САЯСАТ
1 мүнөт окуу
Лавров: Украина сүйлөшүүлөрүндө дагы узак жол бар
Лавров Трамптын "Украина менен Европаны өз ордуна койгонун", бирок бул кадам кырдаал боюнча "кубанычтуу көз карашка" кабылууга негиз түзбөгөнүн айтты.
Лавров: Украина сүйлөшүүлөрүндө дагы узак жол бар
Лавров: "Дагы узак жол бар", - деди. / Reuters

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров шейшемби күнү Украинада тынчтык орнотууга карата сүйлөшүүлөрдө дагы көп жол бар экенин айтып, АКШнын президенти Дональд Трамптын Европага жана Украинага кысым көрсөтүүсүнө шыктануу үчүн эч кандай себеп жок экенин кошумчалады.

Орусиянын РИА маалымат агенттигинин кабарына караганда, Лавров: "Дагы узак жол бар", - деди.

Лавров Трамп Украинаны жана Европаны өз ордуна койгонун жактады, бирок мындай кадам кырдаалды "кубануу менен баалоого” негиз түзбөгөнүн баса белгиледи.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Грушко "Известия" гезитине берген билдирүүсүндө, кандайдыр бир келишим Украинанын НАТОго мүчөлүгүн жокко чыгарып, Украинага чет элдик аскерлерди жайгаштырууга тыюу салышы керектигин айтты.

Азырынча келишим жок

АКШ Украинадагы согушту токтотуу боюнча ар кандай пландардын долбоорлору боюнча Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөрдө ортомчулук кылып келет. Бирок Трамптын келишимди жыйынтыктоого байланыштуу бир нече жолу убада бергенине карабастан азырынча эч кандай келишимге жетишиле элек.

Талкуудагы темалар Экинчи Дүйнөлүк согуштан берки Европадагы эң кандуу согушту кантип токтотуу керектиги, Украинанын келечеги, Европа күчтөрүнүн канчалык деңгээлде четтетиле тургандыгы жана АКШнын ортомчулугу менен түзүлгөн тынчтык келишими туруктуу болобу деген маселелерди камтыйт.

Орусия Украинанын чыгышында сегиз жылга созулган кагылышуудан кийин 2022-жылдын февраль айында Украинага каршы согушту баштап; бул Москва менен Батыштын ортосунда эң чоң тирешүүгө алып келди.

Иликте
Иран парламентинин спикери Калибаф Израиль ислам өлкөлөрүнүн негизги душманы экенин айтты
Президент Эрдоган Аясофия тууралуу пост жарыялады
Израиль армиясы Газадагы бир нече үйгө абадан сокку урду
Түркия израилдик министрдин Акса мечитинде жүргүзгөн рейдине каршылык көрсөттү
Украина лидери: "Россиянын Павлоград шаарына жасаган чабуулунда 3 адам каза болду"
Султандар жарым финалда
Россия менен АКШнын тышкы иштер министрлери Украина кризиси тууралуу сүйлөштү
Израиль Газадагы ок атышуу эрежесин бузуп, төрт палестиналыкты өлтүрдү
Түркиянын "AKYA" торпедосу чыныгы ок - дары менен атуу сыноосунда бутадагы кемени жок кылды
Кыргызстан менен Беларус соода көлөмүн 500 миллион долларга чейин көбөйтүүнү максат кылууда
Пакистан менен Иран терроризмге жана баңги затка каршы күрөшүүдө кызматташуусун күчөтөт
Иран: "АКШ менен маалымат алмашуу жана ортомчулук аракеттери уланууда"
Россиянын түштүгүндөгү Wildberries логистикалык борборлоруна дрон менен чабуул жасалды
Түрк аскерлеринин Сомалидеги миссиясынын мөөнөтү 2 жылга узартылды
АСЕАН Түркияга диалог өнөктөшү статусун берди