчи айын аяктады
Албанияда туристтик долбоорлорго каршы парламент имаратынын алдында нааразылык акциясы уюштурулду.

Албаниянын борбору Тиранада, Влёра шаарындагы Звернец аймагында курулушу пландалган туристтик долбоорго каршы башталган нааразылык акциялары бир айдан бери уланууда.

Тиранада "Албания сатылбайт" деген ураан менен өткөн нааразылык акцияларынын 31-күнүндө көптөгөн адамдар Искендер Бей аянтына чогулушту.

Нааразычылык акциясынын катышуучулары ар кандай баннерлерди жана жазууларды көтөрүп жүрүштү.

Бир  айды акырына чыгарган нааразылык акцияларында АКШнын президенти Дональд Трамптын кызы Иванка Трамп жана күйөө баласы Жаред Кушнер менен байланыштуу экени болжолдонгон туризм долбоорунун алкагында Звернецтеги пляждын сатылышына каршычыгуулар болууда.

Албаниянын желектерин көтөргөн нааразычылык акциясынын катышуучулары Улут шейиттери бульварындагы премьер-министрдин кеңсесине чейин барышты жана сөздөр сүйлөнгөндөн  кийин Тирананын көчөлөрүндө жүрүштү.

Кечээ парламент имаратынын алдында жана өлкөнүн түндүгүндөгү Шкодранын Ррьолл аймагында дагы бир туристтик долбоорго каршы нааразылык акциялары өттү.

Парламент имаратынын алдындагы демонстрация учурунда полиция менен нааразычылык акциясынын катышуучуларынын ортосунда кагылышуулар болду.

Премьер-министр Эди Рама буга чейин CNN телеканалына берген маегинде Звернец долбоорунун Трамптын үй-бүлөсүнө таандык деген дооматтарды четке каккан.

Долбоордун баасы болжол менен 4 миллиард долларды түзөрү айтылууда.

Иликте
Түркия  Дамаскта өткөн Сирия Элдик парламентинин биринчи сессиясын ыраазычылык менен кабыл алды
Түрк изилдөөчүлөрүнүн жасалма интеллект боюнча изилдөөсү эл аралык адабияттарга кирди
Украина: Россиянын көмүскө флотуна таандык 14 кемеге чабуул койдук
Министр Фидан Парижде өтө турган "Украина" саммитине катышат
Президент Эрдоган Катар эмири үчүн көңүл айтты
Киев жаңы ракеталык чабуулдарга учурап, Россиянын Украинадагы чабуулдарынан 8 адам каза болду
Түркия Венесуэлага 30 тонна гуманитардык жардам жөнөттү
Түркия Ливандын коопсуздугун колдоону улантарын  билдирди
Россия: "Украина кризисти тынчтык жолу менен чечүүнү каалабайт"
Россия Украинанын 376 дронун атып түшүргөнүн жарыялады
Сабиха Гөкчен аэропорту алгачкы 6 айда 23,6 миллион жүргүнчүнү кабыл алды
Президент Эрдоган НАТО саммитинин алкагында Албаниянын премьер-министри Раманы кабыл алды
Президент Эрдоган Словакиянын президенти Пеллергини менен жолугушту
Түркия дүйнөдөгү калкы эң көп 18 -  өлкө болду
Трамп Иранды "чабуулдар катуу болушу мүмкүн" деп коркутту