ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Билавал Бхутто: Индия жалгыз аракет кыла турган болсо Симла келишиминен чыгабыз
Билавал Бхутто-Зардари TRT World каналына берген маегинде Дели менен түзүлгөн Симла келишиминин күчүндө экенин, бирок "эгер Индиянын чечимдери бир тараптуу боло турган болсо " Исламабаддын келишимден чыгарын билдирди.
Билавал Бхутто:  Индия жалгыз аракет кыла турган болсо  Симла келишиминен чыгабыз
7 Июнь 2025

Пакистандын мурдагы тышкы иштер министри Билавал Бхутто-Зардари Индия эки тараптуу келишимдерге байланыштуу бир тараптуу чечимдерди кабыл алууну уланта берсе, өлкөсүнүн Симла келишиминен чыгып кетүү укугун өзүнө калтырарын билдирди.

Пакистан Элдик партиясынын (PPP) лидери Бхутто-Зардари TRT World каналына берген маегинде, өлкөнүн улуттук коопсуздук кызматкерлеринин акыркы жыйындарында бул маселенин кеңири талкууланганын билдирди.

Бхутто-Зардари Пакистандын Индия менен болгон чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу көз карашын билдирүү жана Делинин дипломатиялык аракеттерине каршы туруу максатында кеңири диалог аракетинин алкагында АКШга барды.

Делегациянын курамын мурдагы тышкы иштер министрлери Билавал Бхутто Зардари, Хина Раббани Хар жана Хуррам Дастгир; сенаторлор Шерри Рехман, Мусадег Малик, Фейсал Сабзвари жана Бушра Анчум Бат; жана улук екулдер Жалил Аббас Жилани жана Техмина Жанчуа түздү.

“Менин бул өлкөгө акыркы сапарымда, өкмөт коопсуздук боюнча бир катар чечимдерди кабыл алган жыйын өткөргөн болчу”, — деди Зардари.

"Өкмөт кызматкерлери бир катар чечимдерди кабыл алды. Эгерде бул суу келишими (Инд суу келишими) бузулса, Пакистандын Симла келишиминен чыгуу укугун сактап калаарын жарыяладык... Албетте, Индия чечимдеринде бир тараптуу болууну уланта берсе," - деп кошумчалады Зардари.

Бхутто Зардари акыркы чечим кабыл алына электигин белгилеп: "Бул чечимди чындап эле кабыл алдыкпы, жокпу, азырынча ишенбей турам. Бирок техникалык жактан алганда бул укук сакталып калат", - деди.

Инд суу келишими

Техникалык жактан алганда, Симла келишими дагы деле күчүндө — бирок анын келечеги азырынча белгисиз.

Индия Пакистан менен мамилеси курчуп турган учурда Кашмирдин Индия башкарган бөлүгүндөгү Пахалгамдагы чабуул үчүн Пакистанды айыптап, Инд суу келишимин убактылуу токтотту.

Пакистан бул дооматтарды четке кагып, эл аралык иликтөө жүргүзүүнү талап кылган.

Жооп катары Пакистан Индия менен болгон бардык эки тараптуу келишимдерди, анын ичинде Симла келишимин кайра карап чыгарын жана убактылуу токтотуп турарын жарыялаган.

Өкмөт Вага чек ара бекетин жабуу жана Индия менен болгон бардык соода иштерин токтотуу буйругун берген. Пакистандын бул кадамдары өкмөттүн кыжырдануусун көрсөтүү максатында дипломатиялык жана экономикалык чаралардын бир бөлүгү болгон.

Тараптар өткөн айда төрт күнгө созулган кагылышууда согуштук учактарды, ракеталарды, учкучсуз учуучу аппараттарды жана артиллерияны колдонду. Бул эки өлкөнүн ортосунда ондогон жылдан бери болуп келе жаткан эң катуу кагылышуу катары катталды. Тараптар кийинчерээк, 10-майда АКШнын ортомчулугу менен ок атышууну токтотуу боюнча келишим түзгөн.

Симла келишимине 1972-жылдын июль айында Зулфикар Али Бхутто жана Индира Ганди тарабынан кол коюлган. Бул келишим 1971-жылдагы согуштан кийин Пакистан менен Индиянын ортосундагы мамилелерди турукташтыруу максатында түзүлгөн.

Эки тарап талаш-тартыштарды сүйлөшүү жолу менен чечүүгө жана Кашмирди Пакистан жана Индия башкарган аймактарга бөлгөн Чек ара сызыгына сый көрсөтүүгө макул болушкан. Ошондой эле акыркы чечимге жетүү үчүн иштөөгө убада беришкен.

Бирок акыркы жылдары Пакистанда бул келишимдин мааниси дагы эле барбы деген суроолор жаралууда.

Иликте
Кытай Нидерландияны Nexperia боюнча сүйлөшүүлөрдү тездетүүгө чакырды
АКШнын чалгындоо кызматы израилдик юристтерди Газадагы согуш кылмыштары жөнүндө эскертти
АКШ Түштүк Африкада боло турган G20 саммитин бойкот кылат
БУУ: Израиль азыр да жардамдардын Газага киришине тоскоол болууда
Израилдик өнөрпоздор Газадагы геноцидден улам эл аралык айыптоолорго кабылууну улантууда
АКШ Ирандын санкцияларынын жоюулушу тууралуу   сурап жатканын айтты
Иран президенти жакында жамгыр жаабаса Тегеран эвакуацияланышы мүмкүн экенин эскертти
Илон Маск дүйнөдөгү биринчи триллионер болуу жолунда
Сеул армиясы: Түндүк Корея белгисиз баллистикалык ракета учурду
"Калмаеги" тайфуну Филиппинде 188 адамдын өлүмүнө себеп болду
Евробиримдик көбү орусиялык жарандар үчүн көп жолку визаларды токтотот
Судан Ыкчам колдоо күчтөрүнө каршы "өч алуу жана жеңиште" чечкиндүү
БУУнун Коопсуздук Кеңеши Сириянын президенти жана ички иштер министрине карата санкцияларды жойду
Польша менен Румыния  дрондордун активдүүлүгүнөн  улам жаңы коргонуу системасын жайгаштырды
Россия менен Украинанын өз ара дрон чабуулдарында бир киши каза болуп, бир нече адам жараланды
Климат министри: Бельгияны сынга алды
IATА Кытай авиакомпаниялары үчүн юанды эсептешүү валютасы катары кабыл алды
Nvidia директору Хуанг Кытайдын жасалма интеллект жарышында жеңерин билдирди
ЕБ менен Кытайдын ортосунда сейрек кездешүүчү элементтерди жеткирүү үчүн "атайын канал"
Трамп Борбордук Азиядагы беш өлкөнүн  лидерин Вашингтондо тосуп алат