ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Кремль "жакынкы күндөрдө" Трамп менен Путиндин жолугушуусунун пландалып жатканын билдирди
АКШнын элчиси Стив Виткофф Москвада орус жетекчилиги менен жолугушкандан бир күндөн кийин билдирилди.
Кремль "жакынкы күндөрдө" Трамп менен Путиндин жолугушуусунун пландалып жатканын билдирди
/ Reuters

Кремль АКШ президенти Дональд Трамп менен Россиянын президенти Владимир Путиндин келерки жумада саммит өткөрүшү мүмкүн экенин билдирди.

Бул сүйлөшүү Жо Байден менен Путиндин 2021-жылдын июнь айында Женевада өткөргөн жолугушуусунан бери АКШ менен Россиянын кызматтагы лидерлеринин ортосундагы биринчи саммит болот.

Кремлдин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Юрий Ушаков орус мамлекеттик маалымат агенттиктерине: «Америка тараптын сунушу менен жакынкы күндөрү эки тараптуу саммит өткөрүү боюнча принципиалдуу макулдашууга жетишилди», — деди.

Ушаков: «Учурда америкалык кесиптештерибиз менен саммиттин чоо-жайын тактап жатабыз. Келерки апта максаттуу дата катары белгиленди», — деди.

Ушаков жолугушуунун кайсы жерде өтөөрү боюнча «принципиалдуу макулдашууга жетишилгенин» гана айтып, өтө турган жер боюнча кенен маалымат берген жок.

Бул тууралуу маалымат АКШнын өкүлү Стив Виткоффдун Москвада Путин менен жолуккандан бир күн өткөндөн кийин берилди.

Ушаков Виткоффтун Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин катышуусунда үч тараптуу жолугушууну сунуштаганын, бирок Россиянын бул сунушка эч кандай жооп бербегенин айттып :"Орус тарап бул вариантты толугу менен жоопсуз калтырды", - деп билдирди.

Иликте
Түрк аба күчтөрү Кипр аралынын түштүгүндө машыгуу учууларын өткөрдү
Израилдин Газадагы чабуулдарынан 9 адам жаракат алды
Орусия: "Украинадагы логистикалык борборлорго, портторго жана кемелерге сокку урдук"
Алгачкы жыйынтыктар боюнча парламенттик шайлоодо "Бирдиктүү Орусия" партиясы артыкчылыкка ээ болду
Халепте аскердик аянтта болгон жарылуулардан 4 адам жаракат алды
Ирандын Революциялык гвардия корпусу: "Ормуз кысыгында MQ-1 үлгүсүндөгү дрон атып түшүрүлдү"
Президент Эрдоган Нью-Йорктогу Түрк үйүнө барганында аны күтүп турган адамдар менен учурашты
АКШ Жакынкы Чыгыш үчүн коопсуздук эскертүүсүн жарыялады
Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан төрт палестиналык каза болду
Президент Эрдоган БУУнун 81-Башкы Ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн АКШга барат
АКШнын аскерлери Кариб деңизинде баңгизат аткезчилиги менен алектенген деп шектелген кемени атты
Израиль оккупацияланган Батыш Шериадагы айылга баруучу акыркы жолду жаап, 47 үй-бүлөнү обочолонтту
Президенттик кубоктогу чоң беттеш ТРТ 1 каналынан көрсөтүлөт
Президент Эрдогандын Ардагерлер күнүнө карата куттуктоосу
АКШ Украинага 2,68 миллиард долларга абадан коргонуу жабдууларын сатууну бекитти