ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Австралия ак расанын үстөмдүгүн жактаган Terrorgram тармагын террордук уюмдардын тизмесине киргизди
Ички иштер министри Тони Берк Австралияда экстремисттик жек көрүү сөздөрүнө орун жок экенин билдирди.
Австралия ак расанын үстөмдүгүн жактаган Terrorgram тармагын террордук уюмдардын тизмесине киргизди
Australia lists the white supremacist network Terrorgram as a terrorist organisation / AP

Австралия өкмөтү ак расанын үстөмдүгүн жактаган Terrorgram тармагын террордук уюмдардын тизмесине киргизди.

Ички иштер министри Тони Берк экстремисттик жек көрүүнүн мындай түрүнө Австралияда орун жок экендигин билдирди.

Бёрк X платформсынан жарыялаган билдирүүсүндө:“Бул топ айрым австралиялыктарды өз үйүндө өзүн ыңгайсыз сезүүгө түрткөн идеологияны жайылтууда. Бул экстремисттик жек көрүүчүлүк Австралияда кабыл алынбайт жана ага орун жок,” – деди.

SBS News телеканалынын маалыматы боюнча, тармактын тизмеге киргизилиши бул топтун мүчөсү же байланышы бар адамдын 25 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн дегенди билдирет.

Брек :“Бул чечим Австралия өкмөтүнө экстремисттердин ишмердүүлүгүн чектөө жана австралиялыктардын коопсуздугун камсыздоого чоң мүмкүнчүлүк берет,” – деп кошумчалады.

Быйыл Австралия өкмөтү Terrorgram уюмуна каршы санкцияларды киргизген, бул Канберранын толугу менен онлайн негизделген уюмга каршы терроризмди каржылоого каршы санкцияларды биринчи жолу колдонушу болуп саналат.

Terrorgram - бул негизинен Telegram мессенджери аркылуу иш алып барган жана нео-фашисттик, ак расанын үстөмдүгүн жактоочу жана милитанттык акселерационисттик идеологияны жайылткан онлайн тармак.

Улуу Британиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, бул топ “Батыш дүйнөсүнүн кыйрашын жана расалык согушту террордук актылар аркылуу ишке ашырууну” көздөйт.

Улуу Британия Terrorgram уюмун 2024-жылдын апрель айында террордук уюм катары тизмеге киргизген.

Terrorgram менен байланышкан эки кол салуу катталган: өткөн жылы август айында Түркиядагы мечиттин алдында 18 жаштагы жигит беш адамды бычактап, түз эфирде көрсөтүлгөн жана 2022-жылдын октябрь айында Словакиянын борбору Братиславадагы барда эки адам атып өлтүрүлгөн.

Иликте
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"
Эрдоган НАТО ичиндеги коргонуу боюнча кызматташтыкка карата чектөөлөрдү жоюга чакырды
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
Сирия жана Франция он жылдан ашык убакыттан кийин дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүгө макулдашты
Германия: НАТО өлкөлөрү Украинага 140 миллиард евро жардам берүүгө убада беришет
Президент Эрдоган: "Саммиттен күчтүү чыгабыз"
Трамп менен Эрдоган жолугушуусу: АКШ Түркияга каршы санкцияларды жойот, F-35 боюнча чечим жакында
Эрдоган НАТО саммитине келген  Трампты Анкарада тосуп алды
Кремль: "Анкарадагы НАТО саммитин жакындан көзөмөлдөп жатабыз"
НАТОнун Анкара саммитинде Коргонуу өнөр жай форуму башталды
Түркия курамасы («12 алп адам») Дүйнөлүк кубок жолунда 6 беттештин баарында жеңишке жетти
Министр Фидан: "Түркия Европа коопсуздугунун борбордук актерлорунун бири"