ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Иран президенти жакында жамгыр жаабаса Тегеран эвакуацияланышы мүмкүн экенин эскертти
Масуд Пезешкиан Тегерандын суу сактагычтары акыркы кылымдагы эң төмөнкү деңгээлде экенин айтып, эгер жакында жамгыр жаабаса сууга чектөөлөр жана ал тургай эвакуациялоо болушу мүмкүн экенин эскертти.
Иран президенти жакында жамгыр жаабаса Тегеран эвакуацияланышы мүмкүн экенин эскертти
Иран президенти жакында жамгыр жаабаса Тегеран эвакуацияланышы мүмкүн экенин эскертти / Reuters

Иран президенти Масуд Пезешкиан эгерде жакын арада жамгыр жаабаса Тегеран катуу суу тартыштыгына дуушар болуп, шаарды эвакуациялоо зарылдыгы келип чыгышы мүмкүн деп эскертти.

Бейшемби күнү Ирандын батышындагы Санандаж шаарына сапарында Пезешкиан өкмөт экономикалык, экологиялык жана социалдык кризистер менен күрөшүп жатканын айтты.

Жергиликтүү Etemad гезитинин маалыматына караганда, Пезешкиан жогорку баалар жана инфляция ички саясаттагы каталардан, ошондой эле эл аралык санкциялардан келип чыкканын айтып, "Жогорку баалар жана инфляция үчүн парламент да, өкмөт да жооптуу. Иш-аракеттер уланууда, бирок чектелген каржы ресурстары долбоорлордун аякташына тоскоол болууда" деп билдирди.

Кургакчылыктан улам пайда болгон суу кризисине токтолгон Пезешкиан Иран жаан-чачындын жана суу ресурстарынын азайышы сыяктуу олуттуу табигый кыйынчылыктарга туш болуп жатканын баса белгилеп: “Эгерде жаан жаабаса биз кийинки айда Тегеранда суу берүүнү чектөөгө аргасыз болобуз. Кургакчылык улана берсе суу түгөнүп, шаарды эвакуациялоого туура келет,” - деди.

Президент суу жана энергетикалык ресурстарды жакшыраак башкаруу жана коргоо зарылдыгына басым жасап, Тегерандагы кырдаалды "тынчсыздандыруучу" деп мүнөздөдү.

Тегерандагы суу кризиси

Тегерандын суу менен камсыздалышы негизинен беш чоң дамбага көз каранды: Лар, Мамлу, Амир Кабир, Талекан жана Латян. Алардын ичинен Амир Кабир эң чоңу болуп саналат.

Бирок акыркы беш жылдын ичинде Иранда жаан-чачындын көлөмү кескин азайды жана метеорологиялык маалыматтар Тегерандагы жаан-чачындын быйылкы жылы мезгилдик орточо көрсөткүчтөрдөн 40 пайызга төмөн экенин көрсөтүүдө.

Өзгөчө жаз жана жай айларында жаан-чачындын жетишсиздиги суу сактагычтардын деңгээлинин кескин төмөндөшүнө алып келип, жер үстүндөгү жана жер астындагы суу ресурстарына таасирин тийгизди.

Тегерандын Суу башкармалыгы 20-июлда борбор калааны камсыз кылган суу сактагычтар кылымдагы эң төмөнкү деңгээлге жеткенин жарыялаган.

Жай айларында суу берүү убактылуу токтотулган учурлар болгон. 3-ноябрда Тегеран суу башкармалыгынын башчысы Бехзад Парса кургак шарттар уланса, дамбалардын запасы шаарды эки жума гана камсыздай аларын айткан.

23-июлда Пезешкиан эгерде кризис азыркы ылдамдыкта уланса жана натыйжалуу чаралар көрүлбөсө, элди суу менен камсыздоо жакында мүмкүн болбой каларын эскерткен.

Иликте
Иран: "Кошуналар, айрыкча Түркия менен мамилелер жакшы деңгээлде"
Европанын 9 өлкөсү аэропорттордогу башаламандыктан улам кирүү жана чыгуу системаларын жылдырды
Орусия: "Украинанын батышындагы темир жол инфраструктурасына чабуулдарды уланттык"
Пезешкиан: Иран менен БАЭ мамилелерди чыңдоо жана кызматташтыкты кеңейтүү боюнча макулдашышты
Түркия Сауд Арабиясына жасалган дрондук чабуулдарды катуу айыптады
ТКТР АКШнын Кипрдин рум башкаруучулугуна курал эмбаргосун узартуу чечимине өкүнүчүн билдирди
БРИКС лидерлери Израилдин палестиналыктарды күч менен көчүрүү аракетин четке кагышты
Түркия АКШнын Түштүк Кипрге курал-жарак эмбаргосун алып салуу чечими тууралуу билдирүү жарыялады
Украинадагы орусиялык чабуулдардан төрт адам каза болду; болот заводу жана турак жайлар зыян тартты
Түркия менен Азербайжандын ортосунда 3 ири электр долбоору пландалууда
Россияга карата шектенүү күчөп жатканда Болгариядагы курал заводунда экинчи жардыруу болду
Дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучусу Айтматовдун айылында маданият жана эстелик комплекси ачылды
Сауд Арабиясы Ирактан Чыгыш-Батыш мунай кууруна кол салуу болгонун жарыялады
Казакстан менен Түркия кайра кабыл алуу келишимине кол коюшту
Өзбекстан түрк дүйнөсүнө ылайыктуу алфавитке өтүү боюнча мыйзам кабыл алды