ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Трамп Америка футболунун атын өзгөртүү керектигин айтты: "Бул чындыгында маанисиз"
АКШнын президенти “soccer” деп аталган футболдун — чыныгы футбол экенин жана Америка футболу үчүн башка ат табуу керектигин айтты.
Трамп Америка футболунун атын өзгөртүү керектигин айтты: "Бул чындыгында маанисиз"
Трамптын футболго болгон өзгөчө сүйүүсү 2026-жылкы Дүйнөлүк Кубок жакындаган сайын өсүп уланууда. / Reuters

2026 Дүйнөлүк кубок кубанычынан күч алган АКШнын президенти Дональд Трамп “ “soccer” деп билинген жана тоголок топ менен ойнолгон чыныгы футбол экендигин айтып, Америка футболунун атынын өзгөртүлүшү керектигин жактады.

Трамп жума күнү болгон Дүйнөлүк кубогу үчүн чүчү кулак тартууда: “Футбол деп аталган башка бир нерсе менен карама - каршыбыз бирок бираз ойлонуп көрсөңүз… бул “soccer” чыныгы футбол, буга эч кандай шек жок. Америка улутттук футбол лигасы үчүн башка бир ат табуубуз керек”,- деди.

«Эгер ойлонуп көрсөңүз, бул чындыгында эч кандай мааниге ээ эмес», - деди Трамп.

Америкалыктар үчүн "футбол" деген сөз, биринчи кезекте, кол менен ойнолчу спорт, ал эми дүйнөнүн калган бөлүгү “футбол” деп атаган оюндан толугу менен айырмаланат.

Дээрлик бүткүл өлкө жыл сайын өтүүчү Суперкубокту, NFL чемпионатынын финалын көрөт.

ФИФАнын төрагасы Джанни Инфантино жума күнү америкалыктарга 2026 Дүйнөлүк кубогунун 104 Суперкубокко барабар болорун баса белгиледи.

Ар бир тармакта спорттун күйөрманы болгон Трамп, келерки жайда АКШда, Мексикада жана Канадада өтө турган 2026 Дүйнөлүк кубок жакындагандыктан футболго өзгөчө кызыгуусун арттырды.

Иликте
Түркия да 2036-жылкы Олимпиада оюндарын өткөрүүгө талапкер
CNN: Стамбул аэропорту Лондонду тактыдан түшүрүп, асманга үстөмдүк кылууда
Эль-Ниньо Тынч океандын температурасын рекорддук деңгээлге жеткириши мүмкүн
30 долларга алынган картина аукциондо 1,35 миллион долларга сатылды
Кытайлык хакер Түштүк Кореянын банктарына киберчабуулдарда жасалма интеллектти колдонгон
Францияда студенттердин нааразычылыгы өлкөнү башаламандыкка алып келди
Гутерриш пакистандык лидерлер менен жолугушту:  Кашмир, аймактык тынчтык жана суу маселеси каралды
Пакистан армиясы Сауд Арабиясына аскерлерин жайгаштырганын ырастады
Газадагы геноциддин үчүнчү жылы: Израиль маанилүү инфраструктураны кантип талкалады?
Иранга каршы согуш мунай ташуу жолдорун бузуп, Ирак динарынын курсун түшүрдү
АКШ аскерлери Окинавада чектөөлөргө туш болушту
Израилдин геноцидинде Газада жана оккупацияланган Батыш Шериада 20 000ден ашуун окуучу каза болду
Эрдоган менен Путин Кара деңиз коопсуздугун жана Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүн талкуулашты
Киев менен Москва түнү бою чабуулдарын улантышты
Мамлекеттик катчы Рубио Иран Ормуз кысыгынын көзөмөлүн "толугу менен колдон чыгарганын" айтты