ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Израиль армиясы палестиналык баланы бомбалап өлтүрдү
Газа тилкесиндеги кол салуунун көрүнүштөрү нааразычылыкты жаратты.
Израиль армиясы палестиналык баланы бомбалап  өлтүрдү
Израиль армиясы Шейх Рыдван районуна чабуулунда жарадар болгон адамга жардамга бараткан палестиналык баланы өлтүрдү.

Израиль армиясы Газа шаарынын түндүк-батышындагы Шейх Рыдван конушуна кол салуусунда жаракат алган адамга жардам берүүгө аракет кылган палестиналык баланы бутага алды.

Шейх Рыдванга жасалган Израилдин биринчи аба соккусунда медициналык кызматкер жаракат алган.

12 жаштагы палестиналык Мухаммед аз-Зенати жаракат алган медициналык кызматкерге жардам бермекчи болгондо, Израиль армиясы экинчи чабуулду баштаган.

Эки кол салууда 12 жаштагы палестиналык бала жана медициналык кызматкер Шариф Шади Лабад каза болуп, көптөгөн палестиналыктар жаракат алышты.

Аз-Зенати жаракат алган палестиналык медициналык кызматкерге жардам берүүгө аракет кылып жатканда Израилдин жасаган аба соккусунун көрүнүштөрү социалдык медиада жарыяланып, кеңири нааразычылыкты жаратты.

10-октябрда күчүнө кирген ок атышууну токтотууга карабастан Газа тилкесине кол салуу менен келишимди бузууларын уланткан Израиль армиясы бир катар удаама удаа жасаган кол салууларында алгачкы кол салууларда жаракат алгандарды куткарууга аракет кылган палестиналыктарды бутага алганы маалым.

Иликте
Израилдин геноцидинде Газада жана оккупацияланган Батыш Шериада 20 000ден ашуун окуучу каза болду
Эрдоган менен Путин Кара деңиз коопсуздугун жана Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүн талкуулашты
Киев менен Москва түнү бою чабуулдарын улантышты
Мамлекеттик катчы Рубио Иран Ормуз кысыгынын көзөмөлүн "толугу менен колдон чыгарганын" айтты
Дүйнө үч жылдан бери тарыхтагы эң чоң кыргынга күбө болууда
Түркия Газага ар дайым колдоо көрсөтүп келди
Испанияда нааразычылык акцияларынан кийин чукул чаралар бекитилди
Президент Эрдоган көптөгөн жылдардан бери Газанын эң күчтүү үнү болуп келе жатат
Вэнс Ирандын байытуу ишмердүүлүгүн кыскартуу согушту токтотуу үчүн зарыл экендигин белгиледи
ДССУ Россияны чумадан каза болгондордун саны боюнча ачык-айкын болууга чакырды
Зеленский: Москва Украинага каршы "кеңири масштабдуу чабуулга" даярданууда
Канаданын премьер-министри Марк Карни Түркияга биринчи сапарын жасайт
Түштүк Кореянын санкцияларга карабастан Россияга 176 миң тонна күйүүчү май ташыганы айтылууда
Президент Эрдоган Стамбулдун оккупациядан бошотулушунун 103 жылдыгы менен куттуктады
ЦРУ Израилдеги ички чыр-чатактардын коркунучу тереңдеп баратканын эскертти