САЯСАТ
2 мүнөт окуу
Украина Орусиядагы аскердик өнөр жай объектилерине түн ичинде УУАлар менен сокку урду
Орусия абадан коргонуу системалары бир түндө 121 украин учкучсуз учуучу аппараттарын (УУА) атып түшүргөнүн, анын сегизи Саратов асманында жок кылынганын жарыялады, бирок канча учкучсуз учуучу аппарат бутага жеткенин тактаган жок.
Украина Орусиядагы аскердик өнөр жай объектилерине түн ичинде УУАлар менен сокку урду
Эки тарап тең согушта бири-биринин аймагына жасалган соккуларда жарандык калкты бутага алган жокпуз деп четке кагышууда. / AA

Украинанын учкучсуз учуучу аппараттарынын чабуулунан улам Орусиянын Саратов облусунда бир адам каза болуп, бир нече батир жана өнөр жай объектиси зыянга учураганын жекшемби күнү губернатор билдирди.

Роман Бусаргин Telegram социалдык тармагында түнкү чабуулдан кийин талкаланган учкучсуз учуучу аппараттын калдыктары үч батирди жабыркатканын жана тургундар эвакуацияланганын жазды.

Бусаргин: “Бир нече тургун медициналык жардамга муктаж болду. “Жардам жеринде көрсөтүлдү, бир адам ооруканага жаткырылды. Тилекке каршы, бир адам каза болду.”– деди.

Бусаргин жабыркаган өнөр жай объектисинин түрүн тактаган жок.

Социалдык тармактарда жайгаштырылган видеолордо өнөр жай зонасына окшош аймактан коюу кара түтүн көтөрүлүп жатканын көрүүгө болот. Reuters агенттиги видеолордун бириндеги жайгашкан жерди аймактын файлдык жана спутниктик сүрөттөрү менен салыштырып текшерди. Бирок видеонун качан тартылганын тактоо мүмкүн болгон жок.

Украиналык маалымат каражаттары, анын ичинде RBK-Украина басылмасы, Саратов шаарынын мунай иштетүүчү заводу учкучсуз учуучу аппараттардын чабуулунан кийин өрттөнгөнүн кабарлашты. Бул шаар облусунун административдик борбору болуп саналат.

Саратовдогу учуулар токтотулду

Саратов шаарындагы Роснефтьке таандык мунай иштетүүчү завод быйыл коопсуздук себептеринен улам украиналык учкучсуз учуучу аппараттарынын чабуулдарынан кийин ишин токтотууга аргасыз болгонун өнөр жай булактары Reuters агенттигине билдиришти.

Орусиянын коопсуздук кызматтары жана укук коргоо органдарынан маалыматтарды көп жарыялаган SHOT Telegram каналы Саратов жана Волга дарыясы менен бөлүнгөн Энгельс шаарларында сегизге жакын жарылуу угулганын кабарлады.

Орусиянын жарандык авиация башкармалыгы Росавиация Telegram аркылуу жекшемби күнү эртең менен эрте Саратовдогу учуулар эки саатка токтотулганын, бул аба коопсуздугун камсыздоо үчүн жасалганын билдирди.

Эки тарап тең 2022-жылдын февраль айында Орусия Украинада аскердик кампаниясын баштагандан бери бири-биринин аймагындагы чабуулдарда жай тургундарды бутага алууну четке кагышат.

Киев өзүнүн Орусиянын ичинде жасаган чабуулдары Москва үчүн согуш аракеттеринде маанилүү болгон инфраструктураларды, анын ичинде энергетика жана аскердик объектилерди жок кылууга багытталганын жана бул Орусиянын улантып жаткан чабуулдарына жооп экенин билдирет.

Иликте
Эрдоган: «Түркияны дүйнөдөгү эң кеңири аба каттамдары тармагына ээ өлкөлөрдүн бирине айландырдык"
Израиль күчтөрү Сириянын түштүгүндө рейд жүргүздү
Түндүк Кореянын Орусиядагы заводдорго миңдеген жумушчуларды жөнөткөнү айтылууда
Конго Демократиялык Республикасында эболадан каза болгондордун саны 3577ге жетти
Пакистанда мечитке жакын жерде жардыруу болду: 15 киши каза болуп, 50дөн ашык киши жаракат алды
Скандинавия аба жолдору Израилге каттамдарды кайрадан жандандыруу планын жокко чыгарды
Филиппин: Мектепте болгон атышуудан эки окуучу каза болду
Бразилиянын лидери Трампты президенттик шайлоого кийлигишпөө жөнүндө эскертерин айтты
Африкада жаңы океан пайда болот
Орусия: Украинадагы согуштун көлөкөсүндө парламенттик шайлоо өткөрүлүүдө
Газада Израиль тарабынан талкаланган конуштан дагы 12 сөөк табылды
Кофенин жыты маанайды жана мээ толкундарын өзгөртө алары аныкталды
Трамп Польшада АКШнын базасын түзүү боюнча маанилүү ийгиликтерге жетишилгенин жарыялады
Словакиянын премьер-министри Фицо "Европа боюнча аскердик кагылышуу" тууралуу эскертти
Йемен армиясы: "Таиздин батышындагы кагылышууларда 30 хусит өлтүрүлдү"