ТҮРКИЯ
3 мүнөт окуу
Эрдоган: Папанын Түркияга сапары жалпы негизди бекемдөөдө маанилүү кадам
Рим папасы Лео XIV чет өлкөгө алгачкы сапарынын алкагында жекшембиге чейин Түркияда болуп, Стамбул жана Изник сыяктуу бир нече шаарларды кыдырат.
Эрдоган: Папанын Түркияга сапары жалпы негизди бекемдөөдө маанилүү кадам
Түркиянын президенти Эрдоган Рим папасы Лео XIVнү Анкарада расмий азем менен тосуп алды. / AA

Түркия Республикасынын президенти Режеп Таййип Эрдоган Рим папасы Лео XIVнүн Түркияга сапарын "жалпы негизди бекемдеген абдан маанилүү кадам" деп мүнөздөдү.

Ватикандын башчысы жана католик дүйнөсүнүн руханий лидери Рим папасы Лео XIV чет өлкөгө алгачкы сапарынын алкагында бейшемби күнү Түркиянын борбору Анкарага келди. Рим папасынын сапары Түркия менен Ливанды камтууда.

Рим папасы Түркия Республикасынын президентинин чакыруусу менен расмий сапарынын алкагында жекшембиге чейин Түркияда болот. Анкарадан тышкары алгачкы христиан тарыхында Никея деп аталган Изник жана Стамбулга да барат.

Президенттик комплексте өткөн биргелешкен билдирүүдө Эрдоган Рим папасынын сапары аймактык жана глобалдык чыңалуулардын курч мезгилине туш келгенин айтты.

Эрдоган: «Түркиянын (Рим папасы Лео XIV менен бирге) билдирүүлөрү түрк-ислам жана христиан дүйнөсүнө жетип, дүйнө жүзү боюнча тынчтык үмүттөрүн бекемдей турганына ишенем», - деди.

«Чыдамсыздык чыр-чатакты жаратат»

Бөлүүчүлүк жана тынчтыкта ​​​​жанаша жашоо тууралуу кеңири талкууларга токтолгон Эрдоган: «Чыдамсыздык чыр-чатакты, ал эми чыр-чатак бөлүнүүнү, жек көрүүнү жана зордук-зомбулукту жаратат. Батышта күчөп бараткан исламофобия жана ксенофобия бул жаман айлампанын көрүнүшү», — деди.

Президент Түркиянын өз айланасындагы кагылышуу, кризис жана зулумдарга каршы жоопкерчиликти алганын. Жеңил жолду эмес, татаал жолду тандап тынчтык жана адилеттүүлүк үчүн күрөшүп жатканын айтты.

Эрдоган ошондой эле Рим Папасынын тынчтыкка жана диалогго чакырыктары Орусия-Украина согушундагы дипломатиялык процесстин ийгилиги үчүн да абдан маанилүү экенин билдирди. Түркиянын жаңжалды токтотуу боюнча акыркы демилгелерди кылдаттык менен байкап, зарыл болгон колдоо жана жардам көрсөтүү үчүн иштеп жатканын кошумчалады.

Газадагы геноцид

Газада уланып жаткан геноцидге байланыштуу Эрдоган: "Адамзат үй-бүлөсү катары Палестина элине болгон эң чоң карызыбыз - адилеттүүлүк. Бул карызды төлөөнүн жолу - 1967-жылдагы чек араларга негизделген эки мамлекеттүү чечимди ишке ашыруу", - деди.

Эрдоган: «Чыгыш Кудстун тарыхый өзүгүнө зыян келтире турган ар кандай агрессивдүү аракеттерге каршы биргелешип күрөшүүнү улантарыбызга ишенем» деп кошумчалады.

Израиль армиясы Газада жарандык аймактарды, анын ичинде чиркөөлөрдү жана мечиттерди бутага алып жатканына токтолуп, зыян көргөн ибадатканалардын бири католик чиркөөсү тарабынан башкарылган Газадагы Ыйык Үй-бүлө чиркөөсү экенин билдирди.

«Туруктуулуктун булагы»

Ошол эле учурда Рим Папасы Түркиянын Жер Ортолук деңиз аймагынын жана кеңири дүйнөнүн азыркы жана келечектеги жашоосунда маанилүү орунду ээлей турганын билдирип, өлкөнү ички ар түрдүүлүгүнө маани бергенин жогору баалады.

Анкараны чыр-чатактарга толгон дүйнөдө ортомчу катары ролун кабыл алууга чакырган Рим Папасы: "Урматтуу президент, Түркия элдердин ортосундагы туруктуулук жана жакындашуу булагы болуп, адилеттүү жана узак мөөнөттүү тынчтыкка кызмат кылсын", - деди.

Түркиянын Газа, Украина жана башка аймактардагы чыр-чатактарды токтотуу аракеттериндеги ролуна токтолгон Рим Папасы Лео: "Бүгүнкү күндө бизге чечкиндүү эрк жана чыдамкайлык менен диалогду илгерилетип жана ишке ашыра турган адамдар мурдагыдан да көбүрөөк керек", - деди.

Рим Папасы Лео ошондой эле глобалдык кагылышуулар ​​үчүнчү дүйнөлүк согушка жол ачышы мүмкүн экенин эскертип, "Адамзаттын келечеги коркунучта жана биз ага таптакыр багынбашыбыз керек" деди.

Иликте
Израиль Ливандын түштүгүндөгү бир мектепти жардыргыч заттар менен талкалады
Ирандын Революциялык Гвардиясы: "Ормуз кысыгынын батышында MQ-1 дронун атып түшүрдүк"
Ок атышпоо келишимине карабастан Израиль Газада дагы эки палестиналыкты өлтүрдү
Тышкы иштер министри Фидан 15-16-сентябрда Азербайжанга барат
Иран: "Кошуналар, айрыкча Түркия менен мамилелер жакшы деңгээлде"
Европанын 9 өлкөсү аэропорттордогу башаламандыктан улам кирүү жана чыгуу системаларын жылдырды
Орусия: "Украинанын батышындагы темир жол инфраструктурасына чабуулдарды уланттык"
Пезешкиан: Иран менен БАЭ мамилелерди чыңдоо жана кызматташтыкты кеңейтүү боюнча макулдашышты
Түркия Сауд Арабиясына жасалган дрондук чабуулдарды катуу айыптады
ТКТР АКШнын Кипрдин рум башкаруучулугуна курал эмбаргосун узартуу чечимине өкүнүчүн билдирди
БРИКС лидерлери Израилдин палестиналыктарды күч менен көчүрүү аракетин четке кагышты
Түркия АКШнын Түштүк Кипрге курал-жарак эмбаргосун алып салуу чечими тууралуу билдирүү жарыялады
Украинадагы орусиялык чабуулдардан төрт адам каза болду; болот заводу жана турак жайлар зыян тартты
Түркия менен Азербайжандын ортосунда 3 ири электр долбоору пландалууда
Россияга карата шектенүү күчөп жатканда Болгариядагы курал заводунда экинчи жардыруу болду