ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Алиев Арменияны тынчтык процессин «саботаж» кылуу менен айыптады
Армениянын премьер - министри 2028 Европа саясий коомчулугунун саммити үчүн Азербайжанга барууга ниеттенүүдө.
Алиев Арменияны тынчтык процессин «саботаж» кылуу менен айыптады
Азербайжандын президенти Ильхам Алиев 2026-жылдын 4-майында Бакудан видеобайланыш аркылуу Еревандагы Европа саясий коомчулугунун саммитине кайрылуу жасоодо. / Anadolu Agency

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Европа парламентин Азербайжан менен Армениянын ортосундагы тынчтык процесин саботаж кылуу менен айыптады.

Дүйшөмбү күнү Ереванда өткөн Европа саясий коомчулугунун (ЕСК) 8-саммитине видеоконференция аркылуу катышкан Алиев Европа парламенти акыркы беш жылда Бакуга шек келтирген 14 резолюция кабыл алганын билдирди.

Алиев: "Бул институт тынчтык процессин колдоонун ордуна, активдүү түрдө саботаж кылып жатат. 2021-жылдын май айынан 2026-жылдын 30-апрелине чейин Европа парламенти Азербайжанга каршы кемсинтүүчү билдирүүлөргө толгон 14 резолюция кабыл алды. Беш жылда 14 резолюция кабыл алынганын ойлоңуз. Ал эми акыркысы  төрт күн мурун кабыл алынды", - деди.

Алиев Азербайжан парламентинин 1-майда Европа парламенти менен бардык тармактарда кызматташууну токтотуп, Евронесттин Парламенттик Ассамблеясындагы мүчөлүгүн токтотуу процедураларын баштоо чечимин чыгарганын айтты. 

1-майда Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги Европа парламентинин Бакудагы элчиси Мариана Куюнчичти чакырып, Европа парламентинин "Армениядагы демократиялык каршылыкты колдоо" деп аталган резолюциясына байланыштуу нааразылык нотасын тапшырды.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги резолюция чындыкты бурмалап, объективдүүлүк принциптерин бузуп, мамлекеттердин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн сыйлоо боюнча милдеттенмелерди бузуп жатканын айтты.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян болсо Европа парламентинин кезектеги саммитине катышуу үчүн Азербайжанга барууну ойлоп жатканын айтты.

Пашинян Еревандагы жыйында сөз сүйлөп: "2028-жылы  Европа саясий коомчулугунун саммити үчүн  Азербайжанга баруу мүмкүнчүлүгүм болот деген  үмүттөмүн", - деди.

Пашинян Армения менен Азербайжандын келечектеги Европа Саясий коомчулугунун саммиттерин өткөрүү үчүн бири-биринин талапкерлигин  колдой турганын да айтты.

Алиевдин билдирүүлөрүнө токтолгон Пашинян Азербайжандын президентинин видеоконференция аркылуу болсо да Арменияда өткөн иш-чарага биринчи жолу катышып жатканын баса белгимледи.

Европа саясий коомчулугунун саммиттери Армения менен Түркиянын администрацияларынын ортосунда байланыш түзүүдө маанилүү роль ойногонун кошумчалады.

Пашинян: "Түркиянын президенти менен биринчи эки тараптуу жолугушуум  Прагадагы биринчи Европа саясий коомчулугунун саммитинин алкагында өттү. Эми Түркиянын вице-президенти Европа саясий коомчулугунун саммитине катышуу үчүн келди жана  Арменияга келген Түркиянын биринчи вице-президенти", - деди.

 

 

 

 

Иликте
Украина: Россияга багытталган операцияны кийинки аптада  кайра кайталайбыз
Иран:"Эч кимдин балдарыңыздарды Израиль үчүн жалданма аскер кылуусуна уруксат бербеңиздер"
Израиль гезити карызы бар америкалыктар үчүн Иранга кол салуу планын сунуштады
Россиядан АКШга билдирүү: Украина боюнча чечим согуш талаасындагы чындыкты чагылдырышы керек
Ливан кайрадан Израилдин чабуулдарына кабылып, адамдар каза болду
Непал-Кытай суу ташкынынан каза болгондордун саны 1300дөн ашты, миңдеген адамдар дайынсыз жоголду
ЕБ: "Газанын демографиялык же аймактык курамын өзгөртүү боюнча бардык аракеттерди четке кагабыз"
Иорданиянын тышкы иштер министри Ирандын өлкөсүнө кол салуулары "жооп кайтаруу эмес" деди
Орусия: "Украинадагы логистикалык борборго, кемелерге жана портторго сокку урдук"
Индиянын Уттар-Прадеш штатындагы селдерден улам 17 миң 500 адам эвакуацияланды
Nvidia компаниясы Hugging Face платформасын болжол менен 13 миллиард долларга сатып алат
Непалдагы туннелден бир жумадан ашык убакыттан кийин эки адам куткарылды
АКШ Өкүлдөр Палатасы Израилди бойкот кылган университеттерге санкция киргизүүчү мыйзам долбоорун кабыл алды
Израилдин премьер-министри Нетаньяху: "Биздин негизги милдетибиз - Иран режимин кулатуу"
Нигерияда мунай уурдоо аракет кылган 43 адам каза болду
Улуттук коргоо министрлиги: "Сирияга колдообуз улана берет"
Нидерландия АКШ менен Канададагы 86 тонна алтынын Британияга которду
Иран армиясы: "Кувейттеги жана БАЭдеги АКШнын базаларын ракеталар жана дрондор менен бутага алдык"
Израилдин ок атуусунан эки палестиналык, анын ичинде бир бала каза болду
Грецияда Батыш Нил вирусун жуктуруп алгандардын саны 290го жетти