Министр Фидан : "Кипр түркүнүн жанында болууну улантабыз"

Тышкы иштер министри Хакан Фидан : "Ата мекен жана кепил өлкө Түркия катары ар дайым Түндүк Кипр Түрк Республикасы менен болгон бекем байланышыбызды жана Кипр түрктөрүнүн жанында болууну улантабыз", - деди.

By
Тышкы иштер министри Хакан Фидан

Министр Фидан социалдык медиа аккаунтунда жарыялаган билдирүүсүндө Кипр түрк калкы эбегейсиз чоң күрөштүн натыйжасында түптөгөн Түндүк Кипр Түрк Республикасын  42 -  жылы менен куттуктады.

Фидан Кипр маселесин аралдагы чындыктардын негизинде адилеттүү, туруктуу жана узак мөөнөттүү чечүүнүн маанилүү экенин белгилеп: "Чечим аралдагы эки мамлекеттин бирге жашоосунда",- деп билдирди.

Фидан маселени чечүүнүн ачкычы Кипр түрк элинин эгемендүү теңдик жана тең эл аралык статус сыяктуу түпкү укуктарын таануу экенин баса белгиледи.

Түркиянын ата мекен жана кепил өлкө катары Түндүк Кипр Түрк Республикасы менен болгон бекем байланыштарын улантарын белгилеген Фидан: «Ар дайым Түндүк Кипр Түрк Республикасы менен бекем байланыштарыбыз улантылат, Кипр түркүнүн жанында болууну улантабыз»,- деп Түркиянын чечкиндүү позициясын дагы бир жолу тактады.