ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Хизбулла АКШ-Иран кагылышуусуна аралаша турган болсо"Израиль Ливанга 'катуу' сокку урат"
Хизбулланын жаңы лидери өткөн айда топтун Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы тирешүүдө «бейтарап эмес» экенин билдирди.
Хизбулла АКШ-Иран кагылышуусуна аралаша турган болсо"Израиль Ливанга 'катуу' сокку урат"
Израиль 2024-жылы Хизбуллага катуу соккуларды урду. / AP

Ливандын жогорку кызматтагы эки өкүлүнүн айтымында, Израиль Хизбулла АКШ–Иран согушуна аралаша турган болсо Ливанга катуу сокку урарын жана аэропорттор сыяктуу объектилердин бутага алынышы мүмкүн экенин кыйыр түрдө билдирген.

Ливандын тышкы иштер министри Юсуф Рагги шейшемби күнү Иран менен чыңалуу күчөй турган болсо Израиль Ливандын инфраструктурасына сокку урушу мүмкүн экенине байланыштуу кооптонуусун билдирди. Женевада журналисттерген берген маегинде буларды айтты: «Кырдаал курчуп кетсе, израилдиктер абдан катуу сокку урушу мүмкүн деген белгилер бар; бул стратегиялык инфраструктураны, анын ичинде аэропортту да камтышы ыктымал. Учурда биз жооп кайтаруу иретинде болсо да, Ливандын жарандык инфраструктурасы бутага алынбашы үчүн дипломатиялык аракеттерди көрүп жатабыз».

Рагги өлкө жетекчилигинин бул маселе боюнча позициясы абдан так экенин баса белгилеп, «бул согуштун өздөрүнө тиешеси жоктугун» айтты.

Вашингтон дүйшөмбү күнү ыктымалдуу кагылышууларды эске алып, Бейруттагы элчилигинен өзгөчө кырдаалдардан тышкары кызматкерлерин чыгарып кетүүгө буйрук берди.

Тараптардын ортосунда аскердик кагылышуу коркунучунун күчөшүнө байланыштуу, Омандын тышкы иштер министри Бадр Аль Бусаиди жекшемби күнү Иран менен АКШнын бейшемби күнү Женевада өзөктүк сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасын өткөрөрүн билдирди.

Хизбулланын жаңы лидери Наим Кассем өткөн айда телеканал аркылуу сүйлөгөн сөзүндө, топтун Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы тиреште "тарапсыз" эместигин жана "ыктымалдуу кол салуунун бутасы экенин" белгилеп: "Биз өзүбүздү коргоого чечкиндүүбүз. Кийлигишебизби же жокпу, ылайыктуу учурда чечим чыгарабыз", - деди.

Израиль 2024-жылдын ноябрында жарыяланган ок атышууну токтотууга карабастан, Ливанда кол салууларын улантууда.

Бир жылдык ок атышпоо мезгилинде Ливан жана БУУнун булактары Израилдин бул келишимди 10 000ден ашуун жолу бузганын кабарлашты. Аба мейкиндигин 7 500дөн ашык жолу жана кургактагы чек араны 2 500дөн ашык жолу бузуу учурлары катталган.

Иликте
Ак үй "Trump TV" каналын ишке киргизди
160тан ашык спортчу Ирландия-Израиль беттешин бойкоттоо чакырыгына кол коюшту
Японияда Дужуан тайфунунан төрт адам каза болду
Министр Курум Нью-Йоркто COP31ди таанытты
Дезинформация менен күрөшүү борбору ТИМге таандык «Уганда» тууралуу маалыматты четке какты
Министр Фидан Түркия-Египет-Пакистан-Сауд Арабиясынын тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты
АКШнын президенти Трамп Нью-Йоркто Франциянын президенти Макрон менен жолугушту
Түрк аба күчтөрү Кипр аралынын түштүгүндө машыгуу учууларын өткөрдү
Израилдин Газадагы чабуулдарынан 9 адам жаракат алды
Орусия: "Украинадагы логистикалык борборлорго, портторго жана кемелерге сокку урдук"
Алгачкы жыйынтыктар боюнча парламенттик шайлоодо "Бирдиктүү Орусия" партиясы артыкчылыкка ээ болду
Халепте аскердик аянтта болгон жарылуулардан 4 адам жаракат алды
Ирандын Революциялык гвардия корпусу: "Ормуз кысыгында MQ-1 үлгүсүндөгү дрон атып түшүрүлдү"
Президент Эрдоган Нью-Йорктогу Түрк үйүнө барганында аны күтүп турган адамдар менен учурашты
Сауд Арабиясы хуситтердин Риядга атылган баллистикалык ракетасы жок кылынганын жарыялады