ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Азербайжан Түштүк Кавказдагы чыңалууга байланыштуу Франциянын эки жүздүүлүгүнө каршылык көрсөттү
Азербайжан Францияны Арменияга курал-жарак жеткирүү менен аймактык туруксуздукту күчөтүп жатат деп айыптоодо, буга карабастан Париж тынчтыкка чакырып, Евробиримдиктин байкоочу миссиясын колдоп жатат.
Азербайжан Түштүк Кавказдагы чыңалууга байланыштуу Франциянын эки жүздүүлүгүнө каршылык көрсөттү
Earlier in the day, Jean-Noel Barrot, ahead of an EU Foreign Affairs Council meeting in Luxembourg, told reporters that Paris is concerned about the growing tensions on the Azerbaijan-Armenia border. / TRT World

Азербайжан Францияны Түштүк Кавказдагы азыркы чек ара чыңалуусуна карата позициясынан улам “эки жүздүү” деп айыптады. Бул айыптоо Франциянын тышкы иштер министринин билдирүүлөрүнөн кийин айтылды.

Бүгүн эртең менен Жан-Ноэль Барро Люксембургда өткөн Европа Биримдигинин Тышкы иштер кеңешинин жыйынынын алдында журналисттерге, Франциянын Азербайжан менен Армениянын чек арасындагы чыңалуулардын күчөшүнө тынчсызданып жатканын кабарлады. Ал ошондой эле Евробиримдиктин чөлкөмдөгү миссиясы чыңалууну көзөмөлдөө жана чектөө үчүн жардам берет деген үмүтүн билдирди.

Барро эки өлкөнүн ортосундагы тынчтык келишимине кол коюлушу жана “камакка алынган кишилердин” бошотулушу керектигин да айтты.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айхан Хажизаде X платформасында, Франциянын Ереванга курал-жарак жеткирүүсү жана анын “узак убакыттан бери уланып келе жаткан Азербайжанга каршы позициясы Барронун аймактагы чыңалууга байланыштуу тынчсыздануусуна дал келбегенин жана тынчтыкка кызмат кылбаганын” билдирди.

«Бул кош стандарт Франциянын эки жүздүүлүгүн ачыкка чыгарат»,-деген Хажызаде тынчтык келишимине кол коюу жана аймакта туруктуу ырааттуулукту камсыз кылуу үчүн «негизги маселелердин» чечилиши керектигин баса белгиледи.

Иликте
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"
Эрдоган НАТО ичиндеги коргонуу боюнча кызматташтыкка карата чектөөлөрдү жоюга чакырды
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
Сирия жана Франция он жылдан ашык убакыттан кийин дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүгө макулдашты
Германия: НАТО өлкөлөрү Украинага 140 миллиард евро жардам берүүгө убада беришет
Президент Эрдоган: "Саммиттен күчтүү чыгабыз"
Трамп менен Эрдоган жолугушуусу: АКШ Түркияга каршы санкцияларды жойот, F-35 боюнча чечим жакында
Эрдоган НАТО саммитине келген  Трампты Анкарада тосуп алды
Кремль: "Анкарадагы НАТО саммитин жакындан көзөмөлдөп жатабыз"
НАТОнун Анкара саммитинде Коргонуу өнөр жай форуму башталды
Түркия курамасы («12 алп адам») Дүйнөлүк кубок жолунда 6 беттештин баарында жеңишке жетти
Министр Фидан: "Түркия Европа коопсуздугунун борбордук актерлорунун бири"