ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Эрдоган менен Аль Тани телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү
Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган менен Катардын Эмири Шейх Тамим бин Хамед Аль Танинин ортосундагы телефондук сүйлөшүүдө тик учак кырсыгында каза болгондорго байланыштуу өз ара көңүл айтылды.
Эрдоган менен Аль Тани телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү
Сүйлөшүү учурунда Шейх Тамим Эрдоганга ыраазычылык билдирди. / AA

Түркия Президенттигинин Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Катардын Эмири Шейх Тамим бин Хамед Аль Тани телефон аркылуу сүйлөшүп, Катар-Түркия Биргелешкен Күчтөр командирлигиндеги тик учак кырсыгына байланыштуу эки тараптуу көңүл айтышты.

Билдирүүгө ылайык, эки лидер аймактагы акыркы окуяларды да талкуулашты.

Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министрлигинин маалыматына караганда, жума күнү кечинде Катардын Куралдуу Күчтөрүнө таандык тик учак Катар-Түркия Биргелешкен Күчтөр командирлигинин алкагында өткөрүлгөн машыгуу учурунда техникалык бузулуудан улам деңизге кулап түшкөн.

Кырсыкта жети адам каза болду: Катардын Куралдуу күчтөрүнүн төрт кызматкери, Түркиянын Куралдуу күчтөрүнүн бир кызматкери жана ASELSAN коргонуу компаниясынын эки кызматкери.

Сүйлөшүүдө шейх Тамим Эрдоганга "аймактагы согушту токтотуу" аракеттери үчүн ыраазычылык билдиргени кабарланды.

Ошондой эле эки өлкөнүн командаларынын "тынымсыз диалог жүргүзө берери" айтылды.

Иликте
Израиль Ливандын түштүгүндөгү бир мектепти жардыргыч заттар менен талкалады
Ирандын Революциялык Гвардиясы: "Ормуз кысыгынын батышында MQ-1 дронун атып түшүрдүк"
Ок атышпоо келишимине карабастан Израиль Газада дагы эки палестиналыкты өлтүрдү
Тышкы иштер министри Фидан 15-16-сентябрда Азербайжанга барат
Иран: "Кошуналар, айрыкча Түркия менен мамилелер жакшы деңгээлде"
Европанын 9 өлкөсү аэропорттордогу башаламандыктан улам кирүү жана чыгуу системаларын жылдырды
Орусия: "Украинанын батышындагы темир жол инфраструктурасына чабуулдарды уланттык"
Пезешкиан: Иран менен БАЭ мамилелерди чыңдоо жана кызматташтыкты кеңейтүү боюнча макулдашышты
Түркия Сауд Арабиясына жасалган дрондук чабуулдарды катуу айыптады
ТКТР АКШнын Кипрдин рум башкаруучулугуна курал эмбаргосун узартуу чечимине өкүнүчүн билдирди
БРИКС лидерлери Израилдин палестиналыктарды күч менен көчүрүү аракетин четке кагышты
Түркия АКШнын Түштүк Кипрге курал-жарак эмбаргосун алып салуу чечими тууралуу билдирүү жарыялады
Украинадагы орусиялык чабуулдардан төрт адам каза болду; болот заводу жана турак жайлар зыян тартты
Түркия менен Азербайжандын ортосунда 3 ири электр долбоору пландалууда
Россияга карата шектенүү күчөп жатканда Болгариядагы курал заводунда экинчи жардыруу болду