Аргентина, Коста-Рика жана Ооганстанда акыркы 24 сааттын ичинде үч ири жер титирөө катталды
Түштүк Америка, Борбордук Америка жана Түштүк Азияда күчү 5 баллдан ашкан үч жер титирөө болду.
24 сааттын ичинде дүйнөнүн ар кайсы аймактарында күчү 5 баллдан ашкан үч жер титирөө катталды. Бул жер титирөөлөр Түштүк Америка, Борбордук Америка жана Түштүк Азия аймактарын силкиди.
Германиянын Геологиялык изилдөө борбору (GFZ) шаршемби күнү Аргентинанын Ла Риоха провинциясында 122 километр тереңдикте күчү 5,7 баллга жеткен жер титирөө болгонун билдирди.
Европа-Жер Ортолук деңиз сейсмология борборунун (EMSC) маалыматына ылайык, шейшемби күнү Коста-Рикада күчү 6 баллга жеткен жер титирөө 31 чакырым тереңдикте катталды.
Ушул эле күнү Ооганстандын Гиндукуш аймагында күчү 5,1 баллга жеткен жер титирөө 244 километр тереңдикте болуп, борбор Кабулда катуу сезилди.